ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
199 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 АЯЛДАР БИРИ-БИРИ МЕНЕН ӨБҮШҮП УЧУРАШСА БОЛОБУ?

Чубак ажы Жалилов

▷ t.me/risalatkg
​​🔴 3 НЕРСЕНИ СҮННӨТКӨ ТУУРАЛА

Хасан аль-Басри айтты:
«Ыйман деген – бул сөз. Эгерде айтылган сөз иш жүзүндө аткарылбаса, анда ал сөздөн пайда жок.

Эгерде айтылган сөз менен аткарылган иш туура ниетте кылынбаса, анда ал сөздөн да, иштен да пайда жок.

Эгерде айтылган сөз, аткарылган иш, кылынган ниет сүннөткө туура келбесе, анда ал сөздөн, иштен жана ниеттен эч пайда жок». (Ибну Батта, 2/803)

Андыктан ыйманым толук болсун десең, анда ар бир СӨЗҮҢДҮ, ИШИҢДИ жана НИЕТИҢДИ пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ылайык деңгээлде гана аткар. 
 
Имам Малик айтты:
«Пайгамбардын ﷺ сүннөтү Нух пайгамбардын кемеси сымал. Ал кемеге түшкөн адам аман калат, түшпөгөнү сууга чөгөт». 

Ал эми башка бир сөзүндө айтат:
«Кайсы бир адам Аллахтын алдына жер бети толо күнөөлөр менен келсе, бирок сүннөттөрдү аткарган абалда жолуккан болсо, анда ал адам бейиште пайгамбарлар, чынчылдар, шейиттер жана салихтер менен бирге болот». (“Заммуль калаам уа ахлаху”, 5/76)
 
Алгачкы муундун улуу аалымдары мындай деп айтышчу:
«Сүннөттү бекем кармануу – бул аман калуу дегендик. Аман кала турган жолдон качып, кыйроо жолуна түшкөн адам кантип аман калсын?!».

Имам Зухри айтты: 
«Сүннөттү кармануу – бул кутулуу». (“Сунан” Дарими, 1/45)
 
Башкача айтканда, фитналардан кутулуу, бидааттардан кутулуу жана эң негизгиси тозок азабынан кутулуу. Эгерде адам фитналардан, бидааттардан кутулуп, пайгамбарыбыз ﷺ көргөзгөн сүннөт жолун карманган болсо, анда ал Аллахтын азабынан кутулган адамдардын катарында болот жана бейиште бактылуу адамдар менен бирге болот. 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Дуба кылуу да ибадат. Жөн гана ибадат эмес, ал бүткүл ибадаттардын өзөгү, Жаратуучу менен жаратылгандарды байланыштыруучу улуу жана эң кыска жол. Аллах пендесинин Ага дуба кылуусун сүйөт, пендеси сураса, анын сураганын бергенди сүйөт, пендесинин Ага муктаждыгын көрсөткөнүн сүйөт. Пенде дуба кылуу менен Аллахка жакындайт жана көздөгөн максаттарына дубанын жардамы менен тез жетүүгө жол ачылат. Дуба – чыныгы ыймандуулардын эң күчтүү куралы. Ошондуктан дуба кылуудан талыкпаңыз, себеби Аллах дуба кылган пендесинин сураганын берүүдөн талыкпайт. Дуба кылган адам сөзсүз жакшылыкка жетет же ал дубасы себептүү балээ-кырсыктардан алыстайт же акыретте дуба кылганы үчүн эселеген соопторго жетет. Дуба адамга жакшылыктарды гана алып келет.

➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 ААЛЫМДАРДЫН БИРИ-БИРИНЕ АЙТКАН ОСУЯТЫ

Маакил ибну Убайдуллах аль-Жазари айтат:

“Мурунку заманда аалымдар бири-бирине жолугуп калса, ушул сөздөрдү айтып насаат кылышар эле. Эгерде көпкө көрүшпөй калса, ушул сөздөрдү бири-бирине кат аркылуу насаат кылып жөнөтөр эле:

«Ким Аллах үчүн ички дүйнөсүн оңдосо, анда Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдойт. Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилесин оңдойт. Ким акырет иштерине кам көрсө, анда Аллах анын бул дүйнөдөгү иштерине кам көрөт».

📖 “Аль-Ихлас уа ан-Нийя”, 1/54

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 АДАМДЫН ӨЗҮНӨ ЭМЕС, КЫЛГАН КҮНӨӨСҮНӨ АЧУУЛАН

Күндөрдүн биринде Абу Дарда топтолуп турган адамдардын жанынан өтүп калат. Алар бир адамды ортого алып, аны кылган күнөөсү үчүн урушуп сөгүп жатышкан экен. Ошондо аларга кайрылып:

– Кандай ойлойсуңар, эгерде ушул адамдын кудукка түшүп кеткенин көрсөңөр, аны кудуктан чыгарат белеңер? – деп сурайт. Адамдар ага:

– Албетте чыгармакпыз,– дешти. Ошондо ал:

– Андай болсо бул мусулман бир тууганыңарды урушуп сөккөнүңөр туура эмес! Андан көрө силерди ушундай күнөөдөн сактап койгон Аллахка шүгүр кылгыла,– деп насаатын айтат.

Аны уккан адамдар:

– Сен анын кылганына ачууланган жоксуңбу? – деп сурашканда ал:

– Мен анын өзүнө эмес, кылган күнөөсүнө гана ачууландым. Бирок ал бул күнөөнү таштаган кезде мага мусулман бир тууган бойдон калуусун каалайм,– деп жооп берди.

📖 “Минхаж аль-Каасидин”, 127

 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
🔴 УШУЛАРДЫ АТКАРГАНДА ГАНА ЫЙМАН ТОЛУК БОЛОТ
⠀

Абдуллах ибн Ахмад айтты: «Аллахка ант! Пенде ушуларды аткармайын ыйманы толук болбойт:
⠀
▷ Аллах парз кылган милдеттерди аткаруу.
⠀
▷ Аллах тыйган күнөө иштерди таштоо.
⠀
▷ Аллах берген ырыскыга ыраазы болуу.
⠀
Андан соң ушуларды аткарганына карабастан Аллах кабыл кылар бекен деп ойлонуп коркуу».
⠀
📕 Китаб ас-Сунна, 1/343
⠀
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
🔴 САБЫРДУУЛУК ҮЧ ТҮРДӨ БОЛОТ

▷ Аллахтын өкүм-буйруктарын аткарууга сабырдуулук кылуу (мисалы, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо, ажылык кылуу ж.б.)

▷ Аллах тыйган күнөө иштерди кылбаганга сабырдуулук кылуу (мисалы, арак ичүүнү таштоо, соодада алдоону таштоо, зынадан алыс болуу ж.б.)

▷ Аллахтын жазган тагдырына сабырдуулук кылуу (мисалы, жакын адамын жоготуу, кыйынчылыктар, балээ-кырсыктар, оору ж.б.)

Кимде-ким ибадат кылууда, күнөөлөрдөн тыйылууда жана башына түшкөн бардык кыйынчылыктарга сабырдуулук кыла турган болсо, анда Аллах анын сыйлыгын Өзү берет. Аллах таала Куранда айткан:
«Чындыгында сабырдууларга сооп-сыйлыктары эсепсиз берилет». [ Зумар сүрөөсү, 10-аят ]

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
🔴 МУРДУ МЕНЕН ЖЕР СҮРСҮН!

Пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен отурган кезде: «Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн! Мурду менен жер сүрсүн!» – деп айтты. Ошондо сахабалар: «Оо, Аллахтын элчиси! Кимди айтып жатасыз?» – деп сурашты. Пайгамбар ﷺ айтты:

– Кимдин ата-энеси карылык жашка жеткенде ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең жанында болуп, аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам. (Сахих Муслим)

Абу Дарда, радыяллаху анху айтты: Мен пайгамбарыбыздын ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Ата-эне бейиш эшиктеринин эң жакшысы. Эгер сен бейишке кирүүнү кааласаң, ал эшикке сак бол. Болбосо ал эшиктен куру каласың». (Ибн Маажах)

 ═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎞 ЗЫНАДАН САКТАНУУ ҮЧҮН ОКУЛУУЧУ ДУБА

Эгерде адамга зына кылуу коркунучу жаралса же зынаны токтото албай жатса же көзүн арамдан тыя албай жатса, анда бул дуба дайым айтып жүрүүсү зарыл.

📍 Видеону сактаңыз, жаттаңыз жана башкалар менен бөлүшүңүз.

▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
▷ t.me/dubazikir
🔴 КЫЯМАТТА СООПТОРУНАН АЙРЫЛГАН АДАМ

Кыямат күнү адам баласынын эсептешер байлыгы – анын сооптору болот. Ал кезде азыркы күндөгүдөй акча менен эсептешүү болбойт. Кимде-ким бул дүйнөдө адамдарга зыян берип, зулумдук кылган болсо, анда алар ошол зулумдугуна жараша анын соопторунан алат. Эгер ал адамдын сооптору болбосо же түгөнүп калган болсо, анда зыян тарткан адамдардын күнөөлөрүнөн алынып, тигил адамдын мойнуна жүктөлөт. Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
 
«Кимде-ким мусулман бир тууганынын абийирине шек келтирип же башка нерсесине зулумдук кылса, анда динар менен дирхам жок болгонго (кыяматка) чейин бүгүн андан кутулсун! Эгерде анын зулумдугу болсо, анда ошол зулумдугуна жараша жакшылык иштеринен алынат. А эгер жакшылыктары болбосо, анда зулум чеккен адамдын күнөөлөрүнөн алынып, ага жүктөлөт». (Сахих Бухари, 6534)

Кыяматта ар бир сооп көздөн учуп турган кезде бардык соопторунан айрылып, анысы аз келгенсип башкалардын да күнөөлөрүн көтөргөндөр эң чоң жоготууга учурагандар. Бул туурасында Абу Хурайра, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде Аллахтын элчиси ﷺ сахабалардан: 

– Силер куру жалак калган адамдын ким экенин билесиңерби? – деп сураганда, алар: 

– Оо, Аллахтын элчиси! Арабызда куру жалак калган адам – акчасыз жана эч нерсеси жок калган адам болсо керек,– дешти. 

Ошондо Аллахтын элчиси ﷺ айтты: 

– Чындыгында үммөтүмдөн куру-жалак калган адам – ал кыямат күнү намаздары, орозолору, зекеттери жана ажылыгы менен келет. Бирок ал адам баланчаны сөккөн, баланчага жалаа жапкан, баланчанын мал-мүлкүн жеген, баланчанын канын төккөн, баланчаны урган. Мына ошондо (ушул кылганы үчүн) аларга анын соопторунан алынып берилет. Эгерде алардын акыларынан толук кутулганга чейин сооптору түгөнгөн болсо, анда алардын күнөөлөрү анын үстүнө ташталат да, андан соң ал тозокко ыргытылат». (Сахих Муслим, 2581)

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз