🔴 КӨЗ ТИЙҮҮ— ЧЫНДЫК
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«Көз тийүүнүн бар экени чындык». (Сахих Муслим, 5665)
Бул хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ көз тийүү (ал-‘айн) деген нерсе чыныгы көрүнүш экенин ачык билдирүүдө. Исламда көз тийүү — адамдын жүрөгүндөгү көрө албастык, суктануу же ичи тарлык менен караганда, Аллахтын уруксаты менен башка бирөөгө зыян жетиши. Бул ырым-жырым же жомок эмес, шарият тарабынан тастыкталган акыйкат.
📍 КӨЗ ТИЙҮҮ:
• ден соолукка кескин зыян алып келиши мүмкүн,
• адамдын алсырап, ооруп калышына себеп болушу мүмкүн,
• кээде малга же мүлккө да таасир этет.
Башка хадисте мындай деп айтылган:
«Көз тийүү адамды кабырга киргизет, төөнү казанга түшүрөт». (Сахих аль-Жаами, 4144)
Бул хадис көз тийүүнүн канчалык күчтүү таасири болушу мүмкүн экенин күчтүү мисал менен түшүндүрөт.
• «Адамды кабырга киргизет» — башкача айтканда, көз тийүү адамды оорутуп, алсыратат, төшөккө жыгышы мүмкүн. Атүгүл кээде өлүмгө да алып барат.
• «Төөнү казанга түшүрөт» — төө абдан күчтүү, чыдамкай жаныбар. Ошого карабастан, көз тийүү аны казанга да түшүрүшү ыктымал.
Мына ошондуктан көз тийүүнү жеңил көрбөш керек. Адам дайым андан коргонуунун шариятта келген жолдорун колдонуу зарыл.
✅ КӨЗ ТИЙҮҮДӨН САКТАНУУ ЖОЛДОРУ
Пайгамбарыбыз ﷺ бизге коргонуу жолдорун да үйрөткөн:
• Куран окуу, айрыкча Фатиха, Аятуль Курси, Ихлас, Фалак, Наас сүрөлөрүн.
• Дуба кылып Аллахтан коргоо суроо.
• Бир нерсеге суктанганда:
👉 "МашаАллах" (Аллах каалагандай болду) же "БааракАллах" (Аллах береке берсин) деп айтуу сунушталат. Бул көз тийүүдөн алдын алат.
• Балдарды, өзүн Аллахка аманат кылып дуба менен коргоо.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 БУЛАР НАМЫСЫ ЖОК АЛСЫЗ ЭРКЕКТЕР
Садыбакас ажы Доолов
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Садыбакас ажы Доолов
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
❐ ЖУМА КҮНҮ САЛАВАТ АЙТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Аус ибн Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга Пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399
⚠️ Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.

🔴 КАРГЫШКА КАЛГАН ЭРКЕКТЕР ЖАНА АЯЛДАР
● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтты:
«Аллахтын Элчиси ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айткан». (Абу Дауд, 4098)
● Күндөрдүн биринде сахабалардын бири Амр ибн аль-Аас, радыяллаху анху, жаа тагынган жана эркектей болуп баскан бир аялды көрүп калат. Ошондо жанындагы бир адамдан: «Бул ким?» – деп сурайт. Ал адам: «Бул Абу Жахлдын кызы Умму Саид» – деп жооп берет. Ошондо Амр ибн аль-Аас, радыяллаху анху, айтты: «Мен Аллахтын Элчисинин ﷺ: «Өзүн эркектерге окшоткон аялдар жана өзүн аялдарга окшоткон эркектер бизден эмес» – деп айтканын уккам». (Муснад Ахмад, 6875)
● Абдуллах ибн Аббас, радыяллаху анху, айтты:
«Пайгамбар ﷺ кыз чалыш эркектерге жана эркек чалыш аялдарга каргыш айтып: «Аларды үйүңөрдөн кууп чыккыла» – деп айтты. Кийин пайгамбар ﷺ баланчаны кууп чыкты, Умар баланча кууп чыкты». (Сахих Бухари, 5886)
● Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде пайгамбардын ﷺ алдына кыз чалыш бир эркекти алып келди. Ал колу менен бутун хна менен боёп алыптыр. Ошондо пайгамбар ﷺ: «Буга эмне болгон?» – деп сурады. Ага: «Оо, Аллахтын элчиси! Аялдарга окшошуп алыптыр» – дешти. Ошондо пайгамбар ﷺ ал тууралуу буйрук чыгарып, аны (Медина шаарынын сыртындагы) аль-Накии деген жерге куугунтуктады». (Абу Дауд, 4928)
Эркектин аялдарга жана аялдын эркектерге окшошуусу динде чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, жүрүм-турумунда, кийиминде, сөзүндө, басыгында, сулууланууда, кооздуктарды тагынууда, кылык жоругунда ж.б.у.с. нерселерде эркектин аялга же аялдын эркекке окшошуусу арам иштерден. Анткени Аллах аялды да, эркекти өзүнө жараша табиятта жараткан. Ким Аллахтын жараткан табиятын өзгөртсө, анда ал каргышка калат, Аллахтын ырайымынан алыстап, акыретте азапка туш болот.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН МЕДИНАГА КЕЛГЕНДЕ ЭҢ БИРИНЧИ АЙТКАН СӨЗҮ
Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Медина шаарына хижрат кылып көчүп келгенде, адамдар шашылып аны көздөй жөнөштү. Ошондо: «Аллахтын Элчиси келди! Аллахтын Элчиси келди! Аллахтын Элчиси келди!» – деп үч жолу айтылганда, мен дагы көрөйүн деп адамдарды аралап келдим. Мен анын жүзүн жакшылап көрөрүм менен эле чындыгында анын жүзү жалганчынын жүзү эмес экенин билдим. Ошондо анын сөздөрүнөн менин эң биринчи укканым ушул сөз болду: «Оо, адамдар! Саламды жайылткыла! Тамак бергиле! Туугандар менен карым-катнашты бекемдегиле! Түнкүсүн адамдар уктап жатканда намаз окугула! Мына ошондо силер бейишке тынчтыкта киресиңер». (Ибн Маажах, 3251)

🔴 ЖАСАЛМА ЧАЧ УЛАТУУ КҮНӨӨ
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Кайсы аял болбосун, өз чачына башка бирөөнүн чачын кошсо (уласа), ал аны алдамчылык менен кошкон болот». (Табарани, 19, 342)
📌 ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ
Бул жерде кеп алдамчылык жана табигыйлыкты бузуу жөнүндө болуп жатат. Ислам дининде бирөөнүн чачын (же ага окшош жасалма нерселерди) өз чачына кошуп улоого тыюу салынган. Деги эле башка бир адамдын чачын сатып алуу же аны өзүнө улатуу арам деп эсептелет.
Негизги себептери:
1. Алдоо (тазвир): Аял киши өзүндө жок нерсени (мисалы, калың же узун чачты) бар катары көрсөтүп, башка адамдарды алдаган болот. Бул өзгөчө турмуш курарда же эл алдында өзүн башкача көрсөтүүдө «жалган» болуп эсептелет.
2. Аманат: Адамдын денеси жана сулуулугу — Аллах Таала тарабынан берилген аманат. Аны жасалма жол менен, өзгөчө башка адамдын мүчөсү (чачы) менен өзгөртүү күнөө болуп эсептелет.
Бул хадис аялдарга өзүнүн табигый сулуулугуна ыраазы болуп, жасалмалуулуктан алыс болууга чакырат.
═════════
➤➤ t.me/tilmech

📌 Ааламдагы ар бир нерсе — эң кичинекей атомдон тартып чексиз галактикаларга чейин — таң каларлык тактык жана терең акылмандык менен жаратылган. Акыл-эстүү адам бул кемтиксиз жана ырааттуу тартипти көрүп, аны «өзүнөн-өзү пайда болду» деп кокустукка жорубай, тескерисинче: «Бул ааламдын артында Улуу Жаратуучу бар» — деген жыйынтыкка келет.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG