Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 АТА-ЭНЕҢ ДИНДИ ЖАМАН КӨРСӨ ДА КАТТАШКЫНЫҢ
Асма бинт Абу Бакр, радыяллаху анхума, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, убагында апам мени көргөнү келди. Ал мушриктерден эле. Ошондо Аллахтын Элчисине: «Апам мени менен катташканды каалап келиптир. Апам менен катташайынбы?» – деп кайрылдым. Ал: «Ооба, апаң менен катташ» – деп айтты.
Имам Бухари жана Муслим риваят кылган хадисте Асма, радыяллаху анха, айтат: «Жакында эле апам мени менен катташкысы келип, мага келди. Ошол убакта ал Ислам динин жаман көргөн мушриктерден эле. Ошондо мен Аллахтын Элчисине: «Оо, Аллахтын Элчиси! Апам мага келиптир. Ал болсо Исламды жаман көргөн мушриктерден. Апам менен катташсам болобу?» – деп сурадым. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ооба, сен апаң менен катташ» – деп буйруду.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

🔴 ЖУМА НАМАЗЫНЫН ПАЗИЛЕТИ
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Кимде-ким дааратын толук алып кийин жумага келип, сүйлөбөстөн (хутба) укса, анда анын мурунку жумадан бул жумага чейинки жана андан сырткары үч күндүк күнөөсү кечирилет. Ал эми кимде-ким (хутба айтылып жатканда) майда таштарды кармаласа, анда ал жаман иш кылган болот”. (Сахих Муслим)
“Ал эми кимде-ким (хутба айтылып жатканда) майда таштарды кармаласа, анда ал жаман иш кылган болот” – деген сөзүнүн мааниси — илгери Пайгамбарыбыздын убагында мечиттерде биздин учурдагыдай килемдер төшөлгөн эмес. Намазды кумдун үстүндө окушкан. Ошондуктан бул сөздү Пайгамбарыбыз хутба учурунда адамдарды башка нерселер менен алектенүүдөн тыйып айткан.

🔴 АЧУУНУ БАСУУНУН ТӨРТ ЖОЛУ
1. ДААРАТ АЛУУ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, ачуулануу – бул шайтандан. А шайтан болсо оттон жаралган. Ал эми от суу менен өчөт. Эгер силерден бирөөңөрдүн ачуусу келсе, анда даарат алсын». (Абу Дауд, 4784)
2. УНЧУКПОО
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Эгерде силердин бирөөңөрдүн ачуусу келсе, анда унчукпасын». (Ахмад, 2556)
3. АЛЛАХТАН КОРГОО СУРОО
Аллах таала айтты:
«Эгер сага шайтандын азгырыгы жетсе, анда Аллахтан коргоо сурагын. Чындыгында, Ал — Угуучу жана Билүүчү». (Аъраф сүрөсү, 200-аят)
Сенин ачууң келген убакта шайтан сөзсүз жаман иш жасатканга аракет кылат. Андыктан ачууң келген кезде сөзсүз Аллах тааладан коргоо сурагын.
Сулайман ибну Сурад, радыяллаху анху, риваят кылды:
«Мен Пайгамбар менен чогу отурган кезде эки адам бири-бири менен айтыша кетти. Алардын бирөөсүнүн (ачуусу келип) жүзү кызарып, тамырлары шишип көөп чыкты. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, мен бир сөздү билем. Эгерде аны айтса, анда анын (ачуусу) басылат. Эгерде ал: «Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм" - деп айтса, анын ачуусу басылмак». (Бухари, 3282)
4. ОТУРУУ ЖЕ ЖАТУУ

«Эгерде силердин бирөөңөрдүн турган абалда ачуусу келсе, анда отурсун. А эгер (отурса да) ачуусу таркабаса, анда жатсын». (Абу Дауд, 4782)
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 АДАМДАР КӨРБӨСӨ ДА АЛЛАХ КӨРҮП ТУРАТ
Момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анхунун, заманында кээ бир сүт саткан соодагерлер сүткө суу аралаштырып сатышкан. Мусулмандар соодагерлердин бул кылыгын амирге айтып даттанышат. Ошондо момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, өзүнүн жардамчыларын соодагерлерге жиберип, аларды аманаткөйлүккө чакырууну буйруйт. Анын жардамчылары базарга киришип: «Оо, сүт саткан соодагерлер! Сүткө сууну аралаштырып сатып адамдарды алдабагыла! Эгерде ким бул кылыгын токтотпосо, анда момундардын амири аны катуу жазага тартат» – деп айтып кетишет.
Амирдин жардамчылары элге эскерткенден кийин бир түнү момундардын амири Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мусулмандардын абалын билүү үчүн жардамчысы Аслам менен бирге шаарды кыдырып чыгат. Экөө шаарды кыдырып жүрүп, бир дубалдын жанына келишип, ошол жерде эс алып отуруп калышат. Алар дубалдын жанында отурушкан кезде, бир аял кызы менен сүйлөшүп жатканын угуп калышат.
Апасы кызына: «Алдыңда турган сүткө суу кошуп койчу» — десе, анда кызы: «Апаке, момундардын амири чыгарган буйрукту уга элексизби?» — дейт.
Апасы: «Амир эмне деп буйрук чыгарды эле?».
Кызы: «Момундардын амири өзүнүн жардамчыларын жиберген. Алар сүткө суу кошуп сатып адамдарды алдабагыла деп буйруп кетишти» — деп айтат.
Анда апасы кызына: «Умар да, анын жардамчысы да көрбөгөн жерге барып сүткө суу кош» — деп буйруйт.
Кызы: «Эгерде Умар бизди көрбөсө да, анын Раббиси бизди көрүп турат. Аллахка ант болсун! Мен Аллахтын буйруктарына эл алдында моюн сунуп, ал эми жалгыз калганда ага каршы чыга албайм» — деп, чечкиндүү жооп берет.
Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, кыздын сөздөрүн укканда, ал кыздын такыбалыгына абдан таң калат. Кетип жатып жардамчысына: «Эй, Аслам! Бул эшикке белги коюп кой жана бул жерди эстеп кал» — деп айтып кетет.
Эртеси эртең менен Умар ибну аль-Хаттаб, радыяллаху анху, жардамчысына: «Эй, Аслам! Кечээги жерге бар да, сүйлөшүп жаткан аял менен кыз ким экенин сураштырып, алардын күйөөлөрү барбы же жокпу тактап кел» — деп буйруйт.
Аслам баягы жерге барып сураштырып, алар жашы улгайып калган аял жана анын кызы Умму Аммара экенин, ошондой эле ал экөөсүнүн тең күйөөлөрү жок экенин билет. Алар ким экенин билгенден кийин Аслам Умар, радыяллаху анхуга, кайра барып кабарды айтып берет.
Ошондо Умар, радыяллаху анху, өзүнүн балдарын чакырып: «Кимиңерге үйлөнгөнгө кыз керек? Эгерде атаңар аялга муктаж болгондо, ал кызды силердин эч кимиңерге бербей өзү үйлөнүп алмак» — деп айтат.
Ошондо балдарынын бири Абдуллах: «Менин аялым бар» — деп айтат.
Экинчи баласы Абдурахман: «Менин да аялым бар» — дейт.
Үчүнчү баласы Аасым: «Атаке! Менин аялым жок. Ал кызды мага алып бериңиз» — деп айтат.
Умар, радыяллаху анху, ал кызга куда түшүп, баласы Аасымга алып берет. Кийин Аасым менен Умму Аммара кыздуу болушат. Ошол кыз белгилүү аалым жана тарыхта бешинчи халиф болуп эсептелип калган Умар ибну Абдулазизди төрөйт.
Ал кыздын аты – Умму Аммара бинту Суфиян ибну Абдуллах ас-Сакафи. Бул кыз тарыхта Аллахка такыбалык кылууда адамдарга үлгү болуп эскерилип калды.
═══════════════
⫸⫸⫸ ТИΛΜΞЧ ⫷⫷⫷
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

🔴 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АЛТЫ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
1. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамдын таманынын астынан асманды көздөй жаркыраган нур чыгып, кыямат күнү ага нур болот. (Сахих ат-Таргыиб)
2. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам менен Каабанын ортосунда нур пайда болот. (Дарими)
3. Жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адам үчүн эки жуманын ортосунда нур болот. (Хаким)
4. Кахф сүрөөсүнүн баштапкы он аятын жаттаган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот. (Сахих Муслим)
5. Кахф сүрөөсүнүн акыркы он аятын окуган адам Дажжалдын азгырыгынан коргоодо болот жана ал ага зыян келтире албайт. (Ибну Хиббан)
6. Кахф сүрөөсүн окуган адамга бейпилдик, тынчтык түшөт. (Сахих Бухари)
📲 КАХФ СҮРӨӨСҮНҮН АРАБЧАСЫН, ТРАНСКРИПЦИЯСЫН ЖАНА АУДИОСУН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕ АРКЫЛУУ КӨЧҮРҮҢҮЗ:
Аудиосу:
➤ https://t.me/tilmech/221
Арабчасы жана транскрипциясы:
➤ https://t.me/tilmech/222

Telegram
ТИЛМЕЧ
▇ КАХФ СҮРӨӨСҮ ▇
▇ КАХФ СҮРӨӨСҮ ▇
▇ КАХФ СҮРӨӨСҮ ▇
⠀
Мишари Рашид аль-Афаси
⠀
0:00 ───────●─── 33:12
⇆ㅤ ◁ㅤ ❚❚ㅤ ▷ㅤ ↻
▇ КАХФ СҮРӨӨСҮ ▇
▇ КАХФ СҮРӨӨСҮ ▇
⠀
Мишари Рашид аль-Афаси
⠀
0:00 ───────●─── 33:12
⇆ㅤ ◁ㅤ ❚❚ㅤ ▷ㅤ ↻
🔴 УШУЛ ТӨРТ НЕРСЕНИ КОРГОП ӨЛГӨН АДАМ ШЕЙИТ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ким мал-мүлкүн коргоп жатып өлтүрүлсө, ал — шейит. Ким динин коргоп жатып өлтүрүлсө, ал — шейит. Ким өз жанын (канын) коргоп жатып өлтүрүлсө, ал — шейит. Ал эми ким үй-бүлөсүн коргоп жатып өлтүрүлсө, ал дагы — шейит». (Тирмизи, 1421)
📌 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
1. Мал-мүлктү коргоо
Адам өзүнүн адал эмгеги менен тапкан мүлкүн уурулардан, каракчылардан же тартып алуучулардан коргоого укуктуу. Эгерде ал өз мүлкүн коргоп жатып каза болсо, ал коомдук адилеттүүлүктү жана өз акысын коргогондугу үчүн «шейит» даражасына жетет. Бул — Исламдын жеке менчикти ыйык тутарынын далили.
2. Динди коргоо
Адамдын дини жана ишеними — анын эң кымбат байлыгы. Эгер кимдир бирөө адамды дининен баш тартууга мажбурласа же дини үчүн куугунтуктаса, ал өз ишенимин коргоп жатып каза болсо, бул эң жогорку даражадагы шейиттик болуп саналат.
3. Өмүрдү коргоо
Ар бир адамдын жашоого болгон укугу кол тийгис. Эгерде кимдир бирөө сизге кол салып, өлтүрмөкчү болсо, сиз өзүңүздү коргоого милдеттүүсүз. Өз өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатып каза болгон адам — адилетсиздиктин курмандыгы жана шейит.
4. Үй-бүлөнү коргоо
Бул жерде үй-бүлөнүн амандыгы жана ар-намысы тууралуу сөз болуп жатат. Аялын, балдарын, ата-энесин же жакын туугандарын коргоо — ар бир эркектин милдети. Үй-бүлөсүнө карата жасалган зордук-зомбулукка каршы туруп каза болгондор да шейиттердин катарына кирет.