ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 НАМАЗ ОКУБАГАН АДАМГА КЫЯМАТТА ЭЧ КАНДАЙ ШЫЛТОО ЖАРДАМ БЕРБЕЙТ
 
Абдуллах ибн Жафар, радыяллаху анху, айтты:
“Саид ибну Ярбунун көзү көрбөй калганда Умар ибн аль-Хаттаб анын үйүнө зыяратка келет. Ошондо Умар ага: 
– Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз,– деп насаатын айтты. Ошондо ал: 
– Мени мечитке алып барганга эч ким жок болуп жатат,– деди. Умар ага айтты: 
– Сизди мечитке алып барганга бирөөнү таап жиберебиз. 
Кийин аны мечитке алып барганга туткундагы бир жаш баланы жиберип турду”. 
(“Мустадрак”, Аль-Хаким)
 
Кандай гана камкордук! Ошол учурда Саид ибн Ярбунун жашы жүзгө жакындап калган кези болчу. Ушул жашка келип калса дагы, көзү көрбөй калса дагы Умар ага: «Жума намазын жана пайгамбардын ﷺ мечитинде намаз окууну калтырбаңыз» – деп насаат кылды.
 
Эгерде Умар жүзгө чыгайын деп калган, көзү көр карыган адамга ушундай деп айтып жатса, анда күчкө толгон, ден-соолугу чың, көзү көргөн азыркы адамдарга эмне деп айтабыз?
 
Ошондуктан баарыбыз дайыма Аллахка такыбалык кылуубуз керек. Ушул күндөн баштап ниетти бекемдеп, белди бекем бууп, намаздарыбызга бекем болуп, Аллахтан гана жардам сурап туура жолго түшүүбүз керек. Кайдыгерликти жана кийин окуйм же карыганда деле жетишем деген себепсиз шылтоолорду таштап, намазды бүгүндөн баштообуз керек. Канчалаган адамдар көрүнгөн шылтоону айтып эртең-эртең деп жүрүп, ошол абалда дүйнөдөн өтүп кетишти. Канчалаган адамдар жер бетине кайра кайтып келсем, намаздан башымды көтөрмөк эмесмин деп өкүнгөн абалда кабырларда жатышат. А сизде болсо аларда жок мүмкүнчүлүк бар. Андыктан шылтоону таштаңыз, намазды бүгүндөн баштаңыз.
 
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔵 АДАШУУДАН САКТООЧУ ДУБА

Бул дуба ар бир мусулман үчүн эң зарыл дубалардын бири. Анткени ыйманга келүү жана туура жолго түшүү – адамга берилген эң улуу жакшылыктардан. Адам ыйман жолуна бекем болуу менен гана түбөлүк бакытка жетет. Ыйманды жоготуу түбөлүк бактысыздыкка туш болуу дегендик. Мына ошондуктан ар бир мусулман бул дубаны жаттап, анын маанисин түшүнүү менен дайым айтып жүрүүсү керек.

📍Сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 ГУСУЛГА БАЙЛАНЫШТУУ СУРОО-ЖООПТОР

❑ Гусул деген эмне?

Гусул деген – денени баштан-аяк таза суу менен жуу жана тазалануу.

❑ Гусул кантип алынат?

­Ханафи мазхабы боюнча гусулдун 3 парзы бар: ооз-мурунду таза чайкоо жана дененин бир дагы жерин кургак калтырбастан толук жуу. Ушуларды аткарса, гусул алган болуп эсептелет.
 
❑ Сүннөткө ылайык толук гусул кандай алынат?

– Гусул алууну ниет кылуу;
– Колдорун үч жолу жуу;
– Сол колу менен жыныстык мүчөсүн жуу (истинжа);
– Намазга даарат алгандай даарат алуу;
– Башына суу куюп, чачтарынын арасына суу киргизип жуу;
– Сууну алгач денесинин оң жагына куят, андан кийин сол жагына куюп, денесин толук жууйт;

❑ Кайсы абалдарда гусул алуу парз болот?

Төмөнкү абалдарда гусул алуу парз:
– Аял-күйөөнүн ортосундагы жыныстык катнаштан кийин;
– Уктаган же ойгоо абалда эркектен жана аялдан уруктуктун чыгуусу, түшүркөө (поллюция);
– Уруктук (сперма) чыкпаса да, эркек менен аялдын жыныстык мүчөлөрүнүн бири-бирине тийүүсү;
– Аялдын айызы бүткөндөн кийин;
– Төрөттөн кийинки нифас каны токтогондон кийин;
– Ислам динин кабыл алганда;
– Адам өлгөндө аны жуунтуу;

❑ Гусулсуз абалда кандай нерселерди кылууга болбойт?
 
Гусулсуз абалда төмөнкүлөрдү кылууга болбойт:
– Намаз окуу. Парз болобу, нафил болобу, дегеле намаздын кандай түрү болбосун, гусулсуз окууга болбойт.
– Каабаны таваф кылуу, тагыраак айтканда Каабаны айланууга болбойт.
– Куран китебин кармоо. Анткени Куран китебин гусулдуу жана даараттуу адам гана кармаганга уруксат. Ханафи мазхабында Курандын тафсирин да гусулсуз кармоого болбойт деп айтылат.
– Куран окуу, китептен болобу, оозеки болобу, айырмасы жок, гусулсуз адамга Куран окуу тыйылган. 
– Мечиттин ичинде олтуруу. 

❑ Гусулсуз абалда кайсы нерселерди шариятта кылууга уруксат?

Гусулсуз абалда Куран угуу, ооз жабуу, зикир кылуу, дуба кылуу жана Курандан башка диний китептерди окууга уруксат. 

❑ Кайсы учурларда гусул алуу сүннөт болуп эсептелет?

Жума жана айт намаздарына гусул алып баруу, ажылыкка же умрага ниет кылып, ихрам кийимин киерде, Арафатта туруудан алдын жана өлүктү жуугандан кийин сүннөт болуп эсептелет. Ошондой эле ыйык жерлерге барардан мурун гусул алып чыгуу да мустахаб.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 НАМАЗДЫ ТАШТОО ТОЗОККО АЛЫП БАРАТ

Абдышүкүр ажы Нарматов

▷ t.me/risalatkg
🔴 ИСЛАМДАГЫ ЭҢ СООПТУУ ХАДИС

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:

«Кимде-ким жума күнү башын жууса, гусул алса, мечитке эрте барса, хутбаны башынан баштап укса, эч нерсе минбестен жөө басып барса, имамга жакын олтуруп, хутбаны кунт коюп укса жана башка эч нерсе менен алек болбосо, анда ага ар бир кадамы үчүн бир жылдык орозонун жана түнкү намаздын сообу берилет». |Абу Дауд, 345

Кээ бир аалымдар: «Биз шариятта мынчалык соопту камтыган негиздүү хадисти уккан эмеспиз» деп айтышкан. |Тухфатуль-Ахвази, 3/15

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄

Бул хадис шариятта келген эң сооптуу хадистердин бири. Адам жума намазга баратканда ар бир баскан кадамы үчүн бир жылдык орозо жана бир жылдык тахажуд намазын окуду деген соопко жетет.

Элестетиңиз, адам канча кадам басып барышы мүмкүн? Эгер ушул хадисте айтылгандарды аткарса, канча деген соопторго жетиши мүмкүн? Биз бул хадистен Аллахтын бизге болгон мээримин билебиз. Ал бизге кичине гана ибадаттардын артында көптөгөн соопторду даярдап койгон. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ҮЙ-БҮЛӨНҮ АДАЛ ЖОЛ МЕНЕН БАГУУ ЭРКЕКТИН МИЛДЕТИ

Сахабалардын аялдарында ушундай адат болгон, күйөөсү үйдөн чыгып жатканда ага мындай дешкен:

«Биз үчүн Аллахтан корккула, бизди адал менен гана тамактандыргыла жана бизге арамды алып келүүдөн сак болгула. Чындыгында биз ачкалыктын отуна чыдайбыз, бирок тозок отуна чыдай албайбыз».

➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 АТА-ЭНЕНИ НААРАЗЫ КЫЛУУНУН 13 КӨРҮНҮШҮ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллах Таала кыямат күнү үч түрдүү адамга карабайт: ата-энесин нааразы кылган адамды, өзүн эркектерге окшоткон аялды жана аялын кызганбаган эркекти. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы адам, аракка берилген адам жана бергенин милдет кылган адам». (Ан-Насаи)

📍 Ата-энени нааразы кылуунун кээ бир көрүнүштөрү:

1. Бала ата-энесинин алдында өзүн көтөрмөлөп, кандайдыр себептерден улам аларга менменсинип текебер мамиле кылуусу. Мисалы, мал-мүлкү көбөйүп же билим деңгээли жогорулап адамдар арасында абройлуу болгондуктан ушундай жоруктардарды өз ата-энесине көргөзө баштайт.

2. Аларга мээрим төкпөй, аларды адамдарга зар кылып, колдорунан эч нерсе келбей, эч кимге пайдалары тийбей калган курактарында аларды бакпай кароосуз таштап кетүү.

3. Башкаларды ата-энеден абзелирээк көрүү. Мисалы, өзүнүн досун же аялын алардан артык көрүп, ата-эне балага көз каранды болуп турганда, аларга кош көңүл мамиле жасоо. 

4. Ата-эненин көңүлдөрүн оорутуп, кылган иши менен же сөзү менен аларды иренжитип ыйлатуу.

5. Аларга бакырып, каяша сөз кайтарып үн көтөрүү.

6. Алардын буйруктарын жактырбай, алардан тажагандай сезим жаратып, үшкүрүнө берүү.

7. Энесинин жасаган тамагына жаман сын айтуу.

8. Алардын айткан сөздөрүнө маани бербей, кош көңүл мамиле кылуу.

9. Аларды башкалардын алдында жамандап, айып-кемчиликтерин айтуу.

10. Ата-эненин балага муктаж болуп турган курактарында алардын уруксатысыз үйдөн чыгып, аларды таштап, көчө тинтип жүрө берүү.

11. Аларга акаарат кылып сөгүш жана каргыш айтуу.

12. Аларга кол көтөрүү.

13. Аларга өлүм тилөө.

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛДАРЫҢ СЕНИ СЫЙЛАСЫН ДЕСЕҢ, АЛАРГА УШУНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛ

▷ t.me/risalatkg
🔴 БУЛ ДУБАНЫ АР БИР АТА-ЭНЕ БИЛИШИ КЕРЕК

Бул куттуу дубаны жаттап балдарыңызга дайым айтып жүрүңүз. Бул дубаны айтуу – балаңызды көз тийүүдөн, адамдардын назары түшүүдөн, жин-шайтандардын, курт-кумурскалардын жана жаныбарлардын зыян берүүсүнөн, сыйкырдан, дегеле бардык жамандыктардан сактайт.
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 ФАТИХА СҮРӨӨСҮНҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Куран китеби баштан аяк шыпаа болуп эсептелет. Бирок фатиха сүрөөсү Курандагы эң улуу сүрөө болгону үчүн шыпаа берүүдө өзгөчө касиетке ээ. Ал дене ооруларына, жан дүйнө ооруларына, сыйкырга, жин-шайтандар зыян бергенде, көз тийгенге, көрө албастыктын зыяндарына каршы шыпаа болот. 
  
Ибну Каййим (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:

«Эгерде пенде фатиха сүрөөсү менен дарыланганды жакшы билгенде, анда анын айыктыруу касиетине ээ болгон укмуштуудай таасирин көрмөк. 
 
Бир кездерде катуу ооруп Меккеде бир топ убакыт туруп калдым, бирок ал жактан дарыгер да, дары да таба албадым. Ошондо өзүмдү фатиха сүрөөсү менен дем салып дарылап, анын укмуштуудай таасирин көрдүм. 
 
Кийин ким мага оорусун айтып арызданып келсе, мен ага фатиха менен дарылан деп кеңеш берчим. Ошолордун көпчүлүгү ал себептүү тез арада сакайып кетишти». («Аль-Жаваб аль-Каафи», 5-бет)


● ЭМИ БУЛ СҮРӨӨ МЕНЕН КАНТИП ДЕМ САЛУУ КЕРЕК?

Адам бул сүрөө менен өзүнө же башкага дем салган кезде, бир жолу окуса болот же көп жолу окуса болот, кыскасы өзү каалаган санда окуйт, мисалы, 1 же 3 же 5 же 7 же андан көп жолу окуйт да, андан соң алаканына үйлөп, ошол ооруган жерге сүртөт же болбосо ооруган жерге колун коюп окуйт. Же сууга окуп туруп, аны ичсе болот же ооруган жерине сүртсө да болот. Же болбосо аны балга окуп жесе да болот ж.б. Ошондой эле фатиха сүрөөсү менен дем салган адам окуганда чын дилден окуп, шыпааны бир гана Аллах берет, ал эми бул сүрөө жөн гана шыпаага себепчи дегендей терең ишенимде болуусу зарыл. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ЖУМА НАМАЗЫН ОКУП ЖҮРГӨНДӨРГӨ АКЫРЕТТЕ БЕРИЛҮҮЧҮ СЫЙЛЫКТАР

Абу Муса, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:

«(Кыямат күнү) күндөр (жаратылынган) өз абалында келет, бирок жума күн нурланып жаркырап келет. Жума намазын окуп жүргөндөр жума күндү көшөгөсүнө алып бараткан келиндей курчап алышат. Жума күн аларга жарык кылып, алар анын жарыгында басышат. Алардын түстөрү кардай аппак жана жыттары мисктей жыттуу болушат. Алар «тисс» дарагынын тоолорун кезишет. Алар бейишке киришкенге чейин аларды жиндер менен адамдар таң калгандан кыймылдабай карап турушат. Аларга сооп гана үмүт кылып азан айткан азанчылар гана кошула алышат». (Табарани)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 КҮНӨӨЛӨР — ЖАКШЫЛЫКТАРДЫН ДУШМАНЫ

Аалымдардын бири Ибну Каййим, рахимахуллах, айтат:

«Адам кандай күнөө кылбасын, ошол күнөөсүнө жараша Аллахтан келген жакшылыктар андан кете баштайт. Эгерде тообо кылып Аллахка кайтса, анда ал жакшылыктын өзү же ошого окшогону кайра ага кайтып келет. А эгер Аллахка кайтпастан күнөөсүн уланта берсе, анда анын күнөөлөрү андагы болгон жакшылыктардын бүт баарысын четинен жок кылат. Аллах Таала Куранда: «Кайсы бир коом өзүн өзгөртмөйүн Аллах аларды өзгөртпөйт» – деп айткан.

Ал эми адамга берилген жакшылыктардын эң улугу – ыйман. Ал ыйманды зына кылуу, уурулук кылуу, арак ичүү, талап тоноо сыяктуу күнөөлөр акырындык менен жок кылат.

Кээ бир улуу аалымдардын: «Бир күнөө кылып, ал себептүү бир жыл бою түнкү намаздан куру калдым» – деп айткан сөздөрү бар.

Ал эми башка бири: «Бир күнөө кылып, ал себептүү Куранды түшүнүүдөн куру калдым» – деген.

Ушуга окшогон мааниде бир акын: «Эгерде жетсең жакшылыкка, кастарлап аны сактап кал, болбосо күнөөлөр аны жок кылат» — деп айткан.

Жалпылап айтканда, күнөөлөр – жакшылыктар үчүн от сыяктуу. От отунду күйгүзүп жок кылгандай күнөөлөр да жакшылыктарды жок кылат». («Торик аль-Хижратайн», 1/271)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech