ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 ГОРОСКОПКО ИШЕНҮҮНҮН КҮНӨӨСҮН БИЛЕСИЗБИ?
 
Астрология, гороскоп, ырыс-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт. 

Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат:
«Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт». | Муснад Ахмад

«Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Сахих ат-Таргыиб

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан:

«Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды». | Шарх Китаб ат-Таухид, 349

Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Бүгүн жумага барууну унутпаңыз!

➤➤ t.me/tilmech
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮҮНҮН ПАЗИЛЕТИ

Салман, радыяллаху анху, айтты:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү жуунуп, колунан келишинче тазаланып, чачын тарап, үйүндөгү атырынан себинип, (мечитте бир сапта олтурган) эки адамдын ортосун бөлбөй, каалашынча намаз окуп, кийин имам сүйлөп баштаганда анын сөзүнө көңүл буруп уккан адамдын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет”. (Бухари)

Насаинин риваятында:
“Кайсы адам болбосун, жума күнү буйрулгандай тазаланып, кийин үйүнөн чыгып жумага келсе жана намаз окулганга чейин кунт коюуп (хутба) укса, анда анын мурунку жумадагы күнөөлөрү кечирилет” – деп келет.

Табарани Насаинин бул риваятындай риваятты айтып, аягында бул кошумчасы менен риваят кылат:
“Анын бул жума менен мурунку жуманын ортосундагы күнөөлөрү кечирилет, эгерде чоң күнөөлөрдөн алыс болгон болсо. А бул болсо – жыл бою ушундай уланып турат”.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КӨЗДҮ КҮНӨӨДӨН ТЫЮУ

Аялдар чоочун эркектерди, эркектер чоочун аялдарды кароодон Аллах Таала Өз Китебинде тыйды. Анткени көптөгөн бузукулуктар кароодон жана сүйлөшүүдөн башталат.

Аллах Таала айтат: «(Оо, Мухаммад!) Момун эркектерге айт, көздөрүн күнөөдөн тыйышсын жана зынадан сактанышсын. Мына ошондо алардын (жүрөктөрү) таза болот. Чындыгында Аллах алардын эмне кылып жатканын билип турат. Момун аялдарга да айт, көздөрүн күнөөдөн тыйышсын жана зынадан сактанышсын». (Нур сүрөөсү, 30-31-аяттар)
‎
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ айтты:
«Адам баласынын зынадан болгон үлүшү анын тагдырына жазылган, ал анын башына түшөөрү шексиз. Көздүн зынасы – кароо. Кулактын зынасы – сөз тыңшоо. Тилдин зынасы – сүйлөө. Колдун зынасы – кармоо. Буттун зынасы – басып баруу. Жүрөк каалайт жана эңсейт, ал эми аны жыныс мүчө ишке ашырат же жалганга чыгарат». (Сахих аль-Бухари)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
➤ Бул зикир мусулман үчүн эң зарыл болгон зикирлердин бири. Күнүгө эң кеминде 100 жолу айтуу керек. Эң жакшысы багымдаттан кийин айтылганы. Эгерде ал убакта айтууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда күндүзү каалаган убакта айта берет.

➤➤ https://t.me/tilmech
📌 САДАКА БЕРҮҮНҮН ПАЙДАЛАРЫ:

1. Садака байлыкты берекелүү кылат.
2. Садака туугандар менен мамилени чыңдайт.
3. Садака коомчулуктагы ынтымакты бекемдейт.
4. Садака кадыр-баркты жогорулатат.
5. Садака кайгы-капаны жеңилдетет.
6. Садака ар кандай балээлерден коргойт.
7. Садака оорууга шыпаа болот.
8. Күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп болот.
9. Дубанын кабыл болуусуна себеп болот.
10. Садака кабыр азабынан коргойт.
11. Садака кыяматта көлөкө болот.
12. Садака бейишке кирүүгө себеп болот. Бейиште садака берүүчүлөр гана кирүүчү эшик бар.
13. Садака тозоктон тосуучу көшөгө болот.
14. Садака Аллахтын азабынан сактайт.
15. Садака бейиштеги даражаны көтөрөт.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
● Кайгынын эң биринчи дабасы Аллахты зикир кылуу. Ал эми зикирлердин эң улугу — Куран окуу.

➤➤ https://t.me/tilmech
• Хаббаб, радыяллаху анху, айтты:
«Сен алыңдын жетишинче Аллахка жакында! Бирок сен Ага Курандан да жакшыраак башка эч бир нерсе менен жакындай албайсың».

• Усман, радыяллаху анху, айтты:
«Эгерде силердин жүрөгүңөр таза болгондо, анда силер Раббиңердин сөзү болгон Куранды (окуудан жана угуудан) тоймок эмессиңер».

• Ибну Масууд, радыяллаху анху, айтты:
«Кимде-ким Аллахты жакшы көрөрүн билгиси келсе, анда ал Куранга болгон мамилесин карасын. Эгерде Куранды жакшы көрсө, ал Аллахты жакшы көргөн болот. Чындыгында, Куран – Аллахтын сөзү».

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech