ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
Мусулман бир туугандар! Орозо айт майрамы менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм!

Айтыңыздар маарек болсун! Аллах таала үйүңүздөргө кут, береке, бакыт ыроолосун. Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болсун! Аллах Таала Рамазан айында баарыбыздын туткан орозобузду, кылган жакшылыктарыбызды жана ибадаттарыбызды кабыл кылсын. Акыретте Өз ырайымына алып, бейишке кирген сүйүктүү пенделеринин катарында кылсын! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштосун!

Аамиин!


═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Үй-бүлөңдө алар Айт майрамын чыдамсыздык менен күтө тургандай маанайды түз.

➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 НООРУЗ ТУУРАЛУУ АЧУУ ЧЫНДЫК (СӨЗСҮЗ КӨРҮҢҮЗ)

Чубак ажы Жалилов

▷ t.me/risalatkg
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 НООРУЗ ҮЧҮН ЖАСАЛГАН СҮМӨЛӨКТҮ ЖЕСЕ БОЛОБУ?

Чубак ажы Жалилов

▷ t.me/risalatkg
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:

«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)

📌 Шаввал орозосун Айт күндүн эртеси тутуп баштаса болот.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ ОРОЗО ТУУРАЛУУ СУРОО-ЖООПТОР
 
❏ ШАВВАЛ КАЙСЫ АЙ? БУЛ АЙДА КАНДАЙ ОРОЗО ТУТУЛАТ?

ЖООП:
Шаввал айы – Рамазандан кийинки ай. Орозо айт күн Шаввал айынын биринчи күнүнө туура келет. Ал эми бул айдагы орозо тууралуу пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандай сооп алат». (Сахих Муслим)
 
❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУН АЙТ КҮНДӨН БАШТАП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Айт күн – майрам күн. Ал күнү орозо тутуу шариятта тыйылган. Айт күндүн эртеси эле тутуп баштоо керек. Орозо айт бир эле күн болот. Ал эми Курман айт үч күн болот.

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБУУ, ООЗ АЧУУ УБАКТЫЛАРЫ КАНДАЙ БОЛОТ?

ЖООП:
Намаз календарында көрсөтүлгөн багымдат намазынын убактысына чейин ооз жабылат, шам намазынын убактысында ооз ачылат. 

❏ ШАВВАЛ ОРОЗОСУНДА ООЗ ЖАБАРДА КАНДАЙ НИЕТ КЫЛЫНАТ?

ЖООП:
Шаввалдын орозосу деп жүрөктөн ниет кылып тута берет. Эч кандай дуба айтыш шарт кылынбайт.

❏ РАМАЗАНДАГЫ КАРЫЗ КҮНДӨР БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ ЖЕ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУ БИРИНЧИ ТУТУЛАБЫ?

ЖООП:
Бул туурасында аалымдар арасында талаш пикирлер айтылган. Бирок аалымдардын басымдуу туура ой-пикири – биринчи Рамазандын каза күндөрүн тутуу керек деген ой. Демек, ушуга ылайык Рамазандагы карыз күндөрүн туткандан кийин Шаввалдын орозосун тутат. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ: «Ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында алты күн орозо тутса...» деп айткан. Эгер адам Шаввалдын алты күнүн биринчи туткан болсо, анда ал Рамазанды улаганга жатпай калат. Шаввалдын орозосун улап тутуш үчүн биринчи Рамазандагы карыз күндөрдү толук тутуп бүтүрүүсү керек.
 
Ошондой эле шариятта каза орозону тутуу – парз, ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун тутуу – нафил болуп саналат. Ушуга ылайык мусулман адам нафилден мурун парзды биринчи аткаруусу керек.
 
❏ БУЛ ОРОЗОНУ АЙТТЫН ЭРТЕСИ ТУТУП БАШТАШ КЕРЕКПИ ЖЕ АЙТТАН КИЙИН БИР ТОП КҮН ӨТҮП КЕТСЕ ДА ТУТА БЕРСЕ БОЛОБУ? АНАН АЛТЫ КҮНДҮ КАТАРЫНАН ТУТУУ КЕРЕКПИ ЖЕ БӨЛҮП-БӨЛҮП ТУТСА БОЛОБУ?

ЖООП:
Шаввалдын алты күнүн сөзсүз эле Орозо айттын эртеси тутуп башташ шарт эмес. Айттан бир-эки күн же бир топ күн өтүп кетсе да тутса болот. Эң негизгиси Шаввалдын алты күндүк орозосун Шаввал айы бүткүчө тутуп жетишүү керек. Ошондой эле Шаввалдын алты күнүн катарынан тутса да болот, бөлүп-бөлүп тутса да болот. Эң негизгиси ушул ай бүткүчө тутулса болду.
 
❏ ШАВВАЛДЫН ОРОЗОСУН ЖАКШЫ ЭЛЕ ТУТУП БАШТАСА, БИРОК АР КАНДАЙ СЕБЕПТЕРДЕН УЛАМ ТӨРТ ЭЛЕ КҮНҮН ТУТУП, ШАВВАЛ АЙЫ ӨТҮП КЕТСЕ, АНДА ТУТАЛБАЙ КАЛГАН ЭКИ КҮНДҮН КАРЫЗЫН ТУТУУ КЕРЕКПИ? 

ЖООП:
Шаввал айынын алты күндүк орозосун тутуу сүннөт болуп саналат. Ошондуктан Шаввалдын калып кеткен күндөрүнүн казасы тутулбайт. Ал эми туткан төрт күнү үчүн ниетине жараша сообу жазылат. Эгер чындап эле кечиримдүү себептерден улам кармай албай калса, анда сообу толук жазылышы да толук мүмкүн. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Эгерде пенде ооруп калса же сапарда болуп (мурда кылып жүргөн ибадаттарын кыла албай калса), анда Аллах ага ден-соолугу чың жана үйүндө болгон кезинде ошол ибадаттарды кылып жүргөндөй сообун жазат». (Сахих Бухари)
 
⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:

Быйыл 2026-жылдын Шаввал айы 18-апрелге чейин болот. Ошого чейин Шаввалдын алты күндүк орозосун кармап жетишүү керек. 
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ БЕШ АРТЫКЧЫЛЫК
  
Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын артыкчылыктары туурасында мындай деп айткан:
 
❏ Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.
 
❏ Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында кыямат күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында пайгамбарыбыз ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да кыяматта толуктоого муктаж болот.
 
❏ Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».
 
❏ Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо айт күнү толугу менен алышат, бул күн – сыйлык күн. Мына ошол себептен Орозо айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар ﷺ түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылууну каалаган пенделеринен болсом болбойбу?”. (Сахих Бухари)
 
Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят)
 
Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан. Эгерде Аллах таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан. 
 
Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мисалы, тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”. 
 
❏ Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот. (“Латоифуль Маъариф”, 321)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Пайгамбарыбыз ﷺ Шаввал айында Аиша энебизге үйлөнгөндүктөн жана Сафар айында кызы Фатиманы Алиге турмушка бергендиктен Шаввал жана Сафар айында үйлөнүү же турмушка берүү мустахаб (сүннөткө ылайыктуу) болуп саналат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 МАРКУМГА ДУБА КЫЛГАНДЫ УНУТПА

Аалымдардын бири айтат: «Бир жакка сапар кылып барып калдым. Мен ал жерде чоочун жана баш калкалай турган жерим жок болгондуктан, мечиттердин бирине барып уктадым. Уктап жатсам жаназа окуу үчүн адамдар топурап кирип келишти. Ошондо ичинден мен дагы соопчулук үчүн кошулуп жаназа окуюн дедим да, алар менен чогу жаназа окудум. Анан алар менен кошо аны көмүү үчүн бардым. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«Кимде-ким маркумдун жаназасына катышса, анда ал бир карат өлчөмүндө сооп алат. Ал эми ким көмгөнүнө да катышса, анда ага эки карат өлчөмүндө сооп жазылат». Андан: «Эки карат деген канча?» – деп сураганда: «Ал эки чоң тоо сыяктуу» – деп жооп берди». (Сахих Бухари, 1325)

Адамдар маркумду көмгөндөн кийин бири да калбай кайтып кетишти. Ошондо ичимден бул өлгөн адам азыркы учурда дубага өтө муктаж деп Аллахка кайрылып:

– Оо, Раббим! Бул адам Сага конок болуп келди, бирок мен аны тааныбайм. Эгер бул адам мага конок болуп келсе, аны тааныбасам да мен ага сый көрсөтмөкмүн. Сен болсо жоомарттардын эң жоомартысың, эми кантип ага сый көрсөтпөй коёсуң?! – деп дуба кылдым.

Андан соң мечитке кайра келип уктадым. Түшүмдө аппак кийимчен бир адамды көрдүм. Ал менден: «Мага дуба кылган адам сен белең?» – деп сурады. «Сен кимсиң?» – дедим. Ошондо ал айтты: «Сен дуба кылган кабырдагы адам менмин. Аллахка ант болсун, Аллах сенин дубаң себептүү күнөөлөрүмдү кечирди». 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖУМА НАМАЗЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким жума күнү башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны башынан баштап укса, (эч нерсе) минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп көңүл буруп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык иш-аракеттин, андагы орозонун жана намаздардын сообу берилет». (Ахмад)

▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Жумага шашып эрте барган адамга төөнү курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга уйду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Ал эми андан кийинки барганга койду курмандыкка чалгандай сооп берилет. Андан кийинки барганга тоокту курмандыкка чалгандай сообу берилет». (Ибн Хузайма)

▪️ Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Кимде-ким (жума күнү) башын жууса жана жуунса, (мечитке) эрте барса жана хутбаны көңүл буруп укса, анда ага ар бир койгон кадамы үчүн бир жылдык намаздын жана орозонун сообу берилет». (Ахмад)

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech