ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
● Кайгынын эң биринчи дабасы Аллахты зикир кылуу. Ал эми зикирлердин эң улугу — Куран окуу.

➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 БАЙЛЫГЫҢДЫ АКЫРЕТКЕ АЛЫП КЕТЕМ ДЕСЕҢ

Хадис кудсийде Аллах таала айтат:
«Эй, адам баласы! Садака кылгын, ошондо Мен сага (ырыскыңды көбөйтүп) беремин». (Сахих Бухари)

Аллахтын бул айткан сөзү ар бир адамга карата айтылган кайрылуу, ар бир адамга берилген убада. Эгерде ырыстуу болгуң келсе, анда сараң болбо, акчаңды катып эсептебе, берешен бол, бир сындырым нан таппай сыздап жүргөн кедей-кембагалдардын жылмаюсуна себепчи бол, кыйналган адамды кыйынчылыгынан куткар, карызга баткан адамдарды карызынан кутулушуна себепчи бол. Берген садакаңдан эч качан байлыгың кемибейт.

Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринин биринде айтат:
«Берилген садакадан пенденин мал-дүйнөсү кемибейт». (Тирмизи)

Ал эми Аиша энебиз айтат: «Күндөрдүн биринде бир кой сойдук. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ: “Союлган койдун эмнеси калды?”– деп сурады. Мен: “Далысынан башка эч нерсеси калган жок” – деп айттым. Ошондо ал ﷺ: “Демек, далысынан башка баарысы калган экен да”– деп койду». (Тирмизи)

Эмне үчүн пайгамбарыбыз ﷺ минтип айтты? Анткени союлган койдун далысы садакага берилген жок, ошон үчүн ага сооп жазылган жок. Ал эми калган эти садака кылынганы себептүү анын сообу түбөлүккө калды. Демек, берген садаканын сообу жок болбойт, анын сообу түбөлүккө калат. Тескерисинче, бербестен калтырган нерсе жок болот, ага эч кандай сооп жазылбайт.

Мусулман бир тууганым! Эгерде акыретке бул дүйнөдөн байлыгыңды алып кетем десең, анда садака кылгын. Кылган садакаңдын сообун акыретте сөзсүз аласың, кылган садакаңдын жакшылыгың акыретте сөзсүз көрөсүң.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 САКАЛ КОЮУНУН ШАРИЯТТАГЫ ӨКҮМҮ

Максат ажы Токтомушев

▷ t.me/risalatkg
🔴 ЖАКШЫЛЫК ИШ МЕНЕН КҮНӨӨ ИШТИН АДАМГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты:

“Чындыгында, жакшылык иш адамдын жүзүн жана жүрөгүн нурдуу кылат, ырыскысын көбөйтүп, денесин күч-кубаттуу кылат жана адамдардын жүрөгүндө ага болгон жакшы көрүү сезимди жаратат.

Ал эми күнөө иш адамдын жүзүн карайтып, жүрөгүндө караңгылыкты пайда кылат, ырыскысын азайтып, денесин алсыз кылат жана адамдардын жүрөгүндө ага болгон жек көрүү сезимди жаратат”.

📖  “Раудатуль Мухиббин”, 441-бет

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ЖУМА КҮНҮНДӨ ДУБА СӨЗСҮЗ КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН УБАКЫТ БАР

Абдуллах ибн Салам, радыяллаху анху, айтат:

«Аллахтын элчиси ﷺ олтурган кезде мен ага: «Чындыгында, биз Аллахтын китебинде (Тооратта): «Жума күнү ушундай бир убакыт бар, кайсы ыйман келтирген пенденин намаз окуп Аллахтан бир нерсе сураганы ошол убакытка туура келсе, анда Аллах анын муктаждыгын берет» – деген (сөз) бар экенин билебиз» – деп айттым. Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ мага ал убакыт аз гана убакыт экенби дегендей ишарат кылды. Мен: «Туура айттыңыз, аз гана убакыт. Ал кайсы убакыт?» – деп сурадым. Ал: «Күндүздүн акыркы убакыттары» – деп жооп берди. Мен: «Ал убакыттар – намаз убакыттары эмес го» – деп айтсам: «Ооба, пенде намаз окуп кийин олтуруп калса, аны намаз гана олтургузган болот жана ал учурда ал намазда тургандай эле болот» – деп айтты». (Ибн Маажах)

⚠️ Эскертүү: Көпчүлүк аалымдар жума күнү дуба кабыл болгон убакыт күн батардан (шамдан) алдынкы убакытта болот деп айтышкан. Ошол убакытта кайсы бир мусулман Аллахка дуба кылса, анда дубасы кабыл болот.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
🔴 ҮЙГӨ ЖИН-ШАЙТАНДАРДЫ ЖОЛОТПОГОН ЭКИ АЯТ
 
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: 
«Чындыгында Аллах асмандар менен жерди жаратардан эки миң жыл мурун Китеп жазды. Ал Китептен эки аятты түшүрүп, ал экөөсү менен бакара сүрөөсүн бүтүрдү. Кайсы гана үйдө болбосун, бул эки аят үч күн кечинде окулса, ал үйгө шайтан жолобойт». (Тирмизи, 2882)


▣ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ ▣

Пайгамбарыбыз ﷺ бул хадисте үйдү кантип жин-шайтандардан коргоонун бир жолун үйрөттү. Ал бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аяты, тагыраак айтканда бакара сүрөөсүнүн 285-286-аяттары. Кайсы гана адам болбосун, бул эки аятты үч күн катар кечинде үйүндө окуй турган болсо, анда ал үйгө жин-шайтандар жолобойт. Ал эми кайсы үйгө жин-шайтандар жолобосо, ал үйдө береке, ынтымак, ырыскы жана бейпилдик болот. Ошондой эле жин-шайтандар үй-бүлөдөгү адамдарга зыян бербейт. 

Андыктан ар бир мусулман бул эки аятты дайым окуп жүргөнү өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да пайдалуу. Үч күн эле окуп чектелбестен, күнүгө жатардан алдын окуп туруу зарыл. Бул эки аятты окуу ашып кетсе бир мүнөт убакытты алышы мүмкүн. Бирок анын таасири күнү-түнү сакталат.

🔵 АЯТТАР ЖАЗЫЛГАН СҮРӨТТҮ ТӨМӨНКҮ ШИЛТЕМЕДЕН КӨЧҮРҮҢҮЗ:

🌐 https://t.me/dubazikir/112

 
▬▬▬▬▬▬▬▬▬

Бисмиллахир Рохмаанир Рохийм

آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ * لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ

«Ааманар-расуулу бимаа уңзила илайхи мир-Роббихи уаль-му'минуун. Куллун аамана биллаахи уа малаа’икатихи уа кутубихи уа русулихи. Лаа нуфаррику байна ахадим мир-русулих. Уа коолуу самиънаа уа атаънаа гуфроонака Роббана уа илайкаль-масиир. Лаа юкаллифуллаху нафсан илла вусъаха. Лахаа маа касабат уа аълайхаа мактасабат. Роббана лаа ту'ахизна ин-насийна ау ахтоънаа. Роббана уа лаа тахмиль аълайна исрон камаа хамальтаху аълаллазиина миң коблина. Роббана уа лаа тухаммильна маа лаа тооката ланаа бихи. Уаъфу аънна уагфир лана уархамна, аңта маулаана фаңсурна аълаль коумиль каафириин». (Бакара сүрөөсү, 285-286-аяттар) 

▬▬▬▬▬▬▬▬▬
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
📕 ҮЙГӨ ЖИН-ШАЙТАНДАРДЫ ЖОЛОТПОГОН ЭКИ АЯТ

📍 Сүрөттөрдү сактаңыз, аяттарды жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir