ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
​​🔴 АЧУУҢ КЕЛГЕНДЕ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР
 
Аллах Таала Куранда мындай деп айтты:
«Эгер сени шайтан азгырган болсо, анда Аллахтан коргоо сура. Чындыгында, Ал Угуучу, Билүүчү». (Аараф сүрөөсү, 200-аят)

Сахабалардын бири Сулайман ибн Сурад, радыяллаху анху, айтат:
«Күндөрдүн биринде биз пайгамбар ﷺ менен чогу отурган элек. Ошондо эки адам бири-бири менен сөгүшө кетти. Бирөөсү экинчисин сөккөндө, ал ачууланып жүзү кызарып чыкты. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, мен ушундай бир сөздү билем, эгер аны ачууланган адам айтса, анын ачуусу тарайт, ал «аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм»¹ деп айтсын». (Сахих аль-Бухари 6115; Сахих Муслим 2610) 
¹ Аъуузу биллаахи минаш шайтоонир рожийм” сөзүнүн мааниси “Аллахтан каргышка калган шайтандан коргоосун сураймын” дегенди билдирет.
⠀
Жогорудагы хадисте ачуулануу шайтандын азгырыгы экендиги туурасында айтылды. Эгерде ким ачууланса, анда эң биринчи кезекте Аллахтан коргоо сурасын. Мына ошондо Аллах аны шайтандын жамандыгынан коргойт, ачуусу себептүү башкаларга зыян берүүдөн сактайт.
 
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ ачуулануунун зыянынан кутулуу үчүн адамга сөз түрүндө да, иш жүзүндө да аткаруусу зарыл болгон иштерди буйруган.
⠀
Сөз түрүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Араңардан ким ачууланса, анда ал унчукпасын» деп үч жолу айтты». (“Муснад” 1/239)
⠀
Эгерде ачууланган адам сүйлөй турган болсо, анын сөзү адамдарга катуу тийиши мүмкүн же акылга сыйбаган сөздөр айтылып, урушууга себеп болушу мүмкүн. Мындай туруксуз абалда ачууланган адам өзүнө келгенге чейин унчукпай турганы жакшы. Ал эми ачуусу тараса, орундуу сүйлөйт, эч кимге зыян бербейт, адамдардын көңүлүн оорутпайт, ортодо душмандык да болбойт.
⠀
Ал эми иш жүзүндө аткаруусу зарыл болгон иштер туурасында Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Араңардан ким ачууланса жана ошол учурда туруп турган болсо, анда олтурсун. Эгер олтурса да ачуусу таркабаса, анда жатсын». (“Муснад” 5/152; Сунан Абу Дауд 4782)
⠀
Себеби адам ачуусу келип турганда тике турган болсо, ачуусун келтирген адамды уруп жибериши мүмкүн же аны менен бетме-бет турса өзүн карманалбай ага зыян бериши да ыктымал. Эгерде ушундай абалда олтура калса, анда ал ачуусун келтирген адамдан алыстайт, а эгер жатса, андан дагы алыстайт.
⠀
📌 ДЕМЕК, АЧУУЛАНСАҢ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИ АТКАР:
1) Аллахтан коргоо сура.
2) Унчукпа, сүйлөбө, эч нерсе деп жооп бербе.
3) Турган болсоң олтур, олтурсаң да ачууң таркабаса, анда жат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КАБЫР ЖЕЙ АЛБАГАН ЖАЛГЫЗ НЕРСЕ

Жарир бин Хазим мындай деди: Мен Хасан аль-Басринин мындай дегенин уктум:

«Бир шаардык киши падышага байма-бай каттап, андан сый-урмат жана дүнүйө алып турчу. Кийин ал бул ишин таштап, үйүндө отуруп калды. Ошондо үй-бүлөсү жана балдары келип:

— Сиз падышага барууну жана андан алчу үлүшүңүздү таштап койдуңузбу? – деп сурашты.

Ал алардын сөзүнө көңүл бурбай койду. Алар:

— Аллахка ант, эгер мындай кыла берсеңиз, ачкалыктан кыйналып өлөсүз! – дешти.

Ошондо ал:

— Эй, балдарым! Аллахка ант болсун, мен үчүн ачкалыктан кыйналып, момун бойдон өлүү — семирип алып мунафык (эки жүздүү) бойдон өлгөнгө караганда сүйүктүүрөөк!» – деп жооп берди».

Хасан аль-Басри сөзүн улай мындай деди: «Аллахка ант болсун, бул киши кабыр май менен этти гана жеп, бирок ыйманды жей албасын билген!». (Ибн Абу ад-Дунья, «Китаб аль-Узла уа аль-Инфирад», 78)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ТАЛАК БЕРГЕНГЕ ШАШЫЛБА!


Бир адам Имам Ахмадга келип:
— Атам мага аялың менен ажыраш деп буйруп жатат,– дейт. Ошондо Имам Ахмад ага:
— Аялың менен ажырашпа,– деп насаатын айтат. Тигил адам ага:
— Умар, радыяллаху анху, өзүнүн баласы Абдуллахка аялыңды кетир деп айткан го,– дегенде, Имам Ахмад:
— Атаң Умардай болуп кетсе да аялыңды кетирбе,– деп жооп берет.

📕 Табакат аль-Ханабила


═══════════════
➤  https://t.me/tilmech
🔴 АЖАТ ӨТӨӨНҮН АДЕПТЕРИ

1) АЖАТКАНАГА КИРГЕНДЕ АЙТЫЛУУЧУ ДУБА

Анас ибн Малик, радыяллаху анху, риваят кылат. Пайгамбар ﷺ ажат канага кирерде мындай деп айтат эле: «Аллахумма ин-нии аъуузу би-ка миналь-хубси уаль-хабаис».  (Тирмизи)

Мааниси: Оо, Аллах! Чындыгында, мен Сенден эркек жана ургаачы жин-шайтандардын зыяндарынан коргооңду сураймын.

2) ТОСМО ЖОК ЖЕРДЕ КЫБЫЛА ТАРАПТЫ КАРАП АЖАТЫН ӨТӨБӨШ КЕРЕК

Абу Хурайра, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбар ﷺ айтты: «Эгерде силердин бирөөңөр ажатын өтөө үчүн отурса, анда ал кыбыланы карап отурбасын. Ошондой эле кыбылага артын салып дагы олтурбасын».  (Муслим)

Абу Аюб, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбар ﷺ айтты: «Эгер ажат өтөй турган болсоңор, анда кыбыла тарапка алдын да, артын да салып отурбасын. Бирок чыгыш тарапты же батыш тарапты карап олтурсун».  (Бухари)

3) АЖАТ ӨТӨП ЖАТКАНДА КИЙИМДИ ЫПЛАСТАН САКТОО КЕРЕК


Абдуллах ибн Аббас, радыяллаху анхума, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ жанаша турган эки кабырдын жанынан өтүп бара жаткан кезде: «Чындыгында, бул эки кабырда жаткан адамдар азапталышууда. Алар чоң күнөөсү үчүн азапталып жаткан жок. Мына бул кабырда жаткан адам заара кылганда заарасын тазалабагандыгы үчүн азапталууда. Ал эми бул кабырдагы болсо, ал ар дайым адамдардын арасында ушак сөздөрдү таратып жүргөндүгү үчүн азапталып жатат» – деп айтты. Андан кийин Пайгамбар ﷺ курма бутагын алып келип, аны экиге бөлүп, ал эки кабырга бир бирден сайып: «Мүмкүн ушул кабырдагылардын азабы курма бутагы кургаганга чейин жеңилдетилер» – деп айтты.  (Муслим)

4) АЖАТ ӨТӨП ЖАТКАНДА СӨЗ СҮЙЛӨБӨӨ

Ибн Умар, радыяллаху анхума, айтат: «Пайгамбар ﷺ заара кылып жатканда ага бир адам келип салам бергенде, Пайгамбар ﷺ анын саламына алик албады».  (Муслим)

5) АУРАТ ЖЕРЛЕРДИ ОҢ КОЛ МЕНЕН КАРМАБОО

Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Эгерде силердин кимдир бирөөңөр заара кыла турган болсо, анда ал жыныстык мүчөсүн оң колу менен кармабасын жана ал мүчөлөрдү оң колу менен жуубасын. Жана ошондой эле силердин кимдир бирөөңөр идиштен суу иче турган болсо, анда ал идиштин ичине үйлөбөсүн».  (Бухари)

6) ИЧ ДААРАТТЫ СОЛ КОЛ МЕНЕН АЛУУ

Пайгамбар ﷺ аялы Хафса, радыяллаху анха, айтат: «Пайгамбар ﷺ оң колун жеп-ичишке жана кийим кийүүгө колдонот эле. Ал эми алардан башка нерсени сол колу менен кылчу».  (Абу Дауд)

Айша, радыяллаху анха, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ таза иштерди кылганда жана жеп-ичкенде оң колун колдончу. Ал эми ажат өтөө иштеринде жана нажасты тазалаганда сол колу менен тазалачу».  (Абу Дауд)

Салман, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ бизди кыбылага карап ажат өтөөдөн жана ауратты оң кол менен жууштан тыйган».  (Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ОРОЗО КАРМАГАНДАР ҮЧ ТҮРДӨ БОЛУШАТ

Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды үч даражага бөлгөн:
 
1-ДАРАЖА: КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Саумуль-ауаам)
 
Бул курсакты тамак-аштан жана аврат мүчөлөрүн кумар алуудан гана тыюу, бирок мында орозо чын жүрөктөн болбой, дененин башка мүчөлөрү орозонун талаптарын толук аткарбайт. Тактап айтканда, бул даражадагы адам Аллах таала тыюу салган нерселерден толук баш тартпай, ыңгайы келсе ушакчылык, чагымчылык, жалганчылык, жалган күбө берүү жана ушу сыяктуу күнөөлөрдү кыла берет. Бул даражадагы адамдар коркунучтун үстүндө турат. Себеби, пайгамбарыбыз ﷺ: «Кээ бир орозо кармагандар ачка калып суусагандан башка сооп алышпайт, ал эми кээ бир түнкү намаз окугандар дагы түнкү уйкудан калышкандан башка сооп алышпайт» – деп айткан. Кайсы бир адам өзүнүн дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактабаса, анда өзүн тамак-аштан, суусундуктан тыйганынан эмне пайда табат? Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким жалган күбөлүк берүүнү жана аны кылууну таштабаса, анда Алла тааланын алдында анын тамак-аш, суусундукту таштаганынан не пайда» – деп айткан.

 
2-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДҮН ОРОЗОСУ (Саумуль-хауаас)
 
Бул болсо экинчи даражадагы адамдардын орозосу. Мында эң биринчи кезекте курсакты жана аврат мүчөлөрүн тыюу жана ошондой эле көздү арам нерселерден, тилди жалганчылыктан, жаман сөздөрдөн, кол-бутту арам нерселерди аткаруудан, кулакты орозодо тыюу салынган нерселерди угуудан сактоо менен дененин башка мүчөлөрү күнөөлөрдөн сакталат. Себеби, орозонун араб тилиндеги мааниси да, шарияттык мааниси да «тыйылуу» дегенди билдирет эмеспи.


3-ДАРАЖА: ӨЗГӨЧӨЛӨРДӨН ЖОГОРУ ТУРГАН АДАМДАРДЫН ОРОЗОСУ (Сауму хауаассиль-хауаас)

Бул даражадагы адамдардын орозосу жеке эле курсакты тамак-аштан, аврат мүчөлөрүн жыныстык кумардан, дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн тыюу менен чектелбестен, ошону менен бирге өздөрүнүн жүрөктөрүн Аллахтан алыстатуучу ойлордон жана маанисиз кеп-сөздөрдөн сакташат. Орозонун бул даражасындагы адамдар жүрөгү менен бир гана Аллахка байланып, Андан башка нерселерден жүз бурган адамдар. Мына ушул даража эң бийик даража! 

Аллах тааладан баарыбызды ушул даражага жеткиришин сурайлы.
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 РАМАЗАНГА 10 НЕРСЕНИ ДАЯРДА

1.
Күнөөлөрүң үчүн чын дилден тообо кыл.

2. Напсиңди такыбалыкка тарбияла.

3. Убактыңды туура пайдалан.

4. Таравих намазына даярдык көр.

5. Өзүңдү көп дуба кылууга көндүр.

6. Рамазандагы этикафка даярдык көр.

7. Кедей-кембагалдарга жардам бер.

8. Нафил намаз менен зикирди көбөйт.

9. Жаман адаттарды, айрыкча тамекини ташта.

10. Башкаларга даават кылууну күчөт.


⚠️ Макаланы толук окуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз:

➤ https://www.instagram.com/p/DU5BiVhiGRN/?igsh=bmRsZTI3dHNiejl4