🔴 КАЧАН НАМАЗ БАШТАЙСЫҢ?
Мухаммад ибну Юсуф айтты:
«Суфиян ас-Саури ﴾رحمہ الله تعالــﮯ﴿ бизди түндөсү намазга тургузуп: «Эй, жигиттер! Тургула, жаштыгыңар өтө электе намаз окуп калгыла» – деп айтар эле». («Аль-Жарх уат-Таъдил» Ар-Рози, 1/96)
Эгер жаштыгыңда намаз окубасаң анда качан окуп баштайсың, качан Аллахтын алдындагы милдеттериңди аткарасың?
Шайтан көпчүлүк адамдарды карыганда деле намаз окуп жетишесиң деп азгырат. Бирок ким карылыкка чейин жашайм деп кепилдик бере алат? Эч ким бере албайт.
Демек, жаштыкта күч-кубатыңды ибадатка жумша, карыганда ал сага күч-кубат болот.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 КЫЯМАТТА КӨР БОЛУП ТИРИЛГЕН АДАМДАР
Абдишүкүр ажы Нарматов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
Абдишүкүр ажы Нарматов
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
❏ СУРОО:
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
❏ ЖООП:
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)
Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот.
Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот. Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.
═══════════════

🔴 ХИЖАБ ТУУРАЛУУ...
Хижабдын өкүмү тууралуу кыскача айта турган болсок, хижаб кийүү ар бир мусулман аялзаты үчүн парз болуп эсептелет. Ал үчүн намаз кандай парз болсо, хижаб да так ошондой парз. Буга далилдер көп келген, Куранда да далилдер бар, хадистерде да далилдер бар. Улуу аалымдардын баарысы бирдиктүү бир ойдо хижабды парз деп өкүм кылышкан.
Кээ бир адамдар далил кана деши мүмкүн? Далил толтура. Негизи ыймандуу аялзатына Аллах жана Анын элчиси ﷺ ушундай деп буйруган десең, ал унчукпастан аны кабыл алат.
Ал эми кээ бирлер бар, алар хижаб арабдардын улуттук кийими, алардын салты деген сыяктуу негизсиз сөздөрдү айтышат. Бул сөз чындыкка эч жакындабайт. Эгерде хижаб арабдардын салты болгондо, анда эмнеге пайгамбарыбыз ﷺ аны кийүүгө буйруду, эмнеге Аллах аяттарды түшүрдү? Себеби хижаб кийүүгө буйруган аяттар түшкөнгө чейин арабдардын аялдары кадимкидей ачык кийинип жүрүшкөн. Кийин Аллах аларга хижаб кийүүнү буйруганда, алар ошол замат буйрукту аткарып, хижаб кийип башташкан. Ошол күндөн баштап, өзүн мусулманмын деп эсептеген ар бир аялзатына хижаб парз болгон.

🔴 БАЛАНЫН БУЗУЛУШУНА ЭҢ БИРИНЧИ АТА-ЭНЕСИ СЕБЕПЧИ БОЛОТ
Көпчүлүк балдардын бузулуусу ата-энеси тараптан болот. Анткени алар балдарына убагында көңүл бурушкан эмес, диний парздарды жана сүннөттөрдү үйрөтүшкөн эмес. Аларга жаш кезинде таптакыр көңүл бурушкан эмес. Ошол себептен балдары да пайда алышпайт жана ата-энеси карыганда аларга да пайда келтирбейт.
Алардын кээ бирлерине көңүл бурбай койгондугун жемелеп балдары мындай деп да айткан учурлар болгон:
«Атаке, сиз мага жаш кезимде жарытып тарбия бербедиңиз, эми сиз карыганда мен сиздин ыраазылыгыңызды ала албадым. Мага наристе кезимде көңүл бурбадыңыз, мен дагы сизге карыганда көңүл бура албадым».
📕 “Тухфатуль маудууд”, 387-бет.
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

🔴 Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: «Ыйман жетимиштен ашык же алтымыштан ашык бөлүккө бөлүнөт. Ошолордун эң жакшысы «лаа илааха иллаллах» – сөзү. Ал эми эң төмөнкүсү зыян берип турган нерсени жолдон алып коюу. Уялуу да ыймандын бир бөлүгү». (Бухари, Муслим)
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 КЫЯМАТТА ЭҢ ЖАМАН АБАЛДА БОЛО ТУРГАН АДАМ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Чындыгында, кыямат күнү Аллахтын алдында эң жаман абалда боло турган адам – өз аялы менен жыныстык катнаш кылып, кийин аялынын сырын башкаларга айткан адам». (Сахих Муслим)
Имам Навави хадиске мындайча түшүндүрмө берген:
«Бул хадисте күйөөсү менен аялынын ортосундагы болгон жыныстык мамиле жана аны кеңири айтуунун арам экендиги айтылды. Ошондой эле ошол учурда аялынын айтканы, кылганы же ушуга окшогон иштерди айтуусу да арам». (Шарх ан-Навави, 8/10)

❐ ЖУМА КҮНҮ САЛАВАТ АЙТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Аус ибну Аус, радыяллаху анхудан, риваят. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«Чындыгында, силердин күндөрүңөрдүн эң жакшысы бул – жума күн. Ал күнү мага көп салават айткыла. Чындыгында силердин айткан салаватыңар (мен өлгөндөн кийин да) мага жетип турат. (Ошол кезде) адамдар сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биздин айткан салаваттарыбыз сизге кантип жетип турат, ал учурда (денеңиз) чириндиге айланып кетет го?!» – деп айтышканда аларга пайгамбар ﷺ мындай деп жооп берди: «Чындыгында Аллах пайгамбарлардын денелерин жер жебей (чирибей) турган кылып койгон». | Абу Дауд, 1399
⚠️

Пайгамбарыбызга салаватты «саллаллаху алейхи уа саллам» деп айтасыз.➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АЛЛАХКА ТАЯНГАН АДАМ ЭЧ КАЧАН ЖАЛГЫЗ ЖАНА ЖАРДАМСЫЗ КАЛБАЙТ
Юсуф пайгамбарды бир туугандары кудукка таштап кеткенде Аллах аны жалгыз таштап койгон жок. Ошол жерден өтүп бара жаткан кербенди сууга муктаж кылып, аларды кудукка алып келди. Алар аны кудуктан чыгарып куткарып калышты.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Балага зар болгон Мисирдин башчысын ага алып келди, ал аны кербенчилерден сатып алып өзүнө бала кылды.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Ал абакта жаткан кезде падышага түш көргөзүп, анын түшүн жорутарга адам таппай калганда аны Юсуфка алып келди, ал аны түшүн жоруганы үчүн абактан чыгарды.
Андан кийин да аны жалгыз таштап койгон жок. Бул ирет бүтүндөй Мисир элин азык-түлүккө муктаж кылды, алардын башына каатчылык күндү салды. Ошондо алар Юсуфту Мисирдин мүлк казынасына башчы кылып дайындашты.
▷ ЖЫЙЫНТЫК!
Эгерде Аллах сенин ишиңди Өз колуна алган болсо, анда Ал сага бүткүл себептерди баш ийдирет, сен күтпөгөндөй ырыскыга жеткирет, сен ойлобогондой жолдорду ачат. Ким ар бир ишинде Аллахка гана ишенсе, Ал анын бүткүл ишин Өз колуна алат. Ишиңди ийгилик коштосун десең, анда Аллахка гана ишен, Аллахка гана таян.