Burana.info
131 subscribers
3.83K photos
67 videos
24 files
3.27K links
Burana сайты аймактагы жана эл аралык деңгээлдеги курч темаларды Ислам көз карашынан туруп чагылдырат. Ошондой эле, мусулмандардын аң-сезимин көтөрүүчү темаларга басым жасайт. Акыйкатка биз менен жетиңиз!
Download Telegram
Ал-ваъй журналынын жаңы саны чыкты
Ал-ваъй сөзү: Акыйкат үстүндө бекем туруу ............................................................ 3
––Үч коопсуздук чакырыгына каршы позиция: эмне үчүн Пакистан коопсуздук тармагы жаңы кризистерге каршы чара көрүшү керек? ........ 7
–– Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо: саясий түшүнүктө картанын ролу (3) ................................................ 11
–– Ислам каржы түшүнүгү менен капиталисттик жана социалисттик түзүмдөрдөгү каржы түшүнүктөрдүн айырмасы (2) ...................................................... 17
–– Египеттин тышкы карызы 200 миллиард долларга жакындады: саясий чабалдык ....... 31
–– Жасалма интеллект жана сейрек кездешүүчү металлдар үчүн эл аралык күрөш ............... 40
––Аалам мусулмандарынын кабарлары ..... 50
––Куръани Карим сабагында ................... 60
––Бейиш бактары: Периштелер көлөкөлөгөн сахаба ........................................................ 70
––Соңку сөз: Бир адамга мурун кийбеген кийимди кийгизбегиле… Андай кылсаңар, диниңерди да, дүнүйөңөрдү да бузуп аласыңар .......................................................... 75
––Хуситтер козголоңчу топпу же көп функциялуу куралбы?. ............................ 77
https://burana.info/ky/%d0%b0%d0%bb%d1%8c-%d0%b2%d0%b0%d0%b9-2/
👍1
Мусулмандар качан эгемендүү болот?

Совет бийлиги кулашынын артынан Борбор Азияда бир катар улуттук мамлекеттер пайда болду. Анын ичинде Кыргызстан 1991-жылы 31-августта көз карандысыздыгын жарыялады.

Тарыхка бираз кылчайсак, мусулмандар 1924-жылы Усманий халифалык мамлекети кулашы менен чыныгы эгемендүүлүктөрүн жоготушту. Британия жана Франция Араб жана Африка өлкөлөрүн Усманий халифалыктан бөлүп алып колония кылуу үчүн “эгемендүүлүк” ураандарын көтөрүп чыгышкан. Айрыкча, арабчылык, түркчүлүк сыяктуу улутчулдук ууларын кеңири таркатышты. Ошентип, улуттук мамлекеттер пайда боло баштады.

Кийин биринчи дүйнөлүк согуш жүз берип, анын артынан Халифалык мамлекети кулатылды. Колонизатор мамлекеттер басып алган аймактарына сыйбай, кайрадан экинчи дүйнөлүк согуш жүз берди. Мына ушул экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында “көз карандысыздык” демилгеси дүйнөгө лидерлик кылууга умтулган Америка тарабынан алга сүрүлдү. “Көз карандысыздык” (independence) термини башка державалардын колонияларын тартып алууга мүмкүнчүлүк жаратыш үчүн, АКШ тарабынан ойлоп табылган долбоор болуп калды. Анткени, Америка экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык майданда лидерлик кылып, өз коңулунан чыгып башка колонизаторлордун аймактарына көз арта баштаган. Натыйжада, деколонизация аракети Индиядан башталып, ал 1947-жылы “көз карандысыздык” алды. Тагыраагы, АКШ “эгемендүүлүк” урааны астында Индияда көтөрүлүштөрдү колдоп баштаганда, Британия Индия менен Пакистанга жасалма эгемендүүлүк берүүгө мажбур болду. Бул аймактагы АКШ менен Британия ортосундагы “эгемендүүлүк” күрөшү бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Тагыраагы, Индиядагы “Индия улуттук конгресси” партиясы аркылуу Британия, ал эми “Индия элдик партиясы” аркылуу Америка “көз карандысыздык” ураанын көтөрүп келет. Пакистанды болсо АКШ Британиядан толугу менен тартып алууга жетишти. Деколонизация процесси ушундайча ар бир аймакта эски-жаңы колонизаторлор арасында уланып келди. 1960-жылдары “деколонизация” Бириккен Улуттар Уюму тарабынан күчтүү колдоп-кубатталды. БУУ ушул жылы “колониядагы өлкөлөр жана калктарга көз карандысыздык берүү боюнча декларация” кабыл алды. 1961-жылы АКШ президенти менен СССР жетекчиси Хрущев Венада колонияларды өз ара бөлүшүүгө келишип алышты. Натыйжада, “көз карандысыздык” күрөштөрү аркылуу АКШ жана СССР Британия менен Франция баштаган башка колонизатор мамлекеттердин колонияларына кирип барууга жол ачып алышты. Алар да өз колонияларында таасирлерин сактап калууга, жаңы колонизаторлорду киргизбөөгө аракет кылышты. Мисалы, Британия өз колонияларындагы өлкөлөрдү “Улуттар кызматташтыгы” (Commonwealth of Nations) уюму аркылуу кармап калууга аракет кылды. Франция болсо “Француз коомчулугу” (Communauté française) уюму аркылуу аракет кылды. Кийин Совет бийлиги кулап, Россия да алардын кейпин кийип КМШ уюму аркылуу өз таасирин сактап калууга аракет кылды. Бирок, аны менен колонияларын толук чеңгелинде кармап кала албады. Улам таасири тарып бара берди. Андан соң, аскерий жактан ОДКБ, экономикалык жактан ЕАЭС уюмдарын түздү. Анын колонияларындагы мамлекеттер башка эл аралык уюмдарга мүчө болгондугу жана аларга башка колонизаторлордун кирип келүү жолдору ачылгандыгы себептүү, анын таасири дагы да кыскарып барууда.

Учурда Кыргызстанда эски колонизатор Россиянын таасири үстөм болгону менен, АКШ ички иштерибизге аралаша ала турган деңгээлде кирип келип калды. Айрыкча, маалыматтык айдыңда, кадрларды даярдоо жаатында бир катар ийгиликтерге жетишти. Ал эми, Үзөңгү-Куушту алуу менен неоколонизаторлугун баштаган Кытай бүгүнкү күнгө келип Кыргызстанда эң башкы карыз берүүчү, эң башкы инвестор көрүнүшүндө экономикалык жактан негизги таасирге ээ болуп алды. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоору сыяктуу стратегиялык иштердин башталышы анын таасирин дагы да арттырууда. Ал эми, баалуу металлдардын жана чийки сырьенун мааниси өскөн сайын Европа да Борбор Азиядагы кен байлыктарга
кызыгуусун артттырып, стратегиясын жаңылап, аймакка кирүү аракетин жасап жатат.
Демек, 31-август Кыргызстан калкы үчүн эегемендүүлүк күнү эмес, ал неоколонизаторлук, тагыраагы, колонизаторлордун биздин өлкө үстүндөгү таасир талашуусу башталган күн. Анткени, эгемендүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү болгон саясий, экономикалык жана аскерий жактан жогорудагы колонизаторлорго көз карандылык уланып келүүдө.

Демек, биз мусулман калк катары колонизаторлуктан кутулуу жолубуз өз Исламыбызда экенин аңдашыбыз зарыл. Андыктан, баарыбыз биргеликте Исламыбызды үйрөнөлү жана ага амал кылууга шашылалы. Ошондо биз 1924-жылы жоготкон эгемендигибизди өз колубуз менен кайтарып алуу сыймыгына жетишебиз. Бул үчүн Ислам аймактары жасалма чек араларды тааныбастан, улуттук “эгемендүү” мамлекетчелерге алданбастан аракет кылуубуз керек. Учур мусулман катары өз-ара кайчы пикирлерибизди чекеге коюп, бириге турган мезгил. Ошондо биз Газаны, Чыгыш Түркистанды, Рохинжаны, Суданды жана башка зулумдук чегип жаткан аймактарды жалгыз калтырган жетекчилерди эсеп-китеп кыла алабыз. Ошондо биз артында коргонула турган, артында туруп согуш кылына турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу эгемендүүлүккө жетебиз.

Мумтаз Маверанахрий
Башкаруу түзүмү жана Халифа китебиндеги карама-каршылык тууралуу

Ассаламу алайкум, “Башкаруу түзүмү” менен “Халифа” китебиндеги халифалыктын шарттары тууралуу эки текст бири бирине карама-каршыбы?

Жооп:

Уа алайкум ассалам. Сиз айтып өткөн «Халифа» китебиндеги текст «Башкаруу түзүмү» китебинин (арабча нускасы) 60-бетинде келген. Ал текст эгерде бир өлкөдө Халифалыктын төрт шарты толук аткарылып, ал жерде халифага байъат берилсе, анда Халифалык орнотулуп, жарактуу болуп калаары айтылат. Бул өлкөдө (Ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндөгү ахлул-хал уал-акддын көбүн) түзбөсө да, Халифалык орной берет. Башкача айтканда, эгерде силердин өлкөңөрдө Халифалыкка байъат берилсе, анда ал өлкө жалпы үммөттүн же ахлул-хал уал-акддын көбүн түзбөсө да, Халифалык орнотулат. Себеби Халифалыкты тикелөө фарз кифая. Ким аны туура аткарса, ал фарзды аткарган болот жана башкалар ага итаат кылууга милдеттүү болуп калат.

Ал эми «Башкаруу түзүмү» китебинин (арабча нускасы) 85-бетинде айтылган башка текстте мындай делет: “бийликти ээлеп алган адамдар мусулмандарга жетекчилик кылууга жана Халифалыкты орнотуп берүү шарттарына ээ болгон талапкерди сунуш кылууларына уруксат. Андан соң ошол өлкөдөгү ахлул-халл уал-акдды же алардын көпчүлүгүн чогултуп, сунушталган адамды халифа кылып шайлоо талап кылынат. Ошондо ахлул-халл уал-акд ал кишиге Аллахтын китеби жана Пайгамбарынын ﷺ  сүннөтү боюнча ыраазычылык жана эркин тандоо менен байъат кылышат. Ошентип, ал киши ушул байъат менен Халифа болуп шайланат.

Бул болсо ошол өлкөдө Халифалыкты орнотуунун кайфияты тууралуу.

Демек, биринчи тема экинчи темадан айырмаланат.

Биринчи тема төмөнкү суроого жооп: Халифалык орношу үчүн ислам үммөтүнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөгү ахлул-хал уал-акддын байъаты зарылбы? Башкача айтканда, эгер силердин өлкөңөрдө Халифалык тикеленүүсү үчүн араб өлкөлөрүнүн жана башка ислам өлкөлөрүнүн көпчүлүгү сөзсүз түрдө байъат кылышы керекпи? Эгер мисалы, Мисир байъат кылбаса, анда силердин өлкөңөрдө Халифалык орнобой калабы?

Жооп: Жок, тескерисинче, эгер Халифалыктын белгиленген шарттары кайсы бир өлкөдө табылган болсо жана ошол өлкө шарттарды толук аткарган кишиге байъат кылса, анда ал Халифалык сахих жана жарактуу болуп калат. Андан соң калган мусулмандар ага итаат байъатын берип, бул мамлекетке кошулушу фарз болот.

Экинчи тема болсо төмөнкү суроого жооп: биринчи жооптон улам белгилүү болгондой, силердин өлкөңөрдө Халифалыктын орношу мүмкүн болсо, анда ал өлкөдө Халифалык кантип тикеленет?

Жооп: мусулмандар же алардын арасындагы күчкө жана таасирге ээ болгондор ошол өлкөдө бийликке ээлик кылып, куфр режимдери менен башкарган өкүмдарларды кулатышып, андан соң шарттар толук табылган бир мусулманды талапкер кылып көрсөтүп, ошол өлкөдөгү ахлул-халл уал-акддан же алардын көпчүлүгүнөн ошол талапкерге Аллахтын Китебине жана Пайгамбарыбыздын ﷺ  Сүннөтүнө ылайык халифа кылып байъат кылууларын сурашат. Ушундай байъат менен Халифалык орнойт.

Демек, бул эки тема бири-бирин толуктап турат жана бири-бирине каршы келбейт.

25.02.2004
Ал-ваъй журналынын жаңы саны чыкты

––Ал-ваъй сөзү: Нетаньяхунун «Улуу израил» тууралуу билдирүүлөрү жана анын кесепеттери: Осло келишимин бузуу жана нормалдашуучулардын жүзүнө урулган сокку 3
–– Исламдагы экономикалык түзүм жана анын капиталисттик экономика менен аралашып кетүү коркунучу 20
–– Саясий түшүнүктүн негиздери жана саясий багытты аныктоо (5) 25
–– Күч-кубаттын исламий мамлекетти жарыялоо жана шариатты орнотуу фарздыгына тийгизген таасири: тоскоол болгон алсыздыктан үзүрдү жоюучу кудуретке чейин (2) 33
–– Ислам дүйнөсүндөгү кызмат көрсөтүү кризистери 46
https://burana.info/wp-content/uploads/2025/10/V470.pdf
–– Шарият көз карашындагы хизбий иш алып баруу 51
––Аалам мусулмандарынын кабарлары 65
––Куръани Карим сабагында 72
––Бейиш бактары: Абу Бакр Сыддык 77
––Соңку сөз: Коомдук келишим теориясы Исламдагы байъат түшүнүгүнө тең эмес. 80
–– Газадагы бир туугандарыбызга жана элибизге кат 82
Ал-ваъй журналынын жаңы саны чыкты
Ушул санда
––Ал-ваъй сөзү: Аллахтын мыйзамдары өзгөрбөйт жана алмашпайт ........................ 3
–– Аскерсиз басып алуу: Алты араб мамлекети өзүнүн аскердик ачкычтарын Вашингтон менен Тель-Авивге кантип тапшырды ................. 23
–– Жаңы Жакынкы Чыгыш модели: Америка гегемониясыбы же Ислам жана Халифалыкпы? Жаңы пикирий долбоорго талдоо .............. 39
–– Күч-кубаттын исламий мамлекетти жарыялоо жана шариатты орнотуу фарздыгына тийгизген таасири: тоскоол болгон алсыздыктан үзүрдү жоюучу кудуретке чейин (3) ........... 47
–– Демократия жана шура: чындык менен жасалмалык ортосунда ............................ 58
–– Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم жана анын сахабаларынын бекем позициясы .............. 63
––Аалам мусулмандарынын кабарлары ..... 67
––Куръани Карим сабагында ................... 74
––Бейиш бактары: Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلمдын ахлагы ....................................................... 82
––Соңку сөз: Америка Кошмо Штаттары чоң бөлүнүү босогосунда .............................. 87
https://burana.info/wp-content/uploads/2025/11/V471_kg.pdf
–– Исламий даъваттын табияты. ................ 88