ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.52K photos
200 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 ИСЛАМДАГЫ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким жума күнү башын жууса, гусул алса, мечитке эрте барса, хутбаны башынан баштап укса, эч нерсе минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп, хутбаны кунт коюп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет». |Абу Дауд,345

Кээ бир аалымдар: «Биз шариятта мынчалык соопту камтыган негиздүү хадисти уккан эмеспиз» деп айтышкан. |Тухфатуль-Ахвази, 3/15

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄

Бул хадис шариятта келген эң сооптуу хадистердин бири. Адам жума намазга баратканда ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо жана бир жылдык тахажуд намазын окуду деген соопко жетет.

Элестетиңиз, адам канча кадам басып барышы мүмкүн? Эгерде ушул хадисте айтылгандарды аткарса, канча деген соопторго жетиши мүмкүн? Биз бул хадистен Аллахтын бизге болгон мээримин билебиз. Ал бизге кичине гана ибадаттардын артында көптөгөн сооп-сыйлыктарды даярдап койгон. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 ПЕРИШТЕЛЕРДИ ҮЙҮҢДӨН КАЧЫРБА!

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Ит жана сүрөттөр бар үйгө периштелер кирбейт». [Сахих Бухари] 

✔️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Эгерде кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдардын, жаныбарлардын, канаттуулардын) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу же колго тартылган сүрөт болобу же гезиттердеги сүрөттөр болобу же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет. Анткени хадисте айтылган периштелер — жер кезип, үйлөрдү кыдырып жүргөн периштелер. Алар ошол жашаган үйдөгү адамдарга кечирим, ырайым, береке тилеген периштелер. 

Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 СҮРӨТ БАР ҮЙГӨ ПЕРИШТЕ КИРБЕЙТ

▷ @risalatkg
✅ АТА-ЭНЕНИ СЫЙЛООНУН СЫЙЛЫГЫ ЖАНА НААРАЗЫ КЫЛУУНУН ЖАЗАСЫ

Вахб ибн Мунаббих айтты: «Аллах таала Муса пайгамбарга вахий кылып мындай деди: «Эй, Муса! Ата-энеңди сыйла. Ким ата-энесин сыйласа, Мен анын өмүрүн узартам жана аны сыйлаган уул-кыздардан берем. Ал эми ким ата-энесин нааразы кылса, Мен анын өмүрүн кыскартам жана аны нааразы кылган уул-кыздардан берем».

Сабит аль-Банани айтат: «Бир жерде бир адам атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмнеси?» деп калышты. Баланын атасы адамдарга айтты: «Жөн койгула муну. Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем, мына менин башыма да түштү, өз балам мени дал ошол жерде сабап жатат».

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 АР БИР МУСУЛМАН ҮЧҮН ЗАРЫЛ 15 СӨЗ

1. «Бисмиллах» – «Аллахтын ысымы менен баштаймын» Ар бир ишти баштаганда ушул сөздү айтуу менен баштайбыз.

2. «Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух» – «Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун». Мусулмандар өз ара салам бергенде айтылат.

3. «Аллаху акбар» – «Аллах улук» Аллахты улуктоо жана Анын кудуреттүүлүгүн даңазалоо максатта айтылган сөз.

4. «Субханаллах» – «Аллах айып-кемчиликтерден аруу». Аллахтын улуктугун, кудуреттүүлүгүн жана Анын ар бир кылган иш-аракети кемчиликсиз экендигин даңазалоодо айтылат.

5. «Алхамдулиллах» – «Аллахка шүгүр, Аллахка мактоолор болсун». Аллах тараптан келген ар бир жакшылыкка шүгүрчүлүк келтиргенде айтылат.

6. «МашаАллах» – «Аллахтын каалаганы болду». Бул сөз бир нерсеге таң калганда, Аллахтын кудуреттүүлүгүн көргөндө, иш оңунан чыгып кубаныч келгенде айтылган сөз.

7. «ИншаАллах» – «Аллах кааласа, Кудай буйруса». Бир ишти баштоого ниет кылганда, бирөөгө убада бергенде, Аллахтан үмүт кылууда айтылат.

8. «Хасбуналлаху уа ниъмал вакиил» – «Бизге Аллах Өзү жетиштүү жана Ал эң жакшы Колдоочу жана Коргоочу». Адам бул сөздү аргасыз абалга, күтүүсүз кыйынчылыкка туш болгондо, кайгы-капага кабылганда айтат.

9. «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожийм» – «Каргышка калган шайтандан коргоону Аллахтан сураймын». Азгырык ойлор келгенде, жаман ниеттер пайда болгондо, ачууланган кезде айтуу керек.

10. «Астагфируллах» – «Аллахтан күнөөлөрдү кечирүүсүн сураймын». Күнөө иш кылып, ага тообо кылган кезде, жаңылган, катачылык кылган кезде айтылат.

11. «Аамиин» – «Кабыл кыла көр». Дуба кылгандан кийин айтылат.

12. «Инна лиллахи уа инна илайхи роожиъуун» – «Чындыгында Биз Аллахка таандыкпыз жана Ага гана кайтабыз». Жакын адамын жоготкондо, адамдын башына балээ-кырсык түшкөндө, бир адамдын кайтыш болгону тууралуу кабарды укканда айтылат.

13. «Бааракаллаху фиика» – «Аллах сага береке берсин». Ыраазылык билдирүүдө, адамга жакшылык тилек айтууда, анын ийгилигине кубанууда же көз тийип кетүүдөн сактоо үчүн айтылат.

14. «Жазакаллаху хойрон» – «Аллах сизди жакшылык менен сыйласын». Бирөөгө ыраазылык, рахмат айтканда айтылган сөз.

15. «Саллаллаху алейхи уа саллам» – «Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун». Пайгамбарыбыздын атын укканда же анын атын айтканда айтылат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 БУТ КИЙИМ КИЙҮҮНҮН АДЕПТЕРИ

1. БУТ КИЙИМ КИЙГЕНДЕ ОҢ БУТТАН БАШТАП КИЙҮҮ

Айша, радыяллаху анха, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ даарат алганда, чачын тараганда жана бут кийимин кийгенде оң жактан баштаганды жакшы көрчү». (Сахих Бухари)

2. БУТ КИЙИМ ЧЕЧКЕНДЕ СОЛ БУТТАН БАШТАП ЧЕЧҮҮ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийимин кийгенде оң бутунан баштасын, ал эми чечкенде сол бутунан баштасын. Оң бут кийим биринчи кийилип, акыркы чечилсин». (Сахих Бухари)

3. БУТ КИЙИМДИ ОТУРУП КИЙҮҮ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылып айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ бут кийимди туруп кийүүдөн тыйган». (Ибн Маажах)

4. БУТ КИЙИМДИН БИР ЭЛЕ ТҮГӨЙҮН КИЙИП ЖҮРБӨӨ

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бирөөңөр бут кийиминин бир түгөйүн кийип баспасын. Эки түгөйүн тең чечип жүрсүн, же эки түгөйүн тең кийип жүрсүн». (Сахих Бухари)

Жабир, радияллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты: «Силердин бириңердин бут кийиминин боосу үзүлүп калса, же бир бут кийиминин боосу үзүлүп калса, анда боосун оңдомойунча жалгыз бут кийими менен жүрбөсүн жана жалгыз маасысы менен да жүрбөсүн». (Сахих Муслим)

5. КЭЭДЕ ЖЫЛАҢАЯК БАСУУ СҮННӨТ

Абдуллах ибн Бурайда риваят кылган хадисте пайгамбарыбыздын ﷺ сахабаларынын бири Мисирде башчы болуп турган Фудала ибн Убайдка барып: «Менин келгенимдин себеби пайгамбарыбыздын ﷺ бир хадисин уктум, ошол хадис жөнүндө сени билеби деген үмүттө сага келдим» – деп айтат да ага карап: «Сен башчы болуп туруп эмнеге чачтарыңды жакшылап (майлап) тарап албадың?» – деп сураганда тиги Фудала ибн Убайд: «Пайгамбарыбыз куунак жашоодон тыйган» – деп жооп берет. Кийин бут кийими жок жүргөнүн көрүп калып: «Эмнеге бут кийимиңди кийбей жүрөсүң? » – деп сураганда: «Пайгамбарыбыз ﷺ кээде бут кийимди чечип жалаңаяк жүрүштү буйруган» – деп жооп берет. (Абу Дауд)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ

Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)

Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
➤ Бул зикир мусулман үчүн эң зарыл болгон зикирлердин бири. Күнүгө эң кеминде 100 жолу айтуу керек. Эң жакшысы багымдаттан кийин айтылганы. Эгерде ал убакта айтууга мүмкүнчүлүгү болбосо, анда күндүзү каалаган убакта айта берет.

Ким бул зикирди күнүгө айтып жүргөн болсо, анда ага күн бою жин-шайтандар зыян бере албайт жана жин кирбейт.

➤➤ @tilmech
🔴 УЯЛУУ ДАГЫ ЫЙМАНДАН

Ибн Умар, радыяллаху анхума, айтат: «Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, ансарлардан болгон бир кишинин жанынан өтүп баратканда, ал киши инисине: «Уялчаак болбо!» – деп урушуп айтып жаткан эле. Пайгамбар ага: «Аны өз жайына кой. Чынында, уялуу да ыймандан» – деп айтты». (Бухари, Муслим)

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: «Ыйман жетимиштен ашык же алтымыштан ашык бөлүккө бөлүнөт. Ошолордун эң жакшысы «лаа илааха иллаллах» – сөзү. Ал эми эң төмөнкүсү зыян берип турган нерсени жолдон алып коюу. Уялуу да ыймандын бир бөлүгү». (Бухари, Муслим)


═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech