za.sadyr.zhaparov
1.18K subscribers
11.1K photos
539 videos
2 files
120 links
Страница общенародной поддержки Садыра Нургожоевича Жапарова📈Бүткүл элдик Садыр Нургожоевич Жапаровду колдоо баракчасы📌
Официальная страница📍
Download Telegram
za.sadyr.zhaparov
Photo
Ж.Абдрахманов көчөсүндө тротуарлар жаңыланууда

05.07.23
👍13❤6
Энергетика тармагына жаңы техникалар тапшырылууда.

2023-жылы энергетиктерге 76 атайын жаңы техника тапшырылат, бүгүн 29 техниканын ачкычын тапшырып жатабыз

Акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди.

Жабдуулар, линиялар – баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президентибиз бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет.

Энергетиктерге 29 атайын жаңы техникалардын ачкычын тапшырып жатып, жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынаарын кошумчалады.

Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат деп ишенем.
👍18
225-кварталда жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

06.07.23

Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктады.

Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында шаардын муниципалдык кызматтары тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.
👍23
Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз.

Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө.

Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган.

Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.

Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат.

Бул Мамлекет башчысынын талабы.

***

Относительно задержанного Улана Жапарова сообщаем, что он действительно является родственником Главы государства.

Он подозревается в участии в коррупционных схемах, связанных с вопросами на таможне.

Узнав об этом, Президент Жапаров лично потребовал принять все законные меры в отношении подозреваемых.

Данный случай еще раз свидетельствует о том, что в борьбе с коррупцией нет избирательности.

Любой гражданин, несмотря на свои родственные или другие связи, в случае совершения преступления или правонарушения, будет привлекаться к ответственности по всей строгости закона.

Если дело связано с коррупцией, то и в обязательном порядке возмещать ущерб.

Это требование Главы государства.
👍42❤1
Президент С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарында эркиндигинен ажыратууга соттолгон эки өлкөнүн жарандарын которуу маселелери боюнча кезектеги эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

06.07.23
👍131❤13😁7🥰6🔥1
The owner of this channel has been inactive for the last 5 months. If they remain inactive for the next 28 days, they may lose their account and admin rights in this channel. The contents of the channel will remain accessible for all users.
The owner of this channel has been inactive for the last 5 months. If they remain inactive for the next 19 days, they may lose their account and admin rights in this channel. The contents of the channel will remain accessible for all users.
The owner of this channel has been inactive for the last 5 months. If they remain inactive for the next 10 days, they may lose their account and admin rights in this channel. The contents of the channel will remain accessible for all users.