🔴 АТА-ЭНЕСИН КОРДОГОН АДАМ БУЛ ДҮЙНӨДӨН КОРДОЛМОЮН ӨТПӨЙТ
Сабит аль-Банани айтат:
«Бир жерде бир бала атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмне кылганың?»,— деп чуулдап калышты. Ошондо баланын атасы адамдарга мындай деп айтты:
— Муну жөн койгула! Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем. Мына эми өз башыма түштү, өзүмдөн чыккан балам мени дал ошол жерде сабап жатат.
📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

🔴 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ
1. «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын» Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.
2. «Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат.
3. «Аллаху акбар» – «Аллах улук» Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз.
4. «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат.
5. «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.
6. «МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.
7. «ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.
8. «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.
9. «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.
10. «Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.
11. «Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.
12. «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.
13. «Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.
14. «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз.
15. «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун». Пайгамбарыбыздын атын укканда же анын атын айтканда айтылат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 ЖУМА НАМАЗЫН СЕБЕПСИЗ ҮЧ ЖОЛУ ТАШТАГАН АДАМДЫН ЖҮРӨГҮНӨ МӨӨР БАСЫЛАТ
Абу Жаад, радыяллаху анху, риваят кылат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким кош көңүлдүк кылып үч жума намазын таштаса, анда Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат». (Ахмад)
Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким өтө зарыл иши болбой туруп жума намазын үч жолу таштаса, анда Аллах анын жүрөгүнө мөөр басат». (Ахмад)
Усама, радыяллаху анху, айтат: Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Кимде-ким себепсиз үч жолу жумазга намаз барбаса, мунафыктардан деп жазылат». (Табарани)

Forwarded from Дубалар жана зикирлер
🔸 Бул зикир өтө кыска зикир болсо дагы, ал эң бир күчтүү зикирлерден болуп эсептелет. Бул зикирди кайталоо ашып кетсе 2-3 мүнөт убакытты алат. Бирок ушунча аз убакытты алса дагы жана бизден анчалык чоң аракетти талап кылбаса дагы, биз ага күнөөсү жок адамдай мамиле кылганыбыз өтө өкүнүчтүү.
Жок дегенде ушул зикирди күнүгө 100 жолу айтканды өзүңүзгө адат кылыңыз. Сиз акыретке барганда бул зикирди айтып жүргөнүңүз үчүн сөзсүз сүйүнөсүз. Себеби Аллах талаа сиздин деңиздин көбүгүндөй болгон күнөөлөрүңүздү ушул зикирди айтып жүргөнүңүз үчүн кечирет.
═════════
▷ t.me/dubazikir

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔵 АЛЛАХКА ЭҢ СҮЙҮКТҮҮ ЭКИ СӨЗ
Бул зикир сөзүн күнүгө кеминде 100 жолу айтуу зарыл. Ошондой эле багымдат жана асыр намаздарынан кийин айтуу да сүннөттө келет. Бул зикирди айткан адамдын кыяматта таразасы оор болот жана Аллахтын алдында улуу соопторго жетишет.

🔴 АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР
Аллах Таала Куранда мындай деп айтты:
«Эгер сени шайтан азгырган болсо, анда Аллахтан коргоо сура. Чындыгында, Ал Угуучу, Билүүчү». (Аараф сүрөөсү, 200-аят)
Сахабалардын бири Сулайман ибн Сурад, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде биз пайгамбар ﷺ менен чогу отурган элек. Ошондо эки адам бири-бири менен сөгүшө кетти. Бирөөсү экинчисин сөккөндө, ал ачууланып жүзү кызарып чыкты. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, мен ушундай бир сөздү билем, эгер аны ачууланган адам айтса, анын ачуусу тарайт, ал «аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм»¹ деп айтсын». (Сахих аль-Бухари 6115; Сахих Муслим 2610)
¹ Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм” сөзүнүн мааниси “Аллахтан каргышка калган шайтандан коргоосун сураймын” дегенди билдирет.
⠀
Жогорудагы хадисте ачуулануу шайтандын азгырыгы экендиги туурасында айтылды. Эгерде ким ачууланса, анда эң биринчи кезекте Аллахтан коргоо сурасын. Мына ошондо Аллах аны шайтандын жамандыгынан коргойт, ачуусу себептүү башкаларга зыян берүүдөн сактайт.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ ачуулануунун зыянынан кутулуу үчүн адамга сөз түрүндө да, иш жүзүндө да аткаруусу зарыл болгон иштерди буйруган.
⠀
Сөз түрүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Араңардан ким ачууланса, анда ал унчукпасын» деп үч жолу айтты». (“Муснад” 1/239)
⠀
Эгерде ачууланган адам сүйлөй турган болсо, анын сөзү адамдарга катуу тийиши мүмкүн же акылга сыйбаган сөздөр айтылып, урушууга себеп болушу мүмкүн. Мындай туруксуз абалда ачууланган адам өзүнө келгенге чейин унчукпай турганы жакшы. Ал эми ачуусу тараса, орундуу сүйлөйт, эч кимге зыян бербейт, адамдардын көңүлүн оорутпайт, ортодо душмандык да болбойт.
⠀
Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда туруп турган болсо, анда олтурсун. Эгер олтурса да ачуусу таркабаса, анда жатсын». (“Муснад” 5/152; Сунан Абу Дауд 4782)
⠀
Себеби адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши да ыктымал. Эгерде ушундай абалда олтура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, андан дагы алыстайт.
⠀
📌 ДЕМЕК, АЧУУЛАНСАҢ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР:
1) Аллахтан коргоо сура.
2) Унчукпа, сүйлөбө, эч нерсе деп жооп бербе.
3) Турган болсоң олтур, олтурсаң да ачууң таркабаса, анда жат.

📌 Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)