ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 ЖУМА КҮНДҮН БЕШ АДЕБИ

❐ ПАЙГАМБАРГА САЛАВАТ АЙТУУ


Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399

❐ ЖУМА КҮНҮ ЖУУНУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Жума күнү жуунуу ар бир балагатка жеткен адамга милдет». | Бухари, 846

Салман Фариси, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер силердин кимдир-бирөөңөр жума (намазына) бара турган болсо, анда жуунсун». | Бухари, 788

❐ ЖУМА НАМАЗЫНА ЧЕЙИН НАФИЛ НАМАЗДАРДЫ ОКУУ ЖАНА ЖЫПАР ЖЫТТАН СЕБИНҮҮ

Салман Фариси, радыяллахунун, риваятында пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Эгер (бир адам) жума күнү жуунса, колунан келишинче тазаланып, (чачын жана денесин) жыттуу атырлар менен сүртүп же үйүндө кандай жыттуу нерсе болсо ошону менен сүртүнсө, андан кийин (мечитке кирген кезде) отурган адамдарды түрткүлөп зыян келтирбесе, андан кийин (жума намазы башталганга чейин) намаз окуса, андан кийин имам хутба кылып баштаганда унчукпай угуп отурса, анда ал адамдын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Бухари, 883

❐ ЖУМАГА ООЗДУ ТАЗАЛАП БАРУУ

Абу Саид Худри, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ар бир бойго жеткен мусулман жума күнү жуунуусу керек. Жана (тишин) мисвак менен тазалап, колунан келишинче жыпар жыттуу нерселерди колдонуусу керек». | Бухари, 858

❐ ЖУМАГА ЭҢ ЖАКШЫ КИЙИМДЕРИН КИЙИП БАРУУ

Абу Саид аль-Худри жана Абу Хурайра, радыяллаху анхумадан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү жуунуп, (тишин) мисвак менен тазалап, өзүндө бар жыпар жыттуу нерселерин колдонуп, эң жакшы кийимин кийип, андан кийин мечитке барган кезде адамдардын үстүнөн аттабай, андан кийин каалашынча (нафил) намазын окуп, андан кийин имам хутба кылып намаз окулуп бүткөнгө чейин унчукпай отурган болсо, анда анын ошол жумадан кийинки жумага чейинки күнөөлөрү кечирилет». | Абу Дауд, 343

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 НАМАЗ ОКУБАГАН АДАМГА КЫЯМАТТА ЭЧ КАНДАЙ ШЫЛТОО ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ
 
Абдуллах ибну Жафар, радыяллаху анху, айтты:
“Саид ибну Ярбунун көзү көрбөй калганда Умар ибну аль-Хаттаб анын үйүнө зыяратка келет. Ошондо Умар ага:
– Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз,– деп насаатын айтты. Ошондо ал:
– Мени мечитке алып барганга эч ким жок болуп жатат,– деди. Умар ага айтты:
– Сизди мечитке алып барганга бирөөнү таап жиберебиз.
Кийин аны мечитке алып барганга туткундагы бир жаш баланы жиберип турду”. 
 (“Мустадрак”, Аль-Хаким)
 
Кандай гана камкордук! Ошол учурда Саид ибну Ярбунун жашы жүзгө жакындап калган кези болчу. Ушул жашка келип калса дагы, көзү көрбөй калса дагы Умар ага: «Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз» – деп насаат кылды.
 
Эгерде Умар жүзгө чыгайын деп калган, көзү көр карыган адамга ушундай деп айтып жатса, анда күчкө толгон, ден-соолугу чың, көзү көргөн азыркы адамдарга эмне деп айтабыз?
 
⚠️ Ошондуктан баарыбыз дайыма Аллахка такыбалык кылуубуз керек. Ушул күндөн баштап ниетти бекемдеп, белди бекем бууп, намаздарыбызга бекем болуп, Аллахтан гана жардам сурап туура жолго түшүүбүз керек. Кайдыгерликти жана кийин окуйм же карыганда деле жетишем деген себепсиз шылтоолорду таштап, намазды бүгүндөн баштообуз керек. Канчалаган адамдар көрүнгөн шылтоону айтып эртең-эртең деп жүрүп, ошол абалда дүйнөдөн өтүп кетишти. Канчалаган адамдар жер бетине кайра кайтып келсем, намаздан башымды көтөрмөк эмесмин деп өкүнгөн абалда кабырларда жатышат. А сизде болсо аларда жок мүмкүнчүлүк бар. Андыктан шылтоону таштаңыз, намазды бүгүндөн баштаңыз.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ИТКЕ БАЙЛАНЫШТУУ ШАРИЯТ ӨКҮМДӨРҮ

➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз