Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 ТАКЫБАЛЫК — КҮТҮЛБӨГӨНДӨЙ ЫРЫСКЫГА ЖЕТКИРЕТ
⠀
Аллах таала айтты:
«Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет». [Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар]
⠀
Ал эми башка бир аятта айтты:
«Эгерде шаардын жашоочулары ыйман келтирип жана такыбалык кылышса, анда Биз аларга асман менен жердин берекесин ачмакпыз». [Аараф сүрөөсү, 96-аят]
⠀
Аллахтын Элчиси ﷺ:
“Оо, адамдар! Такыбалыкты Аллах менен соодалашсаңар, анда Аллах силерге соодалашпастан ырыскы берет”,– деп айтып, андан кийин төмөнкү аяттарды окуду:
“Ким Аллахтан корксо, анда Ал аны кыйынчылыктан чыгарат жана ал күтпөгөн жактан ырыскысын берет”. [Талак сүрөөсү, 2,3-аяттар; “Аль-Кабир”, Табарани]
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

🔴 АЛЛАХТЫН КААРЫН КЕЛТИРГЕН ЭҢ ЖАМАН САПАТ
Ибну Кудама (رحمہ الله تعالــﮯ) айтты:
«Гыйбат (ушак) кылган адам билсин, ал башка адамды ушактоо менен Аллахтын каарына калат жана кылган жакшылык иштеринин сооптору ушактап жаткан адамга берилет. Эгерде анын бере тургандай жакшылык иштери жок болсо, анда тигил адамдын күнөөлөрүнөн алат. Ким мунун маанисин терең түшүнгөн болсо, анда ал тилин гыйбаттан тыят.
Эгерде ал ушактай тургандай абалга туш болуп калса, анда биринчи эле өзүнүн айыптары тууралуу ойлонсун, аларды оңдоо менен алек болсун. Өзүндө айыптары болуп туруп, башканы айыптагандан уялсын. Өзүн айыпсыз деп ойлосо да ушундай кылсын.
Ошондой эле Аллахтын ага берген жакшылыктарына шүгүр кылуу менен алектенсин. Жан дүйнөсүн ушактоо деген эң жаман сыпат менен булгабасын. Бирөө аны ушактаганын жаман көргөн сыяктуу өзү да башкаларды ушактоону жаман көрсүн». ("Мухтасар минхаж аль-Коосидин", 171-бет)
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech

❏ СУРОО:
ЖУМА КҮНҮ КАХФ СҮРӨӨСҮН ОКУБАЙ ЭЛЕ, АУДИОСУН УГУП КОЙСО ЖЕТИШТҮҮ БОЛОБУ?
❏ ЖООП:
Хадисте айтылган нур берилет деген сыйлык – жума күнү кахф сүрөөсүн окуган адамга гана убада кылынган. Анткени сахих хадистердин биринде айтылат:
«Кимде-ким жума күнү кахф сүрөөсүн окуса, анда ал эки жума ортосунда ага жаркыраган нур болот». (Хаким, 2/399; Байхаки)
Маалым болгондой, окуган башка, уккан башка. Шариятта уккан адам окуган адам өкүмүндө деп эсептелбейт. Мына ошол себептен ким хадисте айтылган сооп-сыйлыкка жетем десе, анда ал кахф сүрөөсүн Куран китептен же жатка окуганы туура болот.
Бирок арабча окуй албаса же кечиримдүү себептерден улам окуганга шарты болбосо, анда укса да болот. Бул абалда хадисте айтылган соопко жетем деген ниетте угуусу зарыл. Окуганды билбейм деп укканды да таштап койгону жакшы эмес.

📌 Абдуллах ибн Масууд, радыяллаху анху, риваят кылат:
«Биз Пайгамбарыбыз ﷺ менен бирге болчубуз. Ошондо ал айтты: «Эй, жаштар жамааты! Араңардан кимдин үйлөнүүгө шарты жетсе, үйлөнсүн. Анткени үйлөнүү көздү (күнөөдөн) тыят, жыныс мүчөнү (зынадан) сактайт. Ал эми кимдин шарты жетпесе, анда орозо тутсун. Анткени ал үчүн орозо калкан болот». (Сахих аль-Бухари)

🔴 АЛЛАХКА ЖАКЫНДАТКАН ЭҢ УЛУУ ИБАДАТ
Аллах таалага жакындаткан эң улуу нафил ибадаттардын бири – Куранды дайым окуу, кунт коюп угуу жана анын ичиндеги маанилерге ой жүгүртүү. Курандын ар бир тамгасында сооптор бар, ар бир аятында жакшылыктар бар, ар бир сүрөөсүндө эки дүйнө бактысына багыт көрсөткөн жолдомолор жана жол-жоболор бар. Куран китеби бизге Кудайды тааныткан эң улуу китеп жана ал пенде менен Раббисинин ортосундагы эң күчтүү байланыш.
● Улуу сахабалардын бири Хаббаб ибну аль-Арат, радыяллаху анху, бир адамга мындай деп насыйкат кылган:
«Аллахка жакындоого болушунча аракет кыл! Билип кой, Аллахка сүйүктүү иш-аракеттердин арасынан сени Ага Куран китебинчелик башка эч нерсе жакындата албайт». («Жаамиъ аль-Улуум уаль-Хикам», 36)
● Имам Сахнун (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Абдурахман ибну аль-Касим дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин аны түшүмдө көрдүм. Ошондо мен андан:
– Сенин кылган иштериңдиң арасынан эң жакшысы кайсы экен? – деп сурасам, ал:
– Куран тилават кылганым,– деп жооп берди. («Сияр аль-Аьлаам ан-Нубала», 2/321 )
ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз