ТИЛМЕЧ
10.9K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.74K links
Download Telegram
🔴 КАДЫРЛУУ БОЛОМ ДЕСЕҢ КУРАНГА АМАЛ КЫЛ

Умар ибн аль-Хаттаб айтты: «Пайгамбарыңар мындай деп айтты:
«Чындыгында, Аллах бул Китеп аркылуу кээ бир адамдардын (кадырын) көтөрүп, кээ бирлеринин кадырын түшүрөт». (Сахих Муслим)

Бул хадистеги «кээ бир адамдардын кадырын көтөрөт» дегендин мааниси – Куран китебин дайым окуп, андагы айтылгандарды аткаргандардын кадыр-баркын көтөрөт дегенди туюнтат. Ал эми «кадырын түшүрөт» дегендин мааниси – Курандан жүз бурган жана андагы айтылгандарды четке каккан адамдарды эки дүйнөдө кордукка туш кылат дегенди билдирет.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Имам ан-Навави айтты:

«Ушак деген бул – адамдын денесине, динине, жашоосуна, жеке өзүнө, дене-боюна, мүнөзүнө, мал-мүлкүнө, ата-энесине, бала-чакасына, аялына, кызматчыларына, кийимине, кыймыл-аракетине, түнт же жайдары мүнөзүнө жана башка ага тийиштүү ал жаман көргөн нерсеси тууралуу сөз кылуу. Гыйбат – сөз, белги же ишарат менен болот». (“аль-Азкар”)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 ЫРЫСКЫ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

Аллах Таала адам баласы энесинин курсагында түйүлдүк кезинде эле анын ырыскысын алдын ала жазып жана белгилеп койгон. Ошондуктан ким болбосун, өз ырыскысына толук жетмейинче бул жашоодон өтпөйт. Ырыскы тууралуу пайгамбарыбыздан ﷺ көп хадистер келген.
 
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ырыскым кечикти дебегиле! Анткени пенде акыркы ырыскысына жетмейинче өлбөйт. Аллахтан корккула! Ырыскыны туура жолдо издегиле, адалын алгыла, арамын таштагыла». | Сахих аль-Жаами,7323
 
«Чындыгында Аллах Таала жатынга бир периштени даярдап коёт. Ал айтат: «Оо, Раббим, бир тамчы бел суу болду. Оо, Раббим, уюган кан болду. Оо, Раббим, бир тиштем эт болду». Кийин Аллах аны толук жаратууну кааласа, ал айтат: «Оо, Раббим! Балабы же кызбы? Бактысызбы же бактылуубу? Анын ырыскысы жана ажалы кандай?». Ушулардын баарысы ал энесинин курсагында жатканда жазылат». | Сахих Бухари, 6595
 
«Чындыгында ырыскы пендени анын ажалынан да көбүрөөк издейт». | Сахих ат-Таргыиб, 1703
 
Абдуллах ибн Умар, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде пайгамбар ﷺ жолдо жаткан курманы көрүп калат. Аны жерден алып: «Эгерде сен буга өзүң келбесең, ал өзү сага келет» – деп айтты». | Сахих ат-Таргыиб, 1705
 
Демек, ар бир адам өз ырыскысына сөзсүз түрдө жетет. Ырыскысын толук түгөтмөйүн бул дүйнөдөн өтпөйт. Анын ырыскысы Аллах жазгандан көбөйүп да, кемип да кетпейт жана аны андан башкалар тартып да албайт. Себеби ырыскы бул адамдын жеке өзүнө гана таандык энчиси.
 
Ырыскы десе кээ бирлер жеген тамак-ашты гана ойлойт. Ырыскы деген абдан кеңири түшүнүк. Адамдын ырыскысы жалпысынан алганда эки түрдө болот: убактылуу жана түбөлүктүү.

Убактылуу ырыскы деген – адамга бул дүйнө жашоосунда берилген ырыскынын түрлөрү. Мисалы, анын жеген тамак-ашы, кийген кийими, ден-соолугу, үй-бүлөсү, бала-чакасы, байлыгы, ийгиликтери, жоро-жолдоштору, жумушу жана башка дүйнө жашоосуна гана байланыштуу нерселер.
 
Ал эми түбөлүк ырыскы деген – адамдын акыретине байланыштуу ырыскынын түрлөрү. Адам бул ырыскынын пайдасын эки дүйнөдө көрөт. Мисалы, ыйман келтирүү, шарият илимин үйрөнүү, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөттөрүн аткаруу, беш убак намазды калтырбай окуу, намазды берилүү жана коркуу менен окуу, ата-эненин ыраазылыгын алуу, балдарды туура тарбиялоо, Куран жаттоо жана окуу, зикир кылуу, садака берүү, кулк-мүнөздүүлүк, туугандык мамилени бекемдөө, адамдарды кечирүү, күнөө иштерден алыс болуу ж.б.
 
Андыктан ырыскыдан кыйналдым деп арам жолдо ырыскы издебе, убактылуу ырыскыга алаксып, түбөлүк ырыскыңды унутуп калба! Убактылуу ырыскы – бул дүйнөгө гана чектелүү, анын ырахаты убактылуу. Түбөлүк ырыскынын убактысы болсо дүйнөгө гана чектелбестен, анын жакшылыктары түбөлүк.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЧОҢ КҮНӨӨЛӨР ОН ЖЕТИ

Абу Талиб аль-Маккий айтты:

«Чоң күнөөлөр жалпысынан он жети:

Төртөөсү жүрөккө тийиштүү: Аллахка ширк кылуу, Ага күнөө кылууну токтотпоо, Анын ырайымынан үмүт үзүү жана Анын азабынан өзүн коопсуз сезүү.

Төртөөсү тилге тийиштүү: жалган күбөгө өтүү, абийири таза адамды жаманатты кылуу, сыйкырчылык кылуу жана жалган ант берүү (б.а. жалганды чындык же чындыкты жалган кылып көрсөтүү үчүн берилген ант).

Үчөөсү курсакка тийиштүү: мас кылуучу ичимдиктерди ичүү, зулумдук кылып жетимдин мал-мүлкүн жеш жана билип туруп сүткорлук кылуу.

Экөөсү жыныс мүчөгө тийиштүү: зына кылуу жана бачабаздык (гомосексуализм).

Экөөсү колго тийиштүү: адам өлтүрүү жана уурулук кылуу.

Бирөөсү бутка тийиштүү: согуш майданында душман менен беттеште артка качуу.

Бирөөсү бардык денеге тийиштүү: ата-энени нааразы кылуу».

📕 “Аз-Заважир аън иктироф аль-Кабаир”

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ
 
▪️ ООРУЛАРГА ШЫПАА

Аиша, радыяллаху анха, айтат: 
«Пайгамбар ﷺ анын өлүмүнө себеп болгон ооруга чалдыкканда ал өзүнө фалак жана наас сүрөөлөрүн окуп дем салчы. Качан анын абалы оорлошкондо, мен өзүм үйлөп дем салып, аны берекеттүү колдору менен өзүн сүртүп жаттым». 
Ибн Шихабдан: «Кантип үйлөп дем салган эле?» – деп сураганда, ал: «Колуна үйлөп, андан кийин анын жүзүн сүргөн» – деп жооп берди.
(Сахих аль-Бухари, 5751)
 
▪️ БҮТКҮЛ ЖАМАНДЫКТАРДAН КОРГОЙТ

Абдуллах ибн Хубайб, радыяллаху анху, айтат:
«Капкараңгы жана жамгырдуу түндөрдүн биринде сыртка чыгып, Аллахтын Элчиси ﷺ биз менен чогу намаз окусун деп аны издеп жүрүп акыры таптык. Ошондо ал бизге: «Намаз окудуңарбы?» – деп сурады. Мен эч нерсе дебедим. Ал: «Айт» – деди. Мен эч нерсе дей албадым. Кийин дагы: «Айт» – деди. Ошондо мен андан: «Оо, Аллахтын Элчиси! Эмнени айтайын?» – дедим. Ал айтты: «Айт: Ал – Аллах жалгыз …» (ихлас), фалак жана нас сүрөлөрүн кеч киргенде жана таңга маал үч жолудан окуй турган болсоң, алар сага бардык (жамандыктардан) коргонууңа жетиштүү болот». (Абу Дауд, 5082)
 
▪️ АДАМДЫН ДЕН СООЛУГУҢ ЧЫҢДАП, АР КАНДАЙ ООРУЛАРДАН САКТАЙТ

Кээ бир хадистерде келген боюнча, Пайгамбарыбыз ﷺ уктардан алдын бул сүрөөлөрдү алаканына окуп жүзүн жана денесин баштан аяк сүргөн. Мындай кылуу адамдын денесин ар кандай оорулардан, зыяндуу нерселерден сактайт. («Заад аль-Маъад», 168)
 
▪️ БУЛ ЭКИ СҮРӨӨНҮН АЯТТАРЫНДАЙ ЭЧ БИР АЯТ ТҮШКӨН ЭМЕС

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз ﷺ Укба ибн Аамир, радыяллаху анхуга, мындай деп айтты: 
«Сен бүгүн түнү түшкөн аяттарды көргөн жоксуңбу, буга чейин аларга тең келе тургандай эч бир аят түшкөн эмес?! Алар «Кул аъуузу би-роббиль фалак» жана «Кул аъуузу би-роббин наас». (Сахих Муслим, 814)

▪️ ЖИН-ШАЙТАНДАРДАН ЖАНА КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАЙТ

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты: 
«Аллахтын Элчиси ﷺ жин-шайтандардан жана адамдардын көзү тийүүсүнөн Аллахтан коргоо сурап жүрүп, акыры ага эки коргоочу (фалак жана нас) сүрөлөрү түштү. Алар түшкөндөн кийин ошол экөөсүн карманып, калгандарын таштады». (Тирмизи, 2058)

📌 ФАЛАК ЖАНА НАС СҮРӨЛӨРҮН ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:

➤➤ https://t.me/dubazikir/30
➤➤ https://t.me/dubazikir/35

═════════

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛАНЫ ӨБҮҮНҮН ТӨРТ ТҮРҮ

▷ t.me/risalatkg
🔴 ЖУМА НАМАЗГА ЭРТЕ БАРУУНУН СООБУ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

«Жума күнү ар бир мечиттин эшигинде эки периште туруп алдынкы келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы садака кылгандын сообун алардын келгенине жараша жазып турат. Имам минбарга чыгып олтурганда алар жазып жаткан китептер жабылат». (Ибн Хузайма)

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КАРЫЗ АЛСАҢ, КАЙТАРЫП БЕРЕМ ДЕГЕН НИЕТТЕ АЛ

Кимде-ким карыз алган кезде кайтарып берем деген ниетте алган болсо, анда Аллах таала ал адамды карызынан өз убагында кутулууга сөзсүз жардам берет. Бул туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Кимде-ким кутулам деген ниетте адамдардан карызга акча алса, Аллах аны карызынан кутултат. А эгер ким кайтарып бербейм деген ниетте карыз алса, Аллах аны жок кылат». (Сахих Бухари)

Ошондой эле карыздар адам Аллах таала карызымдан кутулууга сөзсүз жардам берет деген терең ишенимде болуусу керек. Аллахтын Элчиси ﷺ өзүнүн хадистеринин биринде айтты:
«Чындыгында карыздар адам Аллах жаман көрбөгөн жолдо карыз алып, андан кутулганга чейин Аллах аны менен бирге болот». (Ибн Маажах)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ошондой эле карызы бар адам сүннөттө келген дубаларды дайым айтып жүрсө, Аллах аны карызынан тез арада кутулууга жеңилдиктерди берет. Имам Тирмизи риваят кылган хадисте мындай деп айтылган:

«Күндөрдүн биринде өзүн кулчулуктан куткарыш үчүн кожоюну менен келишим түзгөн бир кул адам Али ибну Абу Талибге келип: «Мен келишим түзгөн өлчөмдөгү акчаны төлөй албай жатам, мага жардам бер»– дейт. Ошондо Али ага айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ мага үйрөткөн сөздөрдү сага да үйрөтөйүнбү, эгерде Сир тоосундай карызын болсо да бул дубаны айтсаң, Аллах сени карызыңдан кутултат. Мындай деп айткын:

“Оо, Аллах! Мага адал ырыскы берип Өзүң арам кылган иштерден сакта жана мени Өз пазилетин менен Өзүңдөн башкаларга муктаж кылба”. (Имам Тирмизи)

📌 Дубанын арапчасы: 
اللَّهمَّ اكْفِني بحلالِكَ عَن حَرَامِكَ، وَاغْنِني بِفَضلِكَ عَمَّن سِوَاكَ
“Аллахумма-кфинии би-халялика аън харамик уа агънини би-фадлика аъмман сиваак”.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech