🔴 САДАКАНЫН 17 ПАЙДАСЫ
«Садака берүүдө көптөгөн пайдалар бар. Анын санын Аллах гана билет. Анын пайдаларынан:
– Жамандыктардын зыянынан сактайт.
– Балээ-кырсыктардан алыстатат.
– Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
– Мал-мүлктү сактайт.
– Ырыскыны көбөйтөт.
– Жүрөктү кубантат.
– Аллахка болгон ишенимди күчөтөт жана Ал тууралуу жакшы ойдо гана болууга түрткү берет.
– Жан дүйнөнү тазартат жана аны өстүрөт.
– Адамды Аллахка жана адамдарга сүйүктүү кылат.
– Адамдын бардык айыптарын жаап жашырат.
– Өмүрдү узартат.
– Адамдардын ага дуба кылуусуна жана аны сүйүүсүнө себеп болот.
– Адамды кабыр азабынан сактайт.
– Кыямат күнү аны көлөкөлөйт.
– Аллахтын алдында ага шапаат кылат.
– Бул дүйнөдөгү жана акыреттеги кыйынчылыктарды жеңилдетет.
– Бардык жакшылык иштерди кылууга түрткү берет.
Андыктан аны оор деп санаба. Анткени садаканын пайдалары мындан дагы көп».
📖 “Уъддат ас-Сообирин”, 254-бет
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

⚠️ Ооз ачардан алдын сөзсүз дуба кылыңыз. Жашоодо муктаждыгыңыз, ойлогон жакшы ой-максаттарыңыз же кабыл болсо экен деп жүргөн тилектериңиз болсо, анда ооз ачардан алдын алакан жайып Аллахтан сураңыз. Аллах орозо кармаган пендесинин дубасын, айрыкча ооз ачардан алдын кылган дубасын сөзсүз кабыл кылат, пендесинин сунган колдорун куру кайтарбайт, анын сураганын берет жана тилегин ишке ашырат.
Аллах таала баарыбыздын кармаган орозобузду жана ойлогон ой-тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!
➤➤ https://t.me/tilmech
Аллах таала баарыбыздын кармаган орозобузду жана ойлогон ой-тилектерибизди кабыл кылсын! Аамиин!
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЧЫНЫГЫ ОРОЗО 6 НЕРСЕНИ АТКАРУУ МЕНЕН БОЛОТ
Имам Газали ﴾ رحمہ الله تعالــﮯ ﴿ айтты:
«Өзгөчө адамдардын орозосу – бул салих адамдардын орозосу. Ал дене-мүчөлөрдү күнөөлөрдөн тыюу менен ишке ашат жана ал алты нерсени аткаруу менен толук болот:
✦ КӨЗДҮ арамдан сактоо, аны жаман нерселерди кароодон, жүрөктү алек кылган жана Аллахты зикир кылуудан алаксыткан бардык нерселерден тыюу.
✦ ТИЛДИ пайдасыз сөздөрдөн, жалгандан, ушактан, чагымчылыктан, душмандыктан, талашып тартышуудан тыюу жана аны унчукпай жүрүүгө, Аллахты зикир кылууга жана Куран окууга көндүрүү.
✦ КУЛАКТЫ бардык жаман сөздөрдөн сактоо. Кайсы бир сөздү айтуу арам болсо, анда ага кулак салуу да арам болот.
✦ КОЛ, БУТ сыяктуу денинин башка мүчөлөрүн жаман иштерден сактоо.
✦ Ооз ачар маалда КУРСАКТЫ нык тойгузуудан сак болуу. Белгилүү болгондой орозонун максаты – адамдын жанын такыбалык менен кубаттоо үчүн курсакты бош кылуу жана напсини сындыруу болуп эсептелет.
✦ Ооз ачкандан кийин ЖҮРӨК түпкүрүндө «орозом кабыл болуп, Аллахка жакын адамдардан болдумбу же орозом кабыл болбой, каарга калгандардан болдумбу?» деген коркунуч менен үмүттүн бар болуусу. 📖 "Ихья улуум ад-Диин", 1/21
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Орозо — эң улуу ибадаттардан болгону себептен анын сообун Аллах Өзүм гана берем деп убада кылган.
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ
Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)
Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)
═══════════════

🔴 САЖДА – ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУШ СЕБЕПТЕРИНЕН
Пендени Аллахка жакындатуучу ибадаттардын бири – Аллахка сажда кылуу. Сажда кылган кезде пенде Аллахка жакындайт. Ал эми Аллахка жакындоо – анын дубасынын кабыл болушуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айтты:
«Пенде сажда кылганда Раббисине эң жакын абалда болот. Андыктан саждада көп дуба кылгыла». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берет:
«Мунун мааниси пенде сажда кылганда Раббисинин ырайымына жана жакшылыгына эң жакын абалда болот дегенди билдирет». (Шарх Сахих Муслим)
Пайгамбарыбыз ﷺ өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сахабаларына мындай деп насаатын айтып кеткен:
«Саждада дуба кылганга басым жасагыла, мына ушул силердин (дубаңарга) жооп берилишине татыктуусу». (Сахих Муслим)

🔴 КЫЗЫМДЫ КАНДАЙ АДАМГА ТУРМУШКА БЕРЕЙИН?
Күндөрдүн биринде бир адам Хасан ибну Алиге келип:
– Менин кызым бар. Анын колун сурап көп адамдар куда түшүп жатышат. Кандай адамга турмушка берейин? – деп кеңеш сураганда, ал мындай деп насаат кылды:
– Аллахтан корккон такыба адамга турмушка бер. Эгер ал аны сүйсө урматтайт, эгер аны жактырбаса, анда ага зулумдук кылбайт.
📖 “Аль-Иъял” Абу ад-Дунья, 1/273
Андыктан ар бир ата-эне кызын турмушка берерден алдын биринчи кезекте баланын динге болгон бекемдигин, ыйманын жана адеп-ахлагын кароосу керек. Анткени кызы өмүр бою ал адамдын кол астында болот, өмүр өткүчө ал адамдын жанында болот. Ыймандуу, такыба адам эч качан анын укугун тебелебейт, аны басмырлабайт, анын алдындагы милдеттерин толук аткарат.
А эгер ата-эне баланын ыйманына карабастан, анын байлыгына же кызматына гана карап кызын турмушка берсе, анда кызы өмүр бою анын запкысын тартып кор турмушта жашап өтүшү мүмкүн. Себеби ыймансыз адам аялынын алдындагы милдеттерине кайдыгер карайт, аны басмырлайт, анын төмөн адам катары санайт.

🔴 ООЗ АЧУУНУН СҮННӨТКӨ ЫЛАЙЫК 9 ЖОЛУ
❒ Ооз ачардан алдын дуба кылуу. Сүннөттө келген дубаларды айткан жакшы. Эгер арабча дубаларды билбесе, анда кыргызча эле жакшы ой-тилектерин сурап дуба кыла берсе болот. Анткени орозо кармаган адамдын, айрыкча ооз ачар маалда кылган дубасы сөзсүз кабыл болот.
❒ Ооз ачар убактысы киргенде кечиктирбестен эрте ачуу. Пайгамбарыбыз ﷺ оозду өз убактысында ачууга буйруган.
❒ «Аллаху акбар» деп азан айтылып башталары менен оозду ачуу. Азандын бүтүшүн күтүш шарт эмес. Анткени ооз ачар убактысы кирери менен азан айтылат.
❒ Ооз ачардан алдын «бисмиллах» деп айтып, андан кийин жаңы бышкан же кургатылган курма менен ачуу. Эгер курма болбосо, анда суу менен ачат. Эгер курма да, суу да болбосо, анда каалаган тамак-аш менен ача берсе болот.
❒ Оозду ачкандан кийин ушул дубаны айтуу керек:
«Захабаз зома-у уабталлатиль уъруук уа сабаталь ажру ин шаа Аллах (Чаңкоолук кетти, тамырлар нымышып суу жетти жана Аллах кааласа сооп-сыйлык да анык болду)».
⚠️ Пайгамбарыбыз ﷺ ооз ачар дубасын ооз ачкандан кийин айткан. Бизде көпчүлүк адам бул дубаны ооз ачардан алдын айтат. Сүннөт боюнча «бисмиллах» деп оозун ачып, андан кийин ооз ачар дубасын айтуу керек.
❒ Курма же суу менен оозун ачкандан кийин азанчынын айтканын кошо кайталоо.
❒ Азан бүткөндө азандын дубасын айтуу.
❒ Андан соң туруп шам намазын окуу. Себеби пайгамбарыбыз ﷺ оозун курма же суу менен ачкандан кийин дасторконго отурбастан биринчи шамды окуган, андан кийин келип шашпай тамактанган. Анткени шамды окуп бүткүчө ашказан тамакты кабыл алууга даяр болот. Ушундай кылуу ден-соолукка пайдалуу.
❒ Кайсы бир жерге ооз ачууга барса, анда ооз ачып бүткөндөн кийин үй ээсине жакшылыктарды тилеп дуба кылуу сүннөт болуп саналат.