ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 КУРАН МЕНЕН ОРОЗОНУН АКЫРЕТТЕГИ ОРДУ
  
Кыяматтын кыйын күндөрүндө адам баласы кыпындай соопко муктаж болуп, кыйынчылыктан кутулуунун жолун издеп, эмне кыларын билбей жан дүйнөсү тилинип турганда, анын бул дүйнөдө окуган Кураны жана кармаган орозосу Аллахтын алдында ага ортомчулук кылат, анын таламын талашып коргойт. Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«Кыямат күнү орозо жана Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо айтат: «Оо, Раббим! Мен аны күндүз кумарлануудан жана тамактануудан тыйдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ал эми Куран айтат: «Мен аны түн уйкусунан калтырдым, эми мага ал үчүн шапаат кылууга уруксат бер». Ошондо аларга шапаат кылууга уруксат берилет». (Ахмад, 6626)

Көпчүлүк адамдар хадистеги «шапаат кылат» деген сөздү окуганда, буга анчалык деле маани бербейт, кадимки эле көрүнүштөй кабыл алат. Бирок кыямат күнү адамдын акылына келбегендей коркунучтар аны туш тараптан каптаганда, адам ким мага шапаат кылар экен, ким мага жардам берер экен деп зар какшайт. Ошол күндө Курандан окуган ар бир тамгаң, Аллах ыраазылыгы үчүн кармаган ар бир орозоң сени издейт, Кудай алдында сени жактап чыгат, сага шапаат кылып, кыяматтагы кыйынчылыктардан коргойт.

Бул дүйнөдө башыбызга кыйынчылык келген кезде жардам бере турган адамдарды эстейбиз, ал эми кыяматка барганда эч бир адам оюбузга келбейт, ал кезде бизге жардам бере турган ибадаттарды гана эстейбиз. Эгерде бул дүйнөдө акыретиң үчүн камдаган ибадатың болбосо, анда кыяматта унутта каласың, кордукта каласың, өмүрүңдө болуп көрбөгөндөй эң катаал азаптарды баштан кечиресиң. 

☝️ Эми ойлонуп көрчү, акырет жашооң үчүн канча Куран даярдадың, канча орозо камдадың? Куран оку десе, кээ бир адамдар тилим келбейт деп чыгат, орозо карма десе ар кайсы шылтоонун башын айтат. Акыретке барганда Курандан башымды көтөрбөй окуйм деп жалдырасаң да, ооруп кыйналганыма карабастан орозо кармайм деп жалынсаң да, сенин бир дагы суранычың кабыл кылынбайт. Андыктан үйрөнө албайм, тилим келбейт деп ар кайсы шылтоону айта бербей Куран окуганды үйрөн, орозо кармай албайм деп көрүнгөн шылтоолорду издей бербей орозо карма. Анткени чыныгы жашоодо ушул нерселердин гана пайдасын көрөсүң. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
⚠️ Бүгүн (12-март) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 23-түнү башталат.

Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

‼️ КАДЫР ТҮНҮ:

• Намаз окуңуз
• Куран окуңуз
• Дуба кылыңыз
• Зикир сөздөрүн айтыныз

➤➤ https://t.me/tilmech
🔵 РАМАЗАНДЫН АКЫРКЫ ОН КҮНҮНДӨ УШУЛ ДУБАНЫ КӨП АЙТ

Бүгүн Рамазандын акыркы он күнү башталды. Бул акыркы он түндүн биринде Кадыр түн катылган. Ал кайсы түн болору белгисиз. Мына ошондуктан Рамазандын акыркы он күнүндө жана түнүндө мына ушул дубаны оозуңуздан түшүрбөй айтып жүрүңүз. Эгерде Кадыр түнгө туш болуп, ошол убакта бул дубаны чын дилден айткан болсоңуз, анда түбөлүк бакытка, Аллахтын кечиримине жана ырайымына жетесиз. Ошондой эле Кадыр түндүн улуу соопторуна ээ болосуз.

📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ЖУМАГА ЭРТЕ КЕЛГЕНДЕРДИ ПЕРИШТЕЛЕР ЖАЗЫП ТУРУШАТ

Абу Умама, радыяллаху анху, айтат:
“Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Жума күнү мечиттердин эшиктеринде периштелер олтурушат. Аларда барактар бар, адамдарды (биринчи келгенине карап) жазып турушат. Имам (минбарга) чыккан кезде барактар жыйылат”. Мен: “Эй, Абу Умама! Имам (минбарга) чыккандан кийин келген адамга жума жокпу?” – деп сурадым. Ал: “Жок (ал жума окуйт), бирок ал барактарга жазылгандардан болбой калат” – деп айтты”. (Ахмад)

Абу Саид ал-Худри, радыяллаху анху, риваят кылат. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
“Жума күнү болгондо периштелер мечиттердин эшиктеринде олтурушуп алдыңкы келгенине карап жазып турушат. Биринчи келген адамга төөнү курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга уйду курмандык кылгандын сообун, андан кийин келген адамга койду курмандык кылгандын сообун, андан кийинки келген адамга тоокту курмандык кылгандын сообун жана андан кийин келген адамга жумуртканы курмандык кылган адамдын сообун жазып турушат. Азанчы азан айтып, имам минбарга олтурганда алар жазып жаткан барактар жыйылат жана периштелер мечитке кирип, хутба угушат”. (Ахмад)

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ДУБА КЫЛУУ ТАГДЫРДЫ ӨЗГӨРТӨТ

▷ t.me/risalatkg
🔴 ДУБА КЫЛГАН АДАМ УШУЛ ҮЧ НЕРСЕНИН БИРИНЕ ЖЕТЕТ
 

Кээде адам жакшы ой-тилектерин Аллахтан сурап көпкө чейин талыкпай дуба кылат, бирок эч кандай натыйжа чыкпаганын көрүп, дубам кабыл болбойт окшойт деген ойдо дуба кылууну такыр таштап коёт. Мындай кылган туура эмес! Дубаны таштап коюу өтө чоң жаңылыштык. Дуба – Аллахтын мусулманга берген эң чоң куралы. Ким ал куралды туура колдоно билген болсо, анда ал акыры көздөгөн ой-максатына сөзсүз жетет.

Билесизби, пайгамбарыбыз ﷺ хадисинде эмне деп айткан:
 
«Акыйкатта Аллах – Уялуучу жана Берешен. Эгерде пендеси колун сунуп Андан бир нерсе сураса, аны куру жалак кайтаргандан уялат». (Тирмизи, 3556)

Сиз дуба кылдыңызбы? Эгер кылсаңыз, анда эч кабатыр болбоңуз. Анткени кылынган дуба эч качан текке кетпейт. Нажыйжада ушул 3 нерсенин бирөөсүнө жетесиз:

➤ Аллах ал дубаңызды бул дүйнөдө кабыл кылат.

➤ Же ал себептүү сизди кырсык-балээден сактайт.

➤ Же кыяматта ал дубаңыз үчүн көптөгөн сооп-сыйлыктарды берет.
 
Кээ бир диний булактарда ушундай деп айтылган сөздөр бар, адамдар кыяматка барганда бул дүйнөдө кабыл кылынбаган дубалары үчүн берилген соопторду көргөндө, алар дүйнөдө эч бир дубам кабыл болбой эле койсо болмок экен деп арман кылышат. Анткени Аллах адамдын кылган дубасын эч качан текке кетирбейт, Ал аны бул дүйнөдө кабыл кылбаса, анда ага акыретте эселеген соопторду берет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
⚠️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

‼️ КАДЫР ТҮНҮ:

• Намаз окуңуз
• Куран окуңуз
• Дуба кылыңыз
• Зикир сөздөрүн айтыныз

➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КАДЫР ТҮНДӨ ДҮЙНӨДӨН МУРУН АКЫРЕТТИ СУРА

Мусулман адам Рамазан айында, айрыкча акыркы он түнүндө көп дуба кылуусу зарыл. Айрыкча Кадыр түнгө байланыштүү сүннөттө келген дубаны көп айтканы жакшы. 
 
Күндөрдүн биринде Аиша энебиз пайгамбарыбыздан ﷺ: «Оо, Аллахтын элчиси! Эгер мен Кадыр түн кайсы түнү экенин билип калсам, эмне деп айтайын?» – деп сураганда, ал мындай деп айт деген: 
«Аллахумма иннакя аъфуввун, тухиббуль аъфва, фаъфу аъннии (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечир)». (Тирмизи, 3513)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
Ибн Касир ﴾رحمہ الله تعالــﮯ﴿ айтты: 

«Бардык убакта дуба кылуу сүннөт. Рамазан айында, анын акыркы он түнүндө, айрыкча так түндөрүндө көбүрөөк кылуу зарыл. Ушул дубаны көбүрөөк айтуу сүннөт: «Аллахумма, иннакя аъфуввун, тухиббуль афъва, фаъфу аъннии». («Тафсир» Ибну Касир, 8/472)

Ибн Каййим ﴾رحمہ الله تعالــﮯ﴿ айтты: 

«Эгерде Ал сени кечирсе, анда сага муктаждыктарың суратпастан келет». («Минхаж аль-Каасидин», 1/343)

Имам Абдулхамид ﴾رحمہ الله تعالــﮯ﴿ айтты:

«Кадыр түн дүйнө үчүн эмес, динди максат кылыш үчүн берилген. Көпчүлүк адамдар «эгер Кадыр түндүн кайсы түнү болорун билсем, анда дүйнөнү сурамакмын» деп кыялданышат. Кимде ушундай ой пайда болгон болсо, анда ал тообо кылсын. Аллах таала ﷻ улуу Китебинде мындай деп айткан:
«Ким акырет эгинзарын кааласа, Биз анын эгинзарын көбөйтүп беребиз. Ал эми ким дүйнө эгинзарын кааласа, Биз ага андан беребиз, бирок ал үчүн акыретте үлүш жок». (Шуура сүрөөсү, 20-аят)
Биз муну менен кайсы бир адамдын Аллах таала жаратып койгон себептерди аткарып, дүйнөгө жетүүгө болгон аракетин туура эмес дебейбиз. Биз акыретти коюп, дүйнөнү гана ойлогон адамдын кылганын туура эмес дейбиз. Алар акыретти эсине албай, дүйнөнү гана сурайм деп кадыр түндү күтүп турушат». («Аасар аль-Имам Абдулхамид», 2/329)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 КАДЫР ТҮН МИҢ АЙДАН ДА АРТЫК

Аллах таала ыйык Куранда айтты: 
«Кадыр түн – миң айдан да артык (түн)». (Кадр сүрөөсү, 3-аят)
 
Кадыр түн – жыл ичиндеги эң улуу түн. Мусулман адам бул түндө кандай ибадат кылбасын, ал ибадаты Аллахтын алдында миң ай кылынган ибадаттан да жакшыраак. Аллах таала мындай артыкчылыкты Кадыр түнгө гана берген. Жыл ичиндеги башка эч бир түн бул түндүн даражасына жетпейт. 
 
Миң айды жыл менен эсептей турган болсок, 83 жыл 4 айга барабар. Азыркы күндө 83 жашка чыккан адамдар саналуу гана. Эгерде адам ошончо жашка чыкса дагы ал өмүр бою ибадат кыла албайт. Бирок Аллах Өзүнүн сүйүктүү пенделерине акылга сыйгыс мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Эгерде мусулман адам Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөргөн болсо, анда анын ошол түнкү кылган ибадаты – Аллахтын алдында миң айдан ашык кылынган ибадаттан да артык деп айтылган.

Анас ибн Малик айтты:
«Кадыр түндөгү кылынган ибадат, садака, намаз жана зекет миң айдан да жакшыраак». (Ад-Дурру аль-Мансур, 6/370)
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
⚠️ Бүгүн (16-март) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 27-түнү башталат. Бул түн кадыр түн болуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болгон түн.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ТОСУУ КЕРЕК?

❏ КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАДАН БАШТАП ТОСУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түн шам намазынан баштап багымдат намазына чейинки аралыкта тосулат. Тагыраак айтканда, ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин тосуу керек.

❏ КАДЫР ТҮНДӨ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК? 
 
ЖООП:
Кадыр түндө жалпы эле ибадаттарды кылууга уруксат. Бирок төрт ибадатка айрыкча көңүл буруу зарыл: 
1) Намаз 
2) Куран 
3) Зикир 
4) Дуба 
Ушул төрт ибадатты алмак-салмак кылыңыз. Мисалы, намаз окуңуз, эгер чарчасаңыз Куран окуңуз. Эгер уйкуңуз келип баратса, эшикке чыгып уйкуңузду ачып сергип келиңиз, кийин туруп кайра намаз окуңуз, андан соң отуруп зикир чалыңыз, намаздардын араларында дуба кылыңыз ж.б. Ар бир убакытты ушул ибадаттардын бири менен өткөрүңүз.

❏ МИСАЛЫ, КАЙСЫ НАМАЗДАРДЫ ОКУЙБУЗ? КАНДАЙ НИЕТ КЫЛАБЫЗ?
 
ЖООП:
Кадыр түн үчүн атайын белгиленген намаз жок. Адатта орозодо окулган намаздарды окуй бересиз, мисалы таравих намазы окулат, тахажуд намазы окулат ж.б. Мисалы, куптанды окуңуз, андан кийин таравихти окуңуз. Андан кийин эки-эки рекеттен тахажуд окуңуз. Тахажуд намазы кадимки эле эки рекет намаздай окулат, бир гана айырмасы, ниет кылганда тахажуд намазы деп кыласыз. Канча кааласаңыз ошончо окуй бересиз. 

❏ КУРАН ОКУГАНДА АРАБЧАДАН ОКУУ КЕРЕКПИ? ЖЕ КОТОРМОСУН ДА ОКУСА БОЛОБУ?
 
ЖООП:
Эң жакшысы арабча Куранды окуганы. Анткени хадистерде Курандын окулган ар бир тамсына ондон сооп берилет деп жазылган. Эгерде арабча окуганды билбесеңиз, анда Курандын кыргызча котормосун окуңуз же болбосо Курандан жаттаган сүрөөлөрдү оозеки окусаңыз да болот. 

❏ ДУБА КЫЛГАНДА КАНДАЙ ДУБАЛАРДЫ КЫЛУУ ЗАРЫЛ?
 
ЖООП:
Дуба кылганда жалпы эле дубаларды кыла бересиз, Куран-сүннөттө келген дубаларды айтканыңыз жакшы. Билбесеңиз, анда жакшы ой-тилектерди камтыган жалпы эле дубаларды айтсаңыз болот. Мисалы: «Оо, Аллах! Мени туура жолго сал, бейишке киргиз, тозоктон сакта, мага хидаят бер, күнөөлөрүмдү кечир, тооболорумду кабыл кыл, бактылуу, ырыстуу пенделериңден кыл, акыретте бейишке кирүүнү насып кыл, акыйкат жолдон адаштырба, ыйманымдан айрыба, ден-соолукта кыл, ийгилик бер ж.б.» маанидеги дубаларды айтсаңыз болот.

⚠️ Дуба кылардан алдын сөзсүз дубанын адептерине көңүл буруу зарыл. Дуба кылардан алдын алгач Аллахка мактоолорду айтып, Аны улуктап баштаңыз, андан соң пайгамбарыбызга салават айтыңыз, андан соң дуба кылыңыз, тилектериңизди сураңыз, анан акырында салават айтып бүтүрүңүз. Кимде-ким ушундай кылса, анда анын дубасы кабыл болот.

❏ КАДЫР ТҮН ТОСУУДА ЭМНЕЛЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ КЕРЕК?
 
ЖООП:
Кадыр түндө ибадаттан алаксыткан, күнөө болгон бардык иштерден алыс болуу зарыл. Мисалы, телевизор көрүү, кино көрүү, сотка чукулоо, интернетке алаксуу, ушакташуу, адамдар менен чогулуп дасторкон жайып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп олтуруу ж.б. Кээ бир адамдар ойлошот, Кадыр түндө уктабасаң эле тоскон болосуң деп. Бул туура эмес. Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөрүү керек. Себеби бул түн жыл ичиндеги эң ыйык түн. Ким ушул түндү ибадат кылуу менен өткөрсө, анда анын кылган ибадаттары миң ай ибадат кылганга барабар болот. Ошондуктан бул түндүн ар бир мүнөтүн ибадат менен гана өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
⚠️ Бүгүн (16-март) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 27-түнү башталат. Бул түн кадыр түн болуу ыктымалдуулугу көбүрөөк болгон түн.

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

➤➤ https://t.me/tilmech
🔵 КАДЫР ТҮНДҮ ИЙГИЛИКТҮҮ ТОСУУ ҮЧҮН МААЛЫМАТТАР ТОПТОМУ:

➤ Кадыр түндү кантип тосуу керек?
https://t.me/tilmech/3727

➤ Айызы келген аял Кадыр түндү кантип тосот?
https://t.me/tilmech/3728

➤ Кадыр түндө ушул зикирлерди көп айтыңыз.
https://t.me/tilmech/3730

➤ Кадыр түндө окулуучу дуба жана кадыр сүрөсү.
https://t.me/dubazikir/154
https://t.me/dubazikir/49
https://t.me/dubazikir/46

➤ Кадыр түнгө карата 3 алтын кеңеш.
https://t.me/risalatkg/446

➤ Кадыр түнгө байланыштуу атайын намаз барбы?
https://t.me/risalatkg/1438

➤ 300 миң кулду азат кылгандай сооп алгыңыз келеби?
https://t.me/tilmech/3732

➤ Кадыр түндө эмнени сурап дуба кылуу керек?
https://t.me/tilmech/3733

➤ Кадыр түн бир жылдык тагдырлар түшө турган түн.
https://t.me/risalatkg/1425

📌 ДУБА-ЗИКИРЛЕР КАНАЛЫ:
https://t.me/dubazikir

Аллах Таалам баарыбыздын бул түндө кылган ибадаттарыбызды, дуба-тилектерибизди кабыл кылсын 🤲

⚠️ Башкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз, башкалардын да бул ыйык түндү жемиштүү өткөрүүсүнө себепчи болуңуз.
🔴 КАДЫР ТҮНДӨ УШУЛ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТЫҢЫЗ

Кадыр түндө айтылган зикирлердин эң жакшысы – «Аллахумма иннакя аъфуввун, тухиббуль-аъфва, фаъфу аънни» (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечир). 

Ошондой эле төмөнкү зикирлерди да айтсаңыз болот:

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)

❏ СУБХААНАЛЛАХ (Аллах айып-кемчиликтерден Аруу)

❏ АЛХАМДУЛИЛЛАХ (Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун)

❏ АЛЛАХУ АКБАР (Аллах улук)

❏ СУБХААНАЛЛАХИ УА БИХАМДИХИ (Аллах аруу жана Ага мактоолор болсун)

❏ СУБХААНАЛЛАХИ УАЛХАМДУЛИЛЛААХИ УА ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАЛЛААХУ АКБАР (Аллах аруу, Ага мактоо болсун, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах улук)

❏ АСТАГФИРУЛЛАХ (Аллахтан кечирим сурайм)

❏ АСТАГФИРУЛЛАХА УА АТУУБУ ИЛАЙХИ (Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тообо кылам)

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛА АНТА, СУБХААНАКА, ИННИИ КУНТУ МИНАЗ-ЗООЛИМИИН (Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң! Чындыгында мен өзүмө зыян кылуучулардан болдум)

❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАХДАХУ ЛАА ШАРИИКА ЛАХУ, ЛАХУЛЬ МУЛЬКУ УА ЛАХУЛЬ ХАМДУ УА ХУА АЪЛАА КУЛЛИ ШАЙИН КОДИИР (Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү)

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ 
⚠️ Бул зикирлерди канча кааласаңыз айта бересиз. Ар бирин жүздөн айтыңыз же миңден айтыңыз, кыскасы эч кандай чектөө жок. Канчалык көп айтсаңыз ошончолук сооптуу. Ошондой эле зикирди айтардан алдын сөзсүз түрдө анын кыргызча маанисин да окуп алыңыз. Айтып жатканда Аллахтын улуктугун жүрөгүңүз менен сезип, жан-дилиңиз менен берилип чын ыкластан айтыңыз. Зикирди тил менен гана кайталай бербестен, андагы камтылган маанини жүрөк менен туюп айтуу зарыл. Мына ошондо зикир толук болуп эсептелет.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 300 МИҢ КУЛДУ АЗАТ КЫЛГАНДАЙ СООП АЛГЫҢ КЕЛЕБИ?

Зикир кылуу – эң улуу жана эң жеңил ибадаттардын бири. Анткени ал тилге жеңил жана адамдан көп аракетти талап кылбайт. Айрыкча Рамазан айында кылуу сооптуу иштерден болуп саналат. Эгерде адам Кадыр түнү зикир кыла турган болсо, анда ал он миң эсе көп сооп алат. 
 
Зикирлердин эң улугу – күбөлүк келмеси. Ал эми келменин түрлөрүнөн эң жакшысы – «лаа илааха иллаллаху уахдаху лаа шариика лаху, лахуль мульку уа лахуль хамду, уа хуа аълаа кулли шайин кодиир». 

لاَ إلَهَ إلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لاَ شَريكَ لَهُ، لَهُ المُلْكُ وَلَهُ الحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

Мааниси: Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү.

Имам Бухари менен имам Муслимдин «Сахих» хадистер жыйнактарында риваят кылынган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ бул зикир тууралуу мындай деп айткан:
 
«Кимде-ким ушул келмени 100 жолу айта турган болсо, анда ал он кулду азат кылгандай сооп алат». (Сахих Бухари, 3293; Сахих Муслим, 2691)

Эгерде адам Рамазандын акыркы 10 түнүндө ушул зикирди 100 жолудан айтып, анын айтканы Кадыр түнгө туш келе турган болсо жана Кадыр түндө сооптордун көбөйтүлгөнүн эске алсак, анда ал болжолу 300000 кулду азат кылгандай соопко ээ болот. Ар бир кулду тозоктон азат кылгандай болот. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ башка бир хадисинде мындай деп айткан:

«Кимде-ким бир мусулман кулду азат кылса, анда Аллах анын ар бир мүчөсү үчүн (азат кылган адамдын) бир мүчөсүн тозоктон куткарат». (Сахих Бухари, 1422; Сахих Муслим, 1407)

Көпчүлүк адамдар бул ыйык түндө кандай улуу сооптор катылганын элес алышпайт. Эгерде сиз алардын катарында болбойм десеңиз, анда ушул зикир сөзүн бүгүндөн баштап, Рамазан бүткөнгө чейин күнүгө кечинде сөзсүз айтыңыз. Балким сиздин айтканыңыз Кадыр түнгө туш келе турган болсо, анда сиз жогоруда айтылгандай соопторго жетишиңиз ыктымал. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз