🔴 ӨЛҮККӨ ӨКҮРҮҮ – КҮНӨӨ ИШТЕРДЕН
Абу Бурда, радыяллаху анху, айтат:
«Абу Муса катуу ооруп эсин жоготту. Башы аялынын алдында эле. Ошондо бир аялы кыйкырып жиберди. Абу Муса ал аялына эч нерсе деп айта албады. Кийин өзүнө келгенден кийин мындай деп айтты:
«Мен Аллахтын Элчиси ﷺ баш тарткан нерседен баш тартамын. Чындыгында Аллахтын Элчиси ﷺ (башына кыйынчылык келгенде) кыйкырып-өкүргөн, чачын жулган жана кийимин жырткан аялдан баш тарткан». | Бухари, 1234; Муслим, 104
Кыйынчылыкка кабылганда кыйкырып – өкүрүп, бетин тытып, кийимин жыртып, чачын кыркып жана ар кандай Кудайга акарат келтирген сөздөрдү айтуу арам экендиги бул хадисте баяндалды.
Кыйынчылык келгенде сабыр кылуу ар бир мусулмандын милдети. Сабыр кылуунун сообу өтө чоң. А эгер кыйынчылык келгенде бул да Аллахтын каалоосу деп кыйынчылыкка ыраазы болуу бул – чоң даража жана анын сообу сабыр кулуунун сообунан да чоң болот.
Абу Муса өлүм төшөгүндө жатса да аялын күнөө иштен тыйды. Мына бул окуядан ар бир мусулман сабак алып, өз үй-бүлөсүн, жакын туугандарын жакшылыкка чакырып жана аларды ушуга окшогон күнөө иштерден тыюусу керек.
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

Forwarded from Risalat KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
🔴 СЫРТКЫ ДҮЙНӨҢ ОҢОЛСУН ДЕСЕҢ, АНДА ИЧКИ ДҮЙНӨҢДҮ ОҢДО
Маакил ибну Убайдуллах аль-Жазари айтат:
“Мурунку заманда аалымдар бири-бирине жолугуп калса, ушул сөздөрдү айтып насаат кылышар эле. Эгерде көпкө көрүшпөй калса, ушул сөздөрдү бири-бирине кат аркылуу насаат кылып жөнөтөр эле:
«Ким Аллах үчүн ички дүйнөсүн оңдосо, анда Аллах анын сырткы дүйнөсүн оңдойт. Ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, анда Аллах аны менен адамдардын ортосундагы мамилесин оңдойт. Ким акырет иштерине кам көрсө, анда Аллах анын бул дүйнөдөгү иштерине кам көрөт».
📖 “Аль-Ихлас уа ан-Нийя”, 1/54

🔴 ПАЙГАМБАРЫБЫЗ КОРГОО СУРАГАН ТӨРТ НЕРСЕ
⠀
Зайд ибну Аркам, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айтчу эле:
«Оо, Аллах! Мен Сенден пайда бербеген илимден, коркпогон жүрөктөн, тойбогон напсиден жана кабыл болбогон дубадан сактооңду сураймын».
«Аллахумма иннии аъуузу бика мин иълмин лаа янфаъ, уа мин колбин лаа яхщаъ, уа мин нафсин лаа ташбаъ, уа мин даъватин лаа юстажаабу лахаа».
اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عِلْمٍ لا يَنْفَعُ وَمِنْ قَلْبٍ لا يَخْشَعُ وَمِنْ نَفْسٍ لا تَشْبَعُ وَمِنْ دَعْوَةٍ لا يُسْتَجَابُ لَهَا
⠀
✅ ДУБАГА ТҮШҮНДҮРМӨ
⠀
1) Пайда бербеген илим – адам үйрөнүп, бирок амал кылбаган, башкаларга айтып өзү аткарбаган, аны адамдарга үйрөтпөгөн жана акыретине пайда алып келбеген илим. Ошондой эле адамды жакшы жакка өзгөртпөгөн, кулк-мүнөздүүлүккө, адептүүлүккө үйрөтпөгөн илим. Ал эми пайдалуу илим деген адамды Аллахтан коркууга, өз кемчиликтерин оңдоого, диний милдеттерин аткарууга түрткөн илим.
⠀
2) Коркпогон жүрөк – Аллахтын аты эскерилгенде коркпогон, айтылган насааттан таасир албаган, күнөөгө баткан мерез жүрөк.
⠀
3) Тойбогон напси – Аллах берген жакшылыкка, ырыскыга каниет кылбаган, дүнүйөгө тойбогон, өз кызыкчылыгын гана ойлогон жана адал-арамды ылгабаган напси.
⠀
4) Кабыл болбогон дуба – Аллах кабыл кылууну каалабаган, дубанын кабыл болуш шарттары, адептери аткарылбаган, ыкылассыз кылынган дуба. Жегени, ичкени, кийгени арам болгону себептүү жана күнөө аралаш болгону себептүү кабыл болбогон дуба.
⠀
✍🏻 Эрланбек Кушчубек уулу
═══════════════
➤ https://t.me/tilmech

📕Сахих Муслим

🔴 АЛЛАХ АДАМДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮН УШУНДАЙ СЫПАТТАГАН
Куранда «адамдардын көпчүлүгү…» деген аяттар өтө көп кайталанып келет. Эгерде ошол аяттардын үстүндө ой жүгүртө турган болсок, ал аяттарда адамдардын көпчүлүгүн ушундай абалдарда сыпаттаган:
● «…алардын көпчүлүгү ширк кылгандар».
● «…адамдардын көпчүлүгү билишпейт».
● «…адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт».
● «…алардын көпчүлүгү акыл жүгүртүшпөйт».
● «…алардын көпчүлүгү бузукулар».
● «…алардын көпчүлүгү каапырлык кылгандар».
● «…алардын көпчүлүгү акыйкатты жаман көргөндөр».
● «…алардын көпчүлүгү жалганчылар».
● «…алардын көпчүлүгү күмөн ойлорго гана ээрчигендер».
● «…алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт».
● «…алардын көпчүлүгү укпастан жүз бургандар».
Ал эми башка аяттарда Аллах таала «адамдардын азчылыгы» тууралуу мындай деп айткан:
● «Пенделеримдин аз гана бөлүгү шүгүр келтиришет».
● «Алардын арасынан аз гана адамдар аны аткарышат».
● «Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар өтө аз».
● «Алардын аз гана бөлүгү алар менен бирге ыйман келтиришти».
Эгерде Аллах таала Куранда адамдардын көпчүлүгү жана азчылыгы тууралуу ушундай деп жатса, анда эмнеге сен эл эмне дейт деп ойлоносуң? Эмне үчүн көпчүлүккө карап жашайсың? Эмне үчүн диний милдетиңди аткарууга келгенде "адамдар эмне дейт, алар кандай кабыл алат" деп алардын сөздөрүнө маани бересиң?
Акыйкат эч качан көпчүлүккө карап бааланбайт. Анткени адамдардын көпчүлүгү адашууда, ал эми акыйкатты карманган адамдар азчылыкты түзөт. Жер бетинде акыйкатты карманган жалгыз гана адам калса да, ал акыры жеңишке жетет. Ал эми жалганды жактагандар көпчүлүктү түзсө да, алар акыры барып кыйроого учурашат.
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech
💌 Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз

🔴 ШАЙТАН АДАМДЫ ЭКИ ЖОЛДО АЗГЫРАТ
Каргышка калган Иблис ыйман келтиргендерди туура жолдон азгыруу үчүн эки жолду колдонот. Бул туурасында Ибну Каййим абдан жакшы айткан:
«Чындыгында шайтан, адегенде билинбестен адамдын жүрөгүн аңдып, аны байкап көрөт.
Эгерде адамдан БОШОҢДУКТУ, көңүл коштукту жана жеңилдикке ыктоочулукту байкаса, анда ушуну пайдаланып ага тоскоолдук кыла баштайт жана Аллахтын буйруктарын аткаруудан тосот, аны жалкоолук, көңүл коштук жана бошоңдук менен бузуп, жалган түшүнүктөргө, кыялданууларга жол ачып, акыры адамды Аллахтын буйруктарын таштоого да алып келиши мүмкүн.
А эгер адамдан АРАКЕТЧИЛДИКТИ, чечкиндүүлүктү, баамчылдыкты, кажыбас кайраттуулукту байкаса жана ага каршы башка эч бир жол таппаса, анда ал аны ашыкча ибадаттарды кылууга түртөт жана «сага бул жетишсиз, сенин жөндөмүң мындан да жогору, сен Аллахка ибадат кылууда башкалардан ашып түшүшүң керек, башкалар эс алса да сен эс алба, башкалар ооз ачса да сен орозоңду уланта бер, башкалар бошоңдосо да сен ибадатыңды уланта бер. Эгерде алар дааратта бетин үч жолу жуушса, анда сен жети жолу жуугун, а эгер алар намазга даарат алышса, анда сен гусул алгын» деген сыяктуу чектен ашуучулук жана аша чабуучулук менен адаштырат. Ошентип Иблис аны аша чабуучулукка жана туура жолдун чегинен чыгууга түртөт дагы, биринчи адамды туура жолго жакындатпастан ибадатка кайдыгер мамиле кылууга азгырат.
Эки учурда тең анын максаты – адамды туура жолдон чыгаруу.
Биринчисиндетуура жолго жакындоого мүмкүнчүлүк бербөө, ал эми экинчисиндеболсо туура жолдун чегинен чыгарып жиберүү. Көпчүлүк адамдар ушул эки ыкманын бири менен адашууга туш болот. Мындан сактануунун бир гана жолу бар, ал – терең илим, ыйман, шайтандын азгырыгына каршы туруктуулук жана орто жолду кармануу».
📖 “Аль-Вабиль ас-Сайиб”, 34