ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатух.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Жалпыңыздарды кирип келген ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аллах Таала бул куттуу айда ар бириңиздерге көптөгөн ибадаттарды жана жакшылыктарды кылууга ийгилик берсин, туткан орозоңуздарды кабыл кылсын жана акыретте орозо кармаган адамдар гана кире турган Ар-Раййан бейишине кирүүнү насип этсин. Рамазан айыңыздар берекелүү болсун!

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 РАМАЗАНДЫ КАНТИП ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК
(Күнүмдүк режим)

❒ Таң атканга чейин

– Орозо кармоону жүрөктөн ниет кылыңыз.
– Түндүн акыркы үчүнчү бөлүгүндө тахажуд намазын окуп, андан соң дуба кылып ой-тилектериңизди Аллахтан сураңыз, күнөөлөрүңүз үчүн тообо кылыңыз.
– Саарлыкта жакшылап тамактаныңыз жана көбүрөөк суу ичиңиз. 

❒ Күндүзү

– Беш маал намазды сүннөттөрү менен кошо өз убагында окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы.
– Куран окууга көбүрөөк убакыт бөлүңүз. Маанисин терең түшүнүү үчүн Курандын түшүндүрмөсүн (тафсир) же котормосун окуңуз.
– Аллахты көп зикир кылыңыз. Айрыкча намаздан кийинки, таңкы жана кечки зикирлерди калтырбай айтыңыз. 
– Таравих намазга сергек туруу үчүн түштөн кийин 1 сааттай уктап алыңыз.
– Сүннөттө келген арабча дубаларды маанисин түшүнүү менен жаттаңыз жана дуба кылганда ошолорду айтыңыз. Ошондой эле пайгамбарыбызга салават айтууну эстен чыгарбаңыз.
– Күнөө иштерден болушунча алыс болууга аракет кылыңыз. 
– Ыйман тууралуу сабактарды угууга жана китептерди окууга аз болсо да убакыт бөлүңүз.

❒ Ооз ачарда

– Оозду так сандагы курма менен ачыңыз, курма жок болсо суу менен ачыңыз. Ашыкча тоюудан сак болуп, пайдалуу тамак-аштардан жеңиз.
– Туугандарга ооз ачырыңыз, бул туугандык мамилени бекемдөөгө себеп болот.
– Ооз ачардан алдын чын жүрөктөн дуба кылыңыз, Аллахтан күнөөлөр үчүн кечирим, Анын коргоосун, ырыскынын молдугун, дегеле эки дүйнөдөгү жакшылыктарды сураңыз.
– Ооз ачкандан кийин көбүрөөк суу ичиңиз.

❒ Кечинде

– 20 рекет таравих намаз окуңуз. Эркектер үчүн намазды мечитте, ал эми аялдар үчүн үйдө окуганы жакшы. Эгерде витир намазды мечитте окуй албай калсаңыз, анда үйгө келгенде сөзсүз окуңуз.
– Эрте жатууга аракет кылыңыз. Жатардан алдын даарат алыңыз, жатарда айтылуучу дубаларды сөзсүз окуңуз. Бул саарлыкка сергек ойгонууга жардам берет.

⚠️ Эсиңизде болсун, Аллахтын алдында чын ыкластан кылынган иштер гана кабыл кылынат. Ошондуктан ар бир ишти Анын ыраазылыгы үчүн гана кылуу керек. Орозону арыктоо үчүн же башка дүйнөгө байланышкан максатта эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана тутуңуз. 

Ушул берекелүү жана куттуу Рамазан айында кылган ибадаттарыңызды Аллах кабыл кылсын, акыретте толук сыйлыктарга жеткирип, бейишке кирүүнү баарыбызга насип этсин.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🟢 БУЛ НЕРСЕЛЕР ОРОЗОНУ БУЗБАЙТ

1. Билбестен жеп-ичүү (эгер жеп же ичип жатканда орозо экенин эстесе, анда жеп-ичкенин дароо токтотуп, орозосун уланта берет). 

2. Кулакка дары тамчылатуу, сууга түшкөндө же жуунганда кулакка суунун кирүүсү. 

3. Көзгө дары тамызуу же линза тагуу.
 
4. Косметикалык заттарды колдонуу, макияж кылуу (крем, духи, дезодорант ж.б.) 

5. Жубайлардын бири-бирин өбүүсү же кучактоосу. Ошондой эле жаш баланы өбүү же кучактоо.

6. Жыныстык мүчөдөн суюктуктун (маний, сперма) ыктыярсыз чыгуусу, түшүркөө, жунуп болуу же орозо экенин билбестен аялы менен жыныстык мамиле кылуусу.

7. Мисвак же тиш пастасын колдонуу, эгер жутуп алуу коркунучу болбосо. 

8. Кан анализин тапшыруу, хижама кылдыруу ж.б. жолдор менен кан алдыруу.

9. Гусулу жок болгон абалда ооз жабуу.

10. Укол алуу (инъекция), кан куюу, гемодиализ аппараты менен кан тазалатуу же дары тамчылаткыч (капельница) аркылуу дары алуу.

11. Тиш дарылатуу же жулдуруу, эгер дары, суу, кан жутуп алуу коркунучу болбосо.

12. Хирургиялык же лапароскопиялык операцияларды жасатуу.

13. Кокустан же атайын кусуу, эгер ооз толо куспаган болсо. Ооз толо кусса ооз ачылат.

14. Кусундуну кокустан жутуп алуу же тамакка кетип калуусу.

15. Мурун жана ооз көңдөйү аркылуу чаң же түтүн жутуу.

16. Ооздогу шилекейди, тамактагы какырыкты, мурундагы чимкирикти жутуу.

17. Ваннага түшүү же жуунуу, бирок мурун же ооз аркылуу суу жутуудан сак болуу.

18. Гинекологго текшерилүү жана жыныстык кынга же көтөн чучукка (ануска) дары салуу (тампон, свеча ж.б.) 

19. Кислород түтүкчөсү аркылуу жасалма дем алдыруу.

20. Тамак жасаган адам жутпастан тамактын тузун көрүүсү, андан соң оозун таза чайкоосу керек.

21. Мурун канаса же дененин бир жери кесилип же тытылып кан чыкса.

22. Ымыркайга жутпастан тамак чайнап берүү.

═════════

📌 ОРОЗОНУ БУЗГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТӨМӨНКҮ БАРАКЧАДАН ОКУҢУЗ:

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 БУЛ НЕРСЕЛЕР ОРОЗОНУ БУЗАТ

1. Орозо экенин билип туруп атайын жеп-ичүү.

2. Орозо экенин билип туруп жыныстык мамиле кылуу.

4. Атайылап бел суюктугун (сперма) чыгаруу (мастурбация, онанизм, оргазм алуу ж.б.) 

5. Тиш пастанын же тиш чайкаган суюктуктун тамакка кирүүсү.

6. Аз болсо да тиштин арасында калган тамактын калдыгын жутуу.

7. Башка адамдын шилекейин жутуу (мисалы, жубайлар өбүшкөндө ж.б.) 

8. Мурунга дары тамчылатуу, спрей чачуу.

9. Дары ичүү.

10. Тамакка дары чачыратуу (ингалятор, спрей ж.б.) 

11. Тамеки тартуу же тамекинин түтүнүн атайын жыттоо.

12. Ашказанды текшертүү үчүн шланг жутуу (эндоскопия), анткени шлангга май же крем сүйкөлөт. 

13. Клизма кылдыруу. 

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ: Кайсы бир адам орозо экенин билип туруп жеп-ичсе же жыныстык мамиле кылса, анда ал күнөөсүн жууп кетириш үчүн Рамазандан кийин удаама-удаа 60 күн (каффарат) орозо тутуп берүүсү милдет болот. 

═════════

📌 ОРОЗОНУ БУЗГАН НЕРСЕЛЕРДИ ТӨМӨНКҮ БАРАКЧАДАН ОКУҢУЗ:

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
♻️ Рамазанда ушул 8 ибадатты калтырбай аткарууга басым жасаңыз.

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 СААРЛЫКТАГЫ БЕРЕКЕ

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Саарлык ичкиле. Анткени саарлыкта береке бар». (Сахих Бухари, 1923) 

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
Саарлыктагы берекеден максат:

❑ Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн ээрчүү. Саарлыкка турган адам сүннөттү аткарып жатам деген ниетте турса, анда ал жеп-ичкени үчүн сооп алат. Сүннөттү ниет кылып турганы үчүн анын кылганы ибадат болуп эсептелет.

❑ Китеп ээлерине каршы болуу. Анткени жөөттөр жана христиандар саарлык ичишпейт.

❑ Ибадат кылууга кубат топтоо. Анткени мусулман адам күндүзү намаз, Куран окуйт, зикир сөздөрүн айтат. Эгерде ал саарлык кылбаса, анда ачкалыктан улам ибадаттарды талаптагыдай аткара албашы мүмкүн. 

❑ Күндүзү сергек жана жайдары жүрүү. 

❑ Дуба кабыл болгон учурга дал келүү. Анткени түндүн акыркы үчүнчү бөлүгү дубалар кабыл болгон учурлардан болуп эсептелет. Ким ошол учурда дуба кылса, анын кылган дубалары сөзсүз кабыл болот.

❑ Периштелердин дубасына татыктуу болуу. Анткени саарлыкка тургандарга периштелер жакшылык тилеп дуба кылышат.

❑ Ачкалыктан улам пайда болгон ачуулануу, сөгүнүү ж.б. терс мүнөздөрдөн арылуу. Эгерде адам саарлыкка турса ачкалыкты сезбейт, күндүзү көңүлү тынч жүрөт.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 СААРЛЫККА БАЙЛАНЫШТУУ 8 ХАДИС
 
Аллахтын элчиси ﷺ хадистеринде мындай деп айтты: 

❒ «Саарлык ичкиле, себеби саарлыкта береке бар». (Сахих Бухари, 1923)

❒ «Ким орозо кармай турган болсо, анда саарлыкта бир нерсе жесин». (Ахмад, 14533)

❒ «Саарлык – берекелүү тамак-аш. Андыктан аны калтырбагыла, бир уурттам суу болсо да ичкиле. Чындыгында Аллах жана периштелер саарлык ичкендерге алкыш-мактоолорду айтышат». (Ахмад, 11003)

❒ «Курма – ыймандуу адам үчүн кандай сонун саарлык». (Абу Дауд, 2345)

❒ «Биздин орозобуз менен китеп ээлеринин орозосунун ортосундагы айырма – саарлыкта тамактануу». (Сахих Муслим, 1096)

Башкача айтканда, мусулмандарды христиан менен жөөттөрдөн айырмалап турган белгилердин бири. Шариятта аларга окшошууга кескин тыюу салынган. Ошондуктан мусулман адам саарлыкка туруп тамактанып, аларга окшошпоосу керек.

❒ «Эртең мененки саарлык тамагын ичкиле! Чындыгында ал таңкы берекелүү тамак». (Насаи, 2166)

❒ «Оозуңарды (кечиктирбей) эрте ачкыла, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичкиле». (Сахих аль-Жаами, 2835)

Башкача айтканда, мусулман адам ооз ачар убактысы кирери менен дароо оозун ачуусу керек. Ал эми саарлыкты ооз жабар убактысына жакындатып ичүүсү зарыл. Болжолу ооз жабар убакытка чейин жарым саат же бир саат аралыгында жапканы жакшы.

❒ «Үч нерсе пайгамбарлардын сыпаттарынан – оозду (кечиктирбей) эрте ачуу, саарлыкты (эртелетпей) кечиктирип ичүү жана намазда оң колду сол колдун үстүнө коюу». («Мажмаъ аз-Заваид», 2/105)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: 
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим) 
 
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан: 
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер». Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (Муснад Ахмад) 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Куран – Аллахтын адамзатка түшүргөн эң улуу жакшылыгы жана Рамазан айындагы эң сооптуу ибадаттардын бири. Куран адамды бул дүйнөдө туура жолго баштайт, аны эки дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жана бактылуулукка жеткирет, кабыр сурагында адамды коргойт, кыямат кыйынчылыктарында ага шапаат кылат, акырет майданында аны эсепсиз соопторго жеткирет, аны бейишке киргизет жана анын бейиштеги даражаларын көтөрөт.

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн бир хадисинде айтат:
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ ООЗДУ УШУНДАЙ КЫЛЫП АЧКАН

Эгерде оозду сүннөткө ылайык ачам десеңиз, анда төмөндө айтылган тартипте кылыңыз:

● Ооз ачарга бир аз убакыт калганда отурасыз же турган абалда эле алакан жайып кыргызча эле дуба кылып баштайсыз. Кээ бирлер эмне деп дуба кылам дейт, дуба кылгандан оңой нерсе жок. Кудайдан каалаган нерсени сурай бересиз, мисалы, ырыскы бер, ыйман бер, ийгилик бер, ден-соолук бер, үй-бүлөмө ынтымак, бакыт бер, менин жана жакындарымдын, ошондой эле өтүп кеткен туугандарымдын күнөөлөрүн кечир ж.б.у.с. Дубада жакшы нерселерди суроо керек. Ал эми сураган жактан алганда эч кандай чектөө жок, оюңузга эмне келсе ойлонбостон эле четинен сурай бересиз. Анткени Аллах орозо кармаган адамдын ооз ачар алдында кылган дубасын эртеби-кечпи сөзсүз кабыл кылат, иншаАллах. 
 
● Ооз ачар убактысы киргенде же «Аллаху акбар…» деп азан айтылып баштаганда «бисмиллах» деп курма менен ооз ачасыз, курма жок болсо суу менен ачасыз, суу да жок болсо, анда жеп-иче турган эмне бар болсо, ошону менен ача бересиз. (Эсиңизде болсун, мусулман адам тамак-ашты оң колу менен гана жеп-ичүүсү керек).

● Андан кийин ооз ачарда айтылган «Захабаз-зомаау…» же «Аллахумма лакя сумту…» деп башталган дубалардын кайсынысын билсеңиз, ошонусун айтасыз. Негизи ооз ачардагы дубаны ооз ачкандан кийин айткан жакшы, ага чейин айтса эч нерсе болбойт. Сүннөткө ылайык келгени – ооз ачкандан кийин айтылганы.

● Андан соң эч нерсе жебестен же дасторконго жаялып олтуруп калбастан, барып шам намазын окуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ курма же суу менен ооз ачкандан кийин тамактанбастан, туруп шам намазын окуган. Себеби күндүзү кечкери ачка жүрүп, анан бир отуруп нык тоюу ашказанга жана ден-соолукка зыян. Адам ооз ачарда ичкен аз өлчөмдөгү суу же курма шам намазын окуп бүткөнгө чейин ашказанды даярдайт, ошол арада тамакты сиңирүүчү заттар бөлүнүп чыгат. Кээ бир адамдар бар, ооз ачарга чейин саатты эле тиктеп стартта турушат, убактысы келери менен шашып-бушуп, дем албастан жеп баштайт. Мындай кылуу туура эмес! Биз орозону ачка болуш үчүн тутпайбыз, өзүбүздү тазалаш үчүн, тарбиялаш үчүн тутабыз. Эгерде биз ооз ачууну сүннөткө ылайык кылсак, биринчи жагынан сооп да алабыз, экинчи жагынан ден-соолугубуз да чың болот. Анан ооз ачарда ашыкча тоюу да жакшы эмес. Шашылбастан чеги менен жеш керек. 

● Шам окуп бүткөндөн кийин дасторконго олтуруп «бисмиллах» деп шашпай тамактана бересиз. Сүннөткө ылайык ооз ачуу мына ушундай абалда болот. Пайгамбарыбыз ﷺ ушундай абалда ооз ачкан.
 
Аллах таала баарыбыздын кармаган орозобузду жана ойлогон ой-тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
✔️ Рамазанда ушул 8 нерсени сөзсүз аткарыңыз.

➤➤ https://t.me/tilmech
🎞 ООЗ АЧКАНДА ОКУЛУУЧУ ДУБА

📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir