ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
⚠️ Ар бир мусулман үчүн зарыл болгон бул 3 дубаны жаттаңыз, сактап алыңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ

Аллах таалага жакындаткан эң улуу нафил ибадаттардын бири – Куранды дайым окуу, кунт коюп угуу жана анын ичиндеги маанилерге ой жүгүртүү. Курандын ар бир тамгасында сооптор бар, ар бир аятында жакшылыктар бар, ар бир сүрөөсүндө эки дүйнө бактысына багыт көрсөткөн жолдомолор жана жол-жоболор бар. Куран китеби бизге Кудайды тааныткан эң улуу китеп жана ал пенде менен Раббисинин ортосундагы эң күчтүү байланыш.
 
● Улуу сахабалардын бири Хаббаб ибну аль-Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп насыйкат кылган:
 
«Аллахка жакындоого болушунча аракет кыл! Билип кой, Аллахка сүйүктүү иш-аракеттердин арасынан сени Ага Куран китебинчелик башка эч нерсе жакындата албайт». («Жаамиъ аль-Улуум уаль-Хикам», 36)
 

● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат: 

«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:

– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал: 

– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤
https://t.me/tilmech
➤➤
https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Рамазан дуба-тилектер кабыл кылынуучу ай. Бул улуу айда дуба кылууну унутпаңыз. Айрыкча ооз ачуу убактысында кылынган дуба сөзсүз кабыл кылынат.

➤➤ https://t.me/tilmech
📍СУРОО: КРЕДИТИ БАР АДАМ САДАКА БЕРСЕ БОЛОБУ?

ЖООП:
Кредит алуу чоң күнөө. Адам бул кылган күнөөсүнө тообо кылып, тезинен кутулуп, экинчи албоосу керек. Кредит алуу оюнчук эмес, кыйналса да албаш керек. Анткени анын пайдасынан зыяны, кесепети жана азабы чоң. Чынында кредит алып эч ким жыргаган эмес.
Ал эми кредити бар туруп садака берген болбойт. Анткени садака берүү – сүннөт, карыздан кутулуу – парз. Адам алгач мойнундагы карызынан кутулуусу зарыл. Кредитти тыйындап төлөсө да, тезинен жабыш керек, канчалык узарган сайын, күнөөсү да ошончолук көбөйө берет.
🌙 Рамазанда муктаж адамдын оозун ачырып, дубасын алыңыз!

Урматтуу мусулман бир туугандар! Рамазан — берешендиктин айы. Бул берекелүү айда берешендик кылган пендесине, Аллах эселеп кайтарат. Келиңиз, муктаж адамдардын ооз ачыруу долбооруна сиз дагы шериктеш болуңуз. Пайгамбарыбыз айткан:

«Ким орозо кармаган адамдын оозун ачырса, ага орозо кармагандын сообундай сооп берилет...». (Тирмизи)

Ошондуктан бул куттуу айда акчабыздын бир бөлүгүн муктаждардын ифтар тамагына жумшайлы. Сиздин 100, 200 же 500 сомуңуз бир адамдын курсагын тойгузуп, сизге чексиз сооп алып келет.

Биз жылуу үйдө, кенен дасторкон үстүндө ооз ачып жатканда, арабызда жетишпеген үй-бүлөлөр бар. Сиздин кичинекей жардамыңыз арабыздагы жетишпеген үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулайт.

🍽 Бир адамдын оозун ачырууга кеткен тамактын баасы болгону 450 сом.

✅ Төлөм үчүн О!Деньги: 0703607076
‼️ Ойлонбой сала берсеңиздер болот. Ишенимдүү адамдар💯
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 8-МАРТ БИЗДИН МАЙРАМ ЭМЕС!
🔴 РАМАЗАНДА ӨЗҮҢДҮ КУРАНГА АРНА

Куран окуу – Рамазан айындагы эң сооптуу ибадаттардын бири. Куран адам баласын бул дүйнөдө туура жолго баштайт, аны эки дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгына жана бактылуулукка жеткирет, кабыр сурагында адамды коргойт, кыямат кыйынчылыктарында ага шапаат кылат, акырет майданында аны эсепсиз соопторго жеткирет, аны бейишке киргизет жана анын бейиштеги даражаларын көтөрөт. 

Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде айтат: 
«Куранды окугула! Чындыгында ал кыямат күнү аны окугандарга шапаат кылып келет». (Сахих Муслим) 
 
Ал эми башка бир хадисинде мындай деп айткан: 
«Кыямат күнү орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүзү шакыбатынан жана тамагынан тыйдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер. Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым. Мага бул пендеңе шапаат кылганга уруксат бер». Ошондо ал экөөнө шапаат кылууга уруксат берилет». (Муснад Ахмад) 
 
Андыктан орозо туткан адам ыйык Рамазан айында Куранды көбүрөөк окуганга аракет кылуусу зарыл. Анткени бул айда кылынган ибадаттын сообу башка айларга караганда сооптуу. 
 
✅ ААЛЫМДАРДЫН КУРАН МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕСИ 
 
– Аалымдардын бири аль-Асвад Рамазандын ар бир эки түнүндө Куранды бир жолу окуп бүтүргөн. 

– Улуу табийиндердин бири ан-Нахаи Рамазан айынын акыркы он күнүндө Куранды беш жолу окуп бүтүргөнгө жетишет эле. Ал эми башка айларда ар бир үч күндө бир жолу Куранды толук окуп бүтүргөн. 

– Имам Катада болсо Рамазандын алгачкы жыйырма күнүнүн ар бир үч күнүндө Куранды бир жолу бүтүрүп, ал эми акыркы он күнүнүн ар бир түнүндө Куранды баштан аяк бир жолу окуп чыгат эле. Ал эми башка айларда үч күндө бир жолу бүтүргөнгө жетишкен. 

– Имам Абу Ханифа жана имам Шаафи Рамазандын ичинде намаздан тышкары убакта Куранды жалпы алтымыш жолу окуп бүтүргөн. 

– Имам аз-Зухри Рамазан айы киргенде «Чындыгында бул ай – Куран тилават кылуунун жана адамдарды тамактандыруунун айы» – деп айтчу. 

– Ибну Абдулхакам айтат: «Имам Малик Рамазан айы келгенде хадис китептерди окууну, илимдүүлөр менен отурууну таштап, Куран китепти окуганга гана көңүл бөлчү». 

– Абдураззак айтты: «Суфиян ас-Саури Рамазан айы кирип келгенден баштап бардык нафил ибадаттарды таштап, Куран окууга гана басым койгон». 

– Аиша энебиз Рамазан айында күн чыкканга чейин Курандан көзүн албай окучу, күн чыккандан кийин гана жатып эс алат эле. 
 
✅ КУРАН ОКУУНУН АДЕПТЕРИ 
 
1. Куранды окуудан алдын даарат алуу. 
2. Куран китебин даараттуу болгон абалда гана кармоо. 
3. Куран окуудан алдын мисвак менен оозду тазалоо. 
4. Кыбылага жүздөнүү (эгер мүмкүн болсо, болбосо өзүнө ыңгайлуу тарапты карап окуй берет). 
5. Куранды Аллахтын ыраазылыгы үчүн чын ыкластан окуу. 
6. Аяттын маанилерине терең ой жүгүртүп, шашылбастан окуу. 
7. Куранды тажвид эрежелери менен ар бир тамгасын, ар бир сөзүн туура жана так окуу. Себеби бул адамды чын дилден окууга түрткү берет. 
8. Куран окуп жатканда башка нерселерге алаксыбоо, башкалар менен сүйлөшпөө. 
9. Куранды окуганда андагы айтылгандарга чын жүрөктөн ишенип, аларды турмушта иш жүзүндө аткарып жана ал арам дегенин арам деп, ал адал дегенин адал деп билүү.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
⚠️ Быйыл 2026-жылы Рамазан айынын акыркы 10 түнү 10-марттан 11-мартка караган түнү башталат.

Демек, бүгүн ооз ачкандан кийин (шамдан кийин) Рамазан айынын 21-түнү башталат.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 КАДЫР ТҮНДҮ КАЙСЫ ТҮНҮ ТОСУУ КЕРЕК?

Максат ажы Токтомушев

⚠️ Бүгүн ооз ачкандан кийин (шамдан кийин) Рамазан айынын 21-түнү башталат.

▷ t.me/risalatkg