🔴 БИТИР САДАКА БОЮНЧА СУРОО-ЖООПТОР
❏ БИТИР САДАКА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Битир садака – Орозо айтка чейин кээ бир азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө муктаж мусулмандарга берилүүчү садаканын түрү. (“Аль-Бинаяту шарх аль-Хидая”)
❏ БИТИР САДАКАНЫН ӨКҮМҮ КАНДАЙ?
Ханафи мазхабы боюнча битир садака берүү ар бир мусулманга парз болуп эсептелет.
❏ БИТИР САДАКА КИМДЕРГЕ ПАРЗ?
Ар бир мусулманга парз. Ал өзү үчүн жана анын жоопкерчилигиндеги үй-бүлө мүчөлөрү үчүн битир садака берүүгө милдеттүү. Эгер балдары өздөрүн камсыз кылган деңгээлде болсо, анда алар өздөрү үчүн беришет. Ошондой эле ханафи мазхабы боюнча эненин курсагындагы түйүлдүк үчүн битир садака берилбейт. (“Хашият ибну Аабидин”)
❏ БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?
Битир садаканын эң жакшысы – Рамазандын акыркы күнү ооз ачкандан баштап эртеси айт намазга чейинки аралыкта берилгени. Эгерде кандайдыр бир кечиримдүү себептер болсо, алдын ала да бергенге уруксат. Көпчүлүк аалымдар битир садаканы айт намаздан кечиктирбеш керек, ким кечиктирсе, анда жөн гана садака бергенге жатып калат деп айтышкан. Ал эми ханафи мазхабы боюнча кечиримдүү себептер болсо, анда кайсы убакта берсе да болот. Бирок айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган. (“Аль-Фатава аль-Хиндийя”, “Фатхуль Кадир”)
❏ БИТИР САДАКА КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ЖАНА КАЙСЫ НЕРСЕЛЕРДЕН БЕРИЛЕТ?
Ханафи мазхабы боюнча битир садаканын өлчөмү төмөнкүдөй (2026-жыл боюнча):
– Буудай ( ≈ 1,6 кг) ≈ 60 сом
– Ун ( ≈ 1,6 кг) ≈ 90 сом
– Мейиз ( ≈ 1,6 кг) ≈ 880 сом
– Арпа ( ≈ 3,2 кг) ≈ 100 сом
– Курма ( ≈ 3,2 кг) ≈ 1200 сом
Битир садака жан башына жогорудагы азык-түлүктөрдүн бирөөсүнөн берилет. Ал эми ханафи мазхабында битир садаканы акчалай берүүгө да уруксат. Эң жакшысы жогоруда айтылган азык-түлүктөрдүн түрлөрүнөн чыгарганы, болбосо акчалай берсе да болот.
❏ БИТИР САДАКАНЫ КИМДЕРГЕ БЕРҮҮ КЕРЕК?
Битир садака төмөнкү түрдөгү адамдарга берилет:
1) Кедей-кембагалдарга.
2) Жакыр жашагандарга.
3) Битир садака жыйнагандарга.
4) Исламды жаңыдан кабыл алгандарга же кабыл алууга кызыккандарга.
5) Кулдарды азат кылууга.
6) Карызы көп адамдарга.
7) Аллах жолундагы адамдарга.
8) Мусапыр адамга. (“Хашият ибну Аабидин”)
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

😍 СҮЙҮНЧҮ ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ БОРБОРДУК АЯТТА ОКУЛАТ😍
Эртең
Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, КР Президентинин колдоосу менен менен Орозо айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду.
Эски аянттагы айт намазы программасы:
* 07:00 – 07:30 – Куран окуу
* 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
* 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Жолдошбек ажы Абдылдаев, Бакыт ажы Кайкиев
* 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
* 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
* 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.
Ал эми аймактарда орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:
* 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
* 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
* 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
* 08:30 – Айт намазын окуу.
Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша)

🔴 БИТИР САДАКА КАЧАН БЕРИЛЕТ?
Битир садака Айт намазга чейин же эртең Айт деген күнү кеч киргенден баштап берилет. Анткени күн киргенде ооз ачылат. Ошондуктан бул садака – битир садака (ифтар же ооз ачуу садакасы) деп аталган.
Битир садаканын эң жакшысы – Айт күнү таң аткандан баштап Айт намазга чейинки убакытта берилгени. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, мындай деп айткан:
«Пайгамбар ﷺ битир садаканы адамдарга Айт намазга чыгардан алдын бергиле деп буйруган». (Сахих Бухари, Сахих Муслим)
Ошондой эле Айттан бир-эки күн алдын берүүгө да уруксат. Анткени кээ бир учурларда битир садаканы жыйнап, аны кедей-кембагалдарга таркатуу үчүн убакыт талап кылынат. Ошол себептен шариатта ушундай кылууга уруксат берилген. Бул туурасында Ибну Умар, радыяллаху анху, айткан: «(Сахабалар) битир садаканы Айттан бир-эки күн алдын беришчү». (“Аль-Фатаава Хиндийя”, “Фатхуль Кодийр”)
Басымдуу аалымдар битир садаканы Айт намазынан кечиктирбеш керек деп өкүм беришкен. Эгерде ким кечиктирген болсо, анда хадисте айтылгандай анын бергени кадимки садака бергенге эле жатып калат. Ал эми аны себепсиз кечиктирсе, анда ал күнөөкөр болот. Ал эми Ханафи мазхабында адам Рамазан башталгандан кайсы убакта берсе да, битир садаканы берген болуп эсептелет, бирок Айт намазга барардан алдын бергени мустахаб болот деп айтылган.

Оо, Аллах!
Бул ыйык Рамазан айында баарыбыздын туткан орозобузду, кылган жакшылыктарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кыл. Бул Рамазан айына аман-эсен жеткирген сыяктуу кийинки Рамазан айына да баарыбызды аман-эсен жеткир. Акыретте Өзүң убада кылган сооп-сыйлыктардан куру калтырба, Раййан бейишине кирген адамдардын катарына кош, Өзүң бизден ыраазы бол жана кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечир!