ТИЛМЕЧ
11K subscribers
3.51K photos
198 videos
1 file
3.73K links
Download Telegram
🔴 АТА-ЭНЕНИ НААРАЗЫ КЫЛУУНУН 13 КӨРҮНҮШҮ

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
«Аллах Таала кыямат күнү үч түрдүү адамга карабайт: ата-энесин нааразы кылган адамды, өзүн эркектерге окшоткон аялды жана аялын кызганбаган эркекти. Ошондой эле үч түрдүү адам бейишке кирбейт: ата-энесин нааразы адам, аракка берилген адам жана бергенин милдет кылган адам». (Ан-Насаи)

📍 Ата-энени нааразы кылуунун кээ бир көрүнүштөрү:

1. Бала ата-энесинин алдында өзүн көтөрмөлөп, кандайдыр себептерден улам аларга менменсинип текебер мамиле кылуусу. Мисалы, мал-мүлкү көбөйүп же билим деңгээли жогорулап адамдар арасында абройлуу болгондуктан ушундай жоруктардарды өз ата-энесине көргөзө баштайт.

2. Аларга мээрим төкпөй, аларды адамдарга зар кылып, колдорунан эч нерсе келбей, эч кимге пайдалары тийбей калган курактарында аларды бакпай кароосуз таштап кетүү.

3. Башкаларды ата-энеден абзелирээк көрүү. Мисалы, өзүнүн досун же аялын алардан артык көрүп, ата-эне балага көз каранды болуп турганда, аларга кош көңүл мамиле жасоо. 

4. Ата-эненин көңүлдөрүн оорутуп, кылган иши менен же сөзү менен аларды иренжитип ыйлатуу.

5. Аларга бакырып, каяша сөз кайтарып үн көтөрүү.

6. Алардын буйруктарын жактырбай, алардан тажагандай сезим жаратып, үшкүрүнө берүү.

7. Энесинин жасаган тамагына жаман сын айтуу.

8. Алардын айткан сөздөрүнө маани бербей, кош көңүл мамиле кылуу.

9. Аларды башкалардын алдында жамандап, айып-кемчиликтерин айтуу.

10. Ата-эненин балага муктаж болуп турган курактарында алардын уруксатысыз үйдөн чыгып, аларды таштап, көчө тинтип жүрө берүү.

11. Аларга акаарат кылып сөгүш жана каргыш айтуу.

12. Аларга кол көтөрүү.

13. Аларга өлүм тилөө.

═══════════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 А СЕН БАЛДАРЫҢА ЭМНЕНИ МУРАС КЫЛДЫҢ?
 
Күндөрдүн биринде башчылыкка жаңы дайындалган халиф Мансур жанында отурган Абдуррахман ибну Касымга кайрылып:
– Мага насааттарыңыздан болсо айтыңыз,– дейт. Абдуррахман ага карап:
– Көргөнүмдөн айтайынбы же уккандарымдан айтайынбы? – деп сурайт.
– Көргөндөрүңүздөн айтыңыз,– деп жооп кылат.

Ошондо Абдуррахман мындай деп сөзүн баштайт: «Мусулмандардын халифи Умар ибну Абдулазиз кайтыш болуп, анын артында он бир уулу калат. Ошондо анын балдарына калтырган мурасы 17 динар гана болуптур. Ошол 17 динардын 5 динары кепинине, ал эми 2 динары кабырын сатып алууга төлөндү. Ал эми ошондон арткан 11 динары балдарына бөлүнүп берилди.

Ошол эле учурда Хишам ибну Абдулмалик да кайтыш болду. Анын да артында он бир уулу калды. Анын мурасын балдарына бөлүштүргөндө, ар бир баласына миллион динардан тийди.

Кийин бир топ жыл өткөндө халиф Умар ибну Абдулазиздин бир баласы Аллах жолуна жүз тулпарды садака кылганын көрдүм, ал эми ошол эле күнү Хишам ибну Абдулмаликтин бир баласы көчөдө тилемчилик кылып жүргөнүн да көрдүм.

Халиф Умар ибну Абдулазиз өлүм алдында жаткан кезде анын жанында турган адамдар андан:
– Умар, балдарыңа эмне мурас таштадың? – деп сурашканда, ал мындай деп жооп берген экен:
– Аларга такыбалыкты мурас кылдым. Эгерде алар такыба болушса, анда Аллах алардын ишин жөнгө салат. А эгер андай болушпаса, анда аларга эч нерсе таштабайм. Себеби алар ошол нерсе менен Аллахка каршы күнөө кылышы мүмкүн.

📕“Сира уа манаакиб Умар ибни Абдилазиз”, 338-бет

Эмне үчүн мындай болду? Атасы өлгөндө ар бирине мурас катары бир динардан тийди, бирок кийин Аллах аларга дүйнөнү төгүп берди. Анткени аларга атасы такыбалыкты мурас кылды, динди, ыйманды, илимди мурас кылды. Ал эми берки адамдын балдары миллиондогон байлыкты мураска алды, бирок такыбалыгы болбоду. Мына ошол себептен Аллах алардын кадыр-баркын да, байлыгын да жок кылды. Эсиңизде болсун, чыныгы байлык, чыныгы кадыр-барк такыбалыкта!

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
📖 Сабит аль-Банани айтат:

«Бир жерде бир бала атасын уруп жатыптыр. Ошондо адамдар ага: «Бул эмне кылганың?»,— деп чуулдап калышты. Ошондо  баланын атасы адамдарга мындай деп айтты:

— Муну жөн койгула! Мен дагы бир убакта атамды дал ушул жерден сабаган элем. Мына эми өз башыма түштү, өзүмдөн чыккан балам мени дал ошол жерде сабап жатат.

📕 “Аль-Калим ат-Тайиб”

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎥 ХИЖАБ АРАБДАРДЫКЫ ДЕГЕНДЕРГЕ СОНУН ЖООП

Мыктыбек Арстанбек

➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Видеону башкалар менен бөлүшүңүз
✔️ ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ:

Бул хадис ар бир мусулман үчүн эң зарыл хадистердин бири болуп эсептелет. Кайсы бир үйдө жандуу заттардын (адамдын, жаныбардын, канаттуунун) сүрөттөрү бар болсо, мисалы, дубалда илинген фото сүрөт болобу, же колго тартылган сүрөт болобу, же гезиттердеги сүрөттөр болобу, же китеп-дептерлердин тышындагы сүрөттөр болобу, мына ошондой сүрөттөр бар үйгө периштелер жолобойт. Андай сүрөттөрдү үй ичинен жок кылуу керек, же көрүнбөй турган жерге катуу керек. Болбосо ал үйгө периштелер кирбейт. Ал эми периште кирбеген үйгө жин-шайтандар толот, ал үйдөн береке кетет.

Ошондой эле ит бар үйгө да периште кирбейт. Эгерде адам шариятта уруксат берилген (аңчылык, короо жайды кайтартуу, мал жаюу) сыяктуу абалдардан тышкары ит бакса, мисалы, каапырларды туурап үй ичинде ит кармаса же мактаныш үчүн бакса же башка дагы уруксат берилбеген себептерден улам бакса, анда андай үйгө да периште кирбейт. Андыктан итти себепсиз багуудан сак болуу зарыл. 

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 СҮРӨТ ТАРТУУ ЖАНА АЙКЕЛ ЖАСОО ШАРИЯТТА АРАМ

Чубак ажы Жалилов

▷ t.me/risalatkg
🔴 ЖУМА НАМАЗЫН ОКУП ЖҮРГӨНДӨРГӨ АКЫРЕТТЕ БЕРИЛҮҮЧҮ СЫЙЛЫКТАР

Абу Муса, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты:

«(Кыямат күнү) күндөр (жаратылынган) өз абалында келет, бирок жума күн нурланып жаркырап келет. Жума намазын окуп жүргөндөр жума күндү көшөгөсүнө алып бараткан келиндей курчап алышат. Жума күн аларга жарык кылып, алар анын жарыгында басышат. Алардын түстөрү кардай аппак жана жыттары мисктей жыттуу болушат. Алар «тисс» дарагынын тоолорун кезишет. Алар бейишке киришкенге чейин аларды жиндер менен адамдар таң калгандан кыймылдабай карап турушат. Аларга сооп гана үмүт кылып азан айткан азанчылар гана кошула алышат». (Табарани)

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
​​🔴 КИМ АЛЛАХ ҮЧҮН АРАМДЫ ТАШТАСА, АЛ АГА АНДАН ДА ЖАКШЫСЫН БЕРЕТ

Дамаск шаарында тауба деген чоң мечит болгон. Бир кезде ал мечит шарият илимин таркатуучу борборго айланган. Ал мечитте Салим Суюти деген аалым киши болот. Бир күнү шакирттеринин бири таң калыштуу бир окуяга кабылганын төмөнкүчө айтып берет:

 ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄ ̄
«Шакирттеримдин арасында адеп-ахлактуу, кулк-мүнөздүү, сабакты жакшы окуган такыба шакиртим бар эле. Анын колунда жок болгонуна байланыштуу мечиттин бир кичине бөлмөсүнө жашатып койгон элек. Шакиртим айтат:
 
– Күндөрдүн биринде жегенге эч нерсе жок, сатып алайын десем акчам жок, бир гана сабыр кылыштан башка айла калбады. Эртеси дагы жегенге эч нерсе таппай, сабыр кылууга туура келди. Үч күн бою ачка жүрдүп, акыры ачкалыктан өлүп калбайын деп айла-амал издей баштадым. 

Илгерки үйлөр бири-бирине жакын жайгашкандыктан, үйлөрдүн чатырлары менен бир үйдөн экинчи үйгө өтүү оңой болчу. 

Ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры ушул ойду туура көрүп, мечиттин чатырына чыгып кара курсагымды тойгузуунун айласын издеп бара жаттым. Кээ бир үйлөрдөн аялдар мени көрүп кыйкырганда, көзүмдү ала качып, ал жерден тез-тезтен басып бара жатым. Бир маалда бир үйгө туш келдим, карасам үйдүн ээси көрүнбөйт. Ал үйдөн мурунду жарчудай тамактын даамдуу жыты чыгып жатты. Ачкалыктын айынан өзүмдү кармай албай терезесинен ашып үйгө кирип бардым. Карасам тойго жасалгандай дасторкон жайылып турган экен. Дастаркондун ортосундагы табактын оозун ача салып ичиндеги тамакты оозума сала калып бир чайнаганда эсиме келип, өзүмө өзүм суроо бердим: «Мен Аллахтын сөзүн жаттап жүргөн болсом, илим алып мечитте жашасам, анан кантип мындай арам ишке бармак элем?» – дедим да, ал жерден чыгып мечиттин чатыры аркылуу мечитке түштүм да, билинбей балдардын катарына кошулуп, устазымдын сабыгына отуруп калдым. Ачкалыктын айынан устазымдын сабагын эч кабыл ала албадым. Сабак бүткөндө, паранжа жамынган бир аял устазыма келип, бир нерсени сурап жаткандай болду. Устазым балдардын баарысын бир сыйра карап көрүп, мени чакырды.

Устазым мага карап: 
 – Үйлөнөсүңбү? – деп суроо узатты.

Устазымдан мындай суроо берерин күтпөгөндүктөн, анын суроосуна жооп бере албай мукактанып унчукпай калдым. 

Кайра өзүмө келип: 
– Оо, устаз! Мен кээде жегенге тамак таппай каламын, анан кантип үйлөнмөк элем? – дедим.

Анда устазым: 
– Азыркы келген келиндин жакында эле күйөөсү кайтыш болуптур. Ал башка жактан биздин шаарга келин болуп келген экен. Колунда карыган кемпир жана күйөөсүнөн мураска калган там-ташы, байлыгы да бар экен. Ушулардын барысына баш-көз болгонго ыймандуу, адилеттүү, аманатка кыянат кылбаган бала таап бериңиз деп келген экен,– деди.

Мен ага үйлөнүүгө макул болдум. Устазым күбөлөрдү чакырып, ал экөөбүздүн никебизди кыйып, анын калыңын дагы төлөп берди. Ак никелүү болгондон кийин ал мени үйүнө ээрчитип барды. Карасам азыр эле уурулукка кирген үй экен. Мен үйлөнгөн келин паранжасын чечсе эле өтө сулуу экен.

Ал мага карап: 
– Ачка болдуңузбу, тамак жейсизби? – деп сурап калды. 

Мен: 
– Ооба, – дедим. 

Дастаркон жазылган бөлмөгө киргенибизде эки саат мурун көрүп кеткен дастаркон ошол бойдон турган экен. Ал келин оозу чала жабылган табактын капкагын ачып: «Таң калыштуу! Үйгө бирөө киргенби? Бул тамакты бир тиштеп эле таштап коюптур» – дегенде өзүмдү кармана албай ыйлап жиберип, болгон окуяны болгондой айтып бердим. 

Алган жарым мага карап:
– Аллахтан коркуп арам тамактан тыйылганыңыз үчүн, Аллах сизге ошол тамакты эле эмес, ошол үйдүн ээсин дагы адал кылып койду, – деп айтты».

═══════════════
➤ https://t.me/tilmech
➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
​​🔴 МАРКУМГА ДУБА КЫЛГАНДЫ УНУТПА

Аалымдардын бири айтат: «Бир жакка сапар кылып барып калдым. Мен ал жерде чоочун жана баш калкалай турган жерим жок болгондуктан, мечиттердин бирине барып уктадым. Уктап жатсам жаназа окуу үчүн адамдар топурап кирип келишти. Ошондо ичинден мен дагы соопчулук үчүн кошулуп жаназа окуюн дедим да, алар менен чогу жаназа окудум. Анан алар менен кошо аны көмүү үчүн бардым. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ айткан:

«Кимде-ким маркумдун жаназасына катышса, анда ал бир карат өлчөмүндө сооп алат. Ал эми ким көмгөнүнө да катышса, анда ага эки карат өлчөмүндө сооп жазылат». Андан: «Эки карат деген канча?» – деп сураганда: «Ал эки чоң тоо сыяктуу» – деп жооп берди». (Сахих Бухари, 1325)

Адамдар маркумду көмгөндөн кийин бири да калбай кайтып кетишти. Ошондо ичимден бул өлгөн адам азыркы учурда дубага өтө муктаж деп Аллахка кайрылып:

– Оо, Раббим! Бул адам Сага конок болуп келди, бирок мен аны тааныбайм. Эгер бул адам мага конок болуп келсе, аны тааныбасам да мен ага сый көрсөтмөкмүн. Сен болсо жоомарттардын эң жоомартысың, эми кантип ага сый көрсөтпөй коёсуң?! – деп дуба кылдым.

Андан соң мечитке кайра келип уктадым. Түшүмдө аппак кийимчен бир адамды көрдүм. Ал менден: «Мага дуба кылган адам сен белең?» – деп сурады. «Сен кимсиң?» – дедим. Ошондо ал айтты: «Сен дуба кылган кабырдагы адам менмин. Аллахка ант болсун, Аллах сенин дубаң себептүү күнөөлөрүмдү кечирди». 

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 АТА-ЭНЕҢЕ АКЫРКЫ ЖОЛУ КАЧАН ДУБА КЫЛДЫҢ?

▷ @risalatkg
​​🔴 ЖАМАН ОЙЛОР КЕЛГЕНДЕ УШУЛ ОКУЯНЫ ЭСТЕҢИЗ

Талха ибну Абдурахман өз заманында курайш уруусундагы эң берешен адамдардын бири болгон. Күндөрдүн биринде аялы ага: 

– Сенин досторуңдан өткөн начар адамдарды көрбөдүм, – дейт. Ошондо ал андан:

– Эмнеге? – деп себебин сурайт. 

– Алар сен байыган кезде жаныңдан чыкпай калышат. Эгер эч нерсеси жок калсаң, бирөөсү да жаныңа басып келип койбойт, – дейт.

Ошондо Талха аялына мындай деп айтты:

– Аллахка ант болсун! Бул алардын адептүүлүгүнөн. Алар колубузда бар кезде көп келишкени, биз аларды сыйлаганга шартыбыз болот. Ал эми колубузда жок кезде келишпегени, бизди ашыкча кыйналып калбасын дешет. («Адаб ад-Дунья уад-Диин», 180)
 
Караңыз, досторунун адамгерчиликке жатпаган туура эмес мамилесин жакшылыкка жооруду, алар кыянаттык кылса да алар тууралуу жакшы гана ойлоду. Бул анын жүрөгүнүн жана ойлорунун таза экендигин билдирет. Мындай кылуу чыныгы ыймандуу адамдын сыпаттарынан. Анткени ал жаман ойлоого миң себеп болуп турса да, жакшы ойлоонун бир жолун табат. Эч качан башкалар тууралуу жаман ойлоого жол бербейт. 

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз
Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🎞 БАЛДАРЫҢ КҮЧТҮҮ ИНСАН БОЛСУН ДЕСЕҢ, УШУЛ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛ БУР

▷ t.me/risalatkg
​​🔴 БИЛИП ТУРУП АТКАРБАДЫК

❐ Кыяматта адамдын сурагы беш маал намаздан башталарын билип туруп намаз окубаганыбыз жана аны үйрөнүүгө аракет кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Балагатка жеткен ар бир аялзаты үчүн хижаб кийүү парз экенин билип туруп хижаб кийбегенибиз жана ал анчалык деле маанилүү эмес дегендей кайдыгер мамиле кылганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Күнүгө 100 жолу «Субхааналлахи уа бихамдихи» деп айткан адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болсо да кечирилет деген хадисти билип туруп, бул зикирди айтканга күнүгө 2-3 мүнөт убакыт таппаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Күнүгө эки рекет духа намазын окуу денебиздеги 360 мүчө үчүн садака болорун билип туруп, бир да жолу духа намазын окубаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах аны тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатарын билип туруп, Рамазандан башка убакта бир да күн орозо кармабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Эртең менен оорулуу адамга барып, аны көргөн адам үчүн жетимиш миң периште кечирим сурарын билип туруп, ага барып ал-акыбалын сурап кабар албаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Той-аштарга жүз миңдеп акча чачып, бирок кыяматтын кайнаган күндөрүндө адамга көлөкө боло турган садакага жүз сом да бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!

❐ Кайсы бир маркумдун жаназасына жана аны көмгөнгө катышкан адамга эки Ухуд тоосундай сооп-сыйлык берилерин билип туруп, өлгөн адамдын жаназасына катышпаганыбыз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐ Аллах жолунда торгойдун уятсындай мечит курсаң, ал үчүн Аллах бейиште үй курарын билип туруп, мечит курулуп жатканда ага бир кыш койгонго да жарабаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

❐ Ыйык Курандан бир тамга окусаң, ал үчүн он сооп берилерин билип туруп, Куран китебинен күнүгө жок дегенде бир аят болсо да окубаганыбыз же таптакыр эле Куран окуганды билбегенибиз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐Жетим-жесирлерге жардам берген адам Аллах жолунда казат кылгандай, эртеден кечке орозо кармап, түнү бою уктабай намаз окугандай соопко ээ болорун билип туруп, жетим-жесирлерге жардам бербегенибиз кандай өкүнүчтүү!
⠀
❐Кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы бейиш болорун, аны аткарган адам энеден жаңы төрөлгөн баладай күнөөсүз кайтып келерин билип туруп, шартыбыз болуп турса да ажылык кылбаганыбыз кандай өкүнүчтүү!

⚠️ Эми ушулардын баарын билгенден кийин да аткарбай койгонубуз акыретте биз үчүн мындан да чоң өкүнүчтөрдү алып келет!

ТИЛМЕЧ |Эрланбек Кушчубек уулу
 
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
 
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз